АДАМДЫ ЖҮДӨТКӨН ЖАЗГЫ АЛЛЕРГИЯ

Жаз келери менен айрымдарда өсүмдүктөр жаратчу аллергия башталат. Чүчкүрүп-бышкырып, мурун бүтүп, көздөр кызарып кычышып, айтор, адамды жүдөтөт. Аллергиянын бул түрүнүн себептери, дарылоо жолдору боюнча аллерголог Жыпара Кыдырова маалымат берет.

Тарыхта...

XIX кылымдын башында бул аллергияга жаңы орулган чөп себепчи деп саналган. Мындай пикирди 1819-жылы англиялык врач Жон Босток айтып чыккан.

• 1873-жылы англиялык врач Чарльз Блэкли мындай аллергияны өсүмдүктөрдүн чаңчалары козгой турганын илимий далилдеген.

Поллиноз деп аталат

– Поллиноз – бул адам организминин шамал аркылуу чаңдашчу мезгилдик өсүмдүктөрдүн чаңчаларына болгон аллергиялык реакциясы. Бул “жазгы аллергия” деп да аталат. Адатта, дартты шамалга кошо учкан айрым дарактардын жана чөптөрдүн чаңчалары козгойт. Чаңчалардын өлчөмү абдан кичине болгондуктан көзгө, мурунга, оозго оңой эле кирип кетет. Эл арасында теректен учкан кебез сымалдар аллергияны жаратат деген туура эмес түшүнүк бар. Алар өздөрүнө жабышып алган чаңчаларды гана алып жүрүшөт, өздөрүнүн көлөмү чоң болгонго ооз-мурунга кирип кете алышпайт.

“Чачка, кийимге, үй буюмдарына жабышышат”

– Аллергияны жаратуучу чаңчалар жайгашкан аймактарынан тышкары абанын агымы менен жүздөгөн чакырымга чейин учуп жүрө алышат. Көбүнчө асфальт, автоунаа, тиричилик буюмдары, жаныбарлардын жүнү, адамдын кийими, чачы, денесине жабышып калат. Эгер терезе же эшик ачык болсо аба менен кирип, эмерек, тамак-аш, терезе парда жана башкаларга да жабышат. Аллергияга жакын же иммунитети алсыз адамдын көзү, мурду, оозуна киргенде дарттын белгилери билине баштайт. Оору адамга кадимки жашоо образын жүргүзгөнгө тоскоол болот, абалын начарлатат. Ал тургай кээде өмүрүнө коркунуч туудурушу ыктымал. 

“Суук тийүүдөн айырмасы бар”

– Поллиноздун белгиси – жыл сайын ошол эле мезгилде кармайт. Мурун бүтүү, чүчкүрүү, көздүн кызарып, жаш агышы, шалдыроо, бат ачуулануу, үндүн кырылдашы, кургак жөтөл, теринин кычышуусу (көбүнчө кулак, мурундун) же демигүү күтүлүшү мүмкүн. Күндө кайталанган мындай абал уйкунун бузулушуна, көңүл чөгүүгө, депрессияга да жеткирет.

Поллиноздун суук тийүүдөн айырмасын билүү керек. Имаратка киргенде абалыңыз жакшыра түшсө, жаандан кийин өзүңүздү жакшы сезип калсаңыз, кечкиге караганда эртең менен өзүңүздү начар сезсеңиз, анда сизде поллиноз. 

“Өз алдынча дарыланууга болбойт”

– Жазында, жайында же күзүндө оорусу кармаганда адам аны күчөтүп албашы үчүн сөзсүз аллергологго текшерилип, дарыланышы кажет. Бул кышта аллергияга каршы жүргүзүлүүчү спецификалык дарыланууга да керек. Врачка барганга чейин бейтап антигистаминдик дары ичсе болот. Текшерүүнүн бир канча ыкмалары бар. Аллергия кайсы айда кармаганына жараша текшерүү ыкмасы, анын ичинде тест тандалып алынат.

Бейтапка врач оорунун белгилерине карап дары-дармектерди жазып берет. Мисалы, антигистаминдик дары, көзгө тамчылатма, мурунга, тамакка чачуучу каражаттар жана башка. Албетте, диета кармалат. Оору күчөп кеткен болсо демигүүнү басуучу да дары сунушталат. Мурунга кирген аллерген жуулуп кетиши үчүн дарыканаларда сатыла турган деңиздин туздуу суусунан даярдалган каражаттар менен мурунду дайым жууп туруу керек. Мүмкүнчүлүк болсо, оорусу башталган учурда климаты туура келген чет өлкөгө кетип калган да жакшы. Айрымдар врачка көрүнбөй өз алдынча дарылана беришет да, аллергиясын күчөтүп алышат. Аллергияга биринчи ирет кабылганда эле дарыланбаса оору адамды өмүр бою коштоп жүрөт.

“Алергия үстүнө аллергия кошула берет”

– Айрымдарда бул илдет жаз келгенде башталып, 2 айда өтүп кетет. Кээ бирлердики жаздан тарта күзгө чейин созулат. Дарты жыл бою кыйнай тургандар да бар. Бейтап дарыланбаса кайсы чөптөн же дарактан аллергиясы болсо башка чөп, дарактан да аллергиянын үстүнө аллергия кошуп ала берет. Мисалы, шыбактан аллергиясы болсо, бара-бара кайыңдыкы кошулушу ыктымал. Ал гана эмес, тамак-аштан, цитрус жемиштеринен же үй чаңынан жаралчу аллергияны да “бонуска” ала башташы мүмкүн. Дарыланбай коюунун коркунучу - аллергия бара-бара бронхиалдык астмага өтүп кетет. Оорусу жеңил өтүшү үчүн бейтап аллергологго кыш башталганда барып текшерилип, иммунотерапия курстарынан өтүшү керек. Тест аркылуу кайсы чөп-чар, дарактын чаңчаларына аллергиясы бар экендиги так аныкталат.

Аллергиктер эске алуучу күнүмдүк нерселер

Поллиноздон жапа чеккендер аллергиясы кармаган учурда буларды эске алышы керек:

• Чаңчалар кирбеши үчүн кеңседе, үйдө эшик-терезени ачпоо. Кечинде, шамал жок убакта ачса болот

• Жуулган кийимдерди эшикке илбөө (чаңчалар жабышат)

• Көчөдөн үйгө келгенде кийимди, чачты күбүп, анан кирүү. Кирери менен кийимди алмаштырып, душка түшүп, башты жууп, мурунду деңиздин туздуу суу каражаты менен жууп тазалашы зарыл.

• Табият коюнунда болууну, сейилдөөнү токтотуу. Жамгырдан кийин болсо уруксат

• Үй ичин бат-баттан тазалап туруу

Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн гүлдөө календары

Канымжан Усупбекова     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан