“Коллаген колдонуу керек, териге табигый түс берет. Организмге пайдасы көп” деп биологиялык активдүү кошулмаларды жарнамалаган адамдар көп. Коллаген деген эмне? Адамдын организминдеги кызматы тууралуу жана аны БАК (БАД) түрүндө эмес, күнүмдүк колдонгон тамак-аштар аркылуу толтуруу жолдору менен бөлүшөбүз.
КОЛЛАГЕН БУЛ?
Коллаген – бул тутумдаштыргыч ткандардын негизин түзгөн жип сымал белок. Адамдын организминде түзүлүшү боюнча көп түрдүү белоктор бар. Коллаген болсо денебиздеги бардык белоктордун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Коллаген адатта организмге керектүү үч маанилүү аминокычкылдарды көп санда камтыйт: глицин, пролин жана гидроксипролин. Бул үчөө биригип спираль сымал буралып бир бүтүнгө айланат. Процесске витаминдер жана минералдар: С витамини, цинк, жез, марганец жана глицин жардам берет. Аларсыз белок жай синтезделет.
Грек тилинен “kolla” сөзү “клей” деген маанини түшүндүрөт. Сөздүн мааниси коллагендин түзүлүшүнө абдан шайкеш келет дешет окумуштуулар. Анткени коллаген молекулалары фибрилл деп аталган узун ичке белок жипчелерин түзөт. Алар клеткаларды бириктирип, жалпысынан денебиздеги бардык органдарды бириктирип, ткандардын, булчуңдардын чоюлуусун, ийилчээк болуусун камсыздап турат. Коллаген муундардын, сөөктөрдүн, тарамыштардын, чачтын, теринин, тырмактын, тиштердин негизги компоненттеринин бири. Мындан тышкары тамырлардын, артериялардын жана капиллярлардын керегелерин түзгөн негизги компоненттердин бири. Адамдын жашы улгайган сайын коллаген запасы да түгөнө баштайт. Натыйжада коллаген синтези жайлайт.
ОРГАНИЗМДЕ КОЛЛАГЕН АЗАЙГАНДА КАНДАЙ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАРАЛАТ?
Коллагендин азайышы – бул картаюунун алгачкы белгилеринин пайда болушу деп түшүнсөк болот.
Картаюунун алгачкы белгиси териде байкалат: тери ичкерет, шалбырайт, сезимтал болот, табигый жалтыраган өңү жоголот, бырыштар көбөйөт.
Муун оорулары пайда болот.
Булчуңдар бошойт.
Тырмактар сынма болуп, чач түшүп, сапаты начарлайт.
Кан айлануу жайлайт.
Ашказан-ичеги оорулары пайда болот, тамак сиңирүү жайлайт.
Көздүн көрүүсү начарлашы мүмкүн.
Тиште кариес пайда болуп, жөндөн-жөн сынып, сезимтал болот.
Сколиоз жана башка омуртка, сөөк оорулары пайда болушу ыктымал.
ЭМНЕ ҮЧҮН АЗАЯТ?
Коллагендин адамдын картаюусунан улам азайышы табигый процесс. Бирок картаюудан сырткары да азаюусуна таасир берген факторлор бар.
• Таттууну, айрыкча кумшекерди көп колдонуу
• Алкоголь ичүү, тамеки тартуу
• Көп убакыт күндүн нуру түз тийген жерде болуу
• Гормоналдык дисбаланс
• Уйку жетишсиздиги
• Стресс, депрессия
• Активдүүлүктүн жоктугу, аз кыймылдуулук
КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?
Азыркы учурда БАК түрүндөгү коллагендердин түрү көп: таблетка, капсула, порошок, желе, суюк. Бул кошулмаларды чыгарып, саткан компаниялар андан көп. Андыктан БАК алып ичем десеңиз, сөзсүз аны чыгарган компаниянын медициналык сертификаты, лицензиясы барбы, текшериңиз. БАК тууралуу башка колдонуучулардын пикирине көңүл буруңуз.
Маанилүү! Жогорудагы белгилер менде бар деп БАК ичүүгө шашылбаңыз, организмге эмне жетишпегенин, балким, кайсы бир оорулардан улам көйгөйлөр чыгып жатканын дарыгер айтышы керек. Коллаген – бул белок экенин жогоруда айттык. Белоктун жетишсиздиги көп көйгөй жараткан сыяктуу эле, аны ашыкча колдонуу да организмге олуттуу сокку берет. Алгач эле бөйрөк, боорго күч келет. Андыктан коллаген жетишсиз экенин дарыгер гана айта алат. Анан коллаген жетишсиз экен деген бүтүмгө келсеңиз, алгач БАК эмес, күнүмдүк колдонгон тамак-аштардан толтурганга аракет кылыңыз.
КОЛЛАГЕНДИН ПАЙДАСЫ
1. Тиштердин, сөөктөрдүн, булчуңдардын, теринин жана тутумдаштыргыч ткандардын "курулуш" компоненти болуп саналат;
2. Картаюу процессин, териде целлюлит, чоюлуу белгилеринин пайда болушун жайлатат;
3. Тырмак-чачты бекемдеп, алардын сапаттуу болуусун камсыз кылат;
4. Метоболизмди калыпка салып, салмак таштоого, булчуң массасын жогорулатууга шарт түзөт;
5. Боорду токсиндердин таасиринен коргойт;
6. Кан тамырларда кандын уюп калуусунун алдын алат;
7. Нерв системасын калыпка келтирип, уйкуну жөнгө салат жана башка.
КАРШЫ КӨРСӨТМӨЛӨР
1. БАК түрүндө коллагенге айрым адамдарда аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн.
2. Ич көбүү, көңүл айлануу, зарна болушу ыктымал.
КОЛЛАГЕНГЕ БАЙ ТАМАК-АШТАР
Эт: уй, тоок, үндүктүн эти. Коллаген айрыкча кемирчектерде, тарамыштарда жана териде көп болот.
Сөөк шорпосу: Белоктун өзүн жана көптөгөн аминокычкылдарды камтыйт. Чач жана тери үчүн табигый коллагендин бөлүнүп чыгышын шарттайт.
Балык: лосось, форель, тунец. Омега-3 май кычкылдарынын көптүгүнөн улам балык коллаген концентрациясын жогорулатууга жардам берет.
Жумуртка. Коллаген негизинен жумуртканын сарысында болот, агында да бар, бирок аз өлчөмдө. Жумуртканын курамында ошондой эле баалуу В, Е витаминдери, аминокычкылдар жана күкүрт бар.
Желатин – дээрлик таза коллаген болуп саналат. Малдын сөөктөрүн, кемирчектерин, терисин кайнатуудан алынат.
Кургатылган жемиштер жана жаңгактар (жер жаңгак, мисте жана бадам) коллагендин табигый бөлүнүп чыгышын шарттайт.
Сүт азыктары да курамында белок көп болгондуктан коллагендин бөлүнүп чыгышына өбөлгө болот.
Жашыл жалбырактуу жашылчалар коллагендин эрте азайышынын алдын алат. Айрыкча балыр, руккола, брокколи жана жашыл буурчак пайдалуу.
Цитрус жемиштери – апельсин, грейпфрут, лимон. Бул жемиштер коллагендин бир бөлүгү болгон пролинди түзүү үчүн зарыл болгон С витаминине бай жана организмди инфекциялардан да коргоп турат.
Ашкабак данеги. Курамында цинк көп. Цинк коллагендин бузулушун, азайышын жайлатат, жаракаттардын айыгышын тездетет жана теринин коргоочу касиеттерин жогорулатат.
Мөмө-жемиштер. Кулпунай, бүлдүркөн, малина – булардын бардыгында С витамининин чоң көлөмү бар, ал теринин сапатын керемет абалга келтирүүгө жардам берет. Мөмө-жемиштердин курамында андан сырткары ультрафиолет нурларынын зыяны менен күрөшүүчү эллаг кычкылы да бар.
Асыл Орозбекова