Кой
(21.03–20.04)
Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү өз билемдик менен бир нерсени баштабаңыз. Айрыкча бейтааныш чөйрөдө жана чоочун адамдардын курчоосунда. Ар бир кадамыңызды ойлонуп, жети өлчөп, бир кесип чечим чыгарсаңыз, чоң маселе жаратчу учурдан кылдат өтүп кетесиз. Жеке жашоодо сиздин жардамга, кеңешке муктаж туугандар кайрылат. Жумуштагы чарчооңузду жазган үй-бүлөңүз болот, дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен чогуу эргүү берген иштер менен алек болуп, энергия топтойсуз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Букачар жылдызындагыларга бул апта каржы жаатында ийгиликтүү болмокчу. Чоң пайда алып келчү жумушту колго аласыз, же болбосо жаңы каржы булагы ачылат. Жумушта стандарттан сырткары, креативдүү ой жүгүртсөңүз ишиңиз илгерилейт. Сиз “али кичинекей” деп ойлоп жүргөн жакыныңыз кыйын учурда колдоо көрсөтүп жагымдуу таң калтырат. Куда-сөөк тарабынан чакыруу алып, конокко баруу камылгасын көрөсүз. Сезондук аллергиядан сак болуңуз, курчуп кетүү коркунучу бар.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жашаган жериңизде өзгөрүү орун алат, балким, батир алмаштырасыз же оңдоп-түзөө иштери жүрөт, же бөлмө ичиндеги эмеректерди жылдырып орун алмаштырышыңыз мүмкүн. Жакындар арасындагы ызы-чууга арачынын ролунда катышып калышыңыз ыктымал. Билим жаатындагыларды кайсы бир илимий иш-чарага катышуу үчүн сапарга чыгуу күтүп турат. Ишембиде өзгөчө кылдат болуңуз, сүйүктүүңүз сизди сынап көргүсү келет. Ашыкча сөз сүйлөп какшыктабаганга аракет кылыңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын башында чала тааныш адамдардын компаниясында эс алгандан сак болуңуз. Биринчиден, ыңгайсыз болот. Экинчиден, кийин көпкө өкүнүп кала турган ишти жасоо коркунучу бар. Андан көрө бүт ыкласты жумушка коюп, өз ишиңиздин профессионалы экениңизди дагы бир жолу далилдеп коюңуз. Жакындарыңыздын бири сыркоолоп, аны ооруканага алып барышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү үйдө физикалык кара күч талап кылган жумуштар менен алек болосуз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жамаат ичинде өзүңүздү көрсөткөнгө убакыт келди. Көмүскөдө ойлонуп келген жаңы идеяларды бөлүшкөнгө, креативдүү болгонго аракет кылыңыз. Анан тажрыйбалуу кесиптештерден кеңеш сурап, алардын ою менен эсептешкенди да унутпаңыз. Үйдө болсо тескерисинче, активдүүлүктү бир аз ооздуктап, түгөйүңүздүн керектөөлөрүнө, маселелерине көңүл буруп, башка нерсеге алаксыбай атайын убакыт бөлгөнгө аракет кылуу керек. Дем алышты алдын ала пландабай эле туруңуз, өзгөрүп кетиши мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бийкечтерди активдүү жана энергия көп керектеле турган апта күтүп турат. Нааразы болбой иштей бериңиз, эмгегиңиз жакшы бааланып, капчыгыңызды кампайта турган сый акыга ээ болосуз. Аптанын экинчи жарымында үйүңүзгө күтүүсүз коноктор баш багышы мүмкүн, керектүү азык-түлүктөрдү толуктап коюңуз. Бойдоктордун жеке жашоосунда өзгөрүүлөр орун алат, буга чейин такыр жакпайт деген адамга романтикалык сезимдер ойгонушу күтүлөт. Үйдөгүлөр менен кайым айтышчу кырдаал жаралат, токтоо болуңуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Айрыкча кесиптик мааниден алганда бут астында туруктуу жерге, орунга ээ болгонуңузду сезесиз. Жаккан жумушта иштөө – бактылуулукка бир кадам экенин эстен чыгарбаңыз. Бул аптада ай талаада жалгыз жоокер болбой, кесиптештер менен биргеликте иш алып барсаңыз, натыйжасы жакшы болот. Финансы жаатында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт, туруктуулук сакталат. Ошентсе да ашыкча коромжу болуудан алыстап, кереги жок нерсе сатып албай туруңуз. Достордун көңүлүн алып, жолугуу уюштуруп койсоңуз ашыкча болбойт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жылдыздар чаяндарга өзгөчө аураңыз ачылат дешет. Кайсы десеңиз, сексуалдук аура экен. Андыктан түгөйсүздөр бул убакыттан сөзсүз пайдаланып калышы керек. Түгөйлүүлөр деле романтикалык мамилени бекемдөө, жаңы түс берүү аракетин көрсө жакшы. Жумушта лидерлик сапатты артка жылдыра туруңуз, убактыңыз келет. Азырынча жетекчинин айтканы менен болуп турган жакшы. Аптанын аягында суук өткөрүп алуудан сак болуңуз, бөйрөк оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Эч нерсе тынчыңызды албаса да профилактикалык негизде медициналык текшерүүдөн өтүп коюу керек. Сулуулук жаатында да өзгөрүүлөргө кадам таштасаңыз жакшы, эксперименттен коркпоңуз. Ар дүйшөмбүгө жылдырып келген спортту колго алыңыз. Аптада алыска сапарга чыгышыңыз мүмкүн, эс алууңуз ойдогудай өтүп, жакшы эмоциялар менен кайтасыз. Планга кирген да, кирбеген да сатып алуулар орун алат, санааркабаңыз, агылып чыккан акча башка булактан агып кирет.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Эмоционалдык фонго көңүл буруу керек, болбосо депрессияга кабылуу коркунучу бар. Көңүлүңүзгө туура келбеген ишти жасоодон, жагымсыз эмоция чакырган адамдардан алыс болуңуз. Иш жаатында ийгиликтүү апта болот, ойлогон ойлоруңуз жипке тизген шурудай бир калыпта бүтөт. Соода жаатында ири сатып алуулар күтөт, балким, кыймылсыз мүлккө байланыштуу. Үйдө жакындарыңыздын ийгилигине күбө болуп, чакан майрамдык кече уюштурулушу ыктымал.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Акча көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жогору, андыктан топтоп койгон акчаңыз болсо, инвестиция жасаңыз. Бойдоктор сапарга чыкса жолдон көңүлүнө туура келген адам менен таанышуусу мүмкүн. Жумушта сиз көтөргөн маселелер талкууга түшүүсү мүмкүн, оюңузду иреттеп, так жана таза сүйлөгөнгө аракет кылыңыз. Жеке жашоодо көңүлүңүз өзгөрүү, жаңылануу талап кылат. Кино, концерт, театр, айтор, күнүмдүк тиричиликтен аз убакыт болсо да алаксыңыз.
Балык
(20.02–20.03)
Илим-билим жана чыгармачылык жаатында жүргөндөргө ийгиликтүү апта болмокчу. Бүтпөйт деген иштер маселе жаратпай бүтүп кубанып каласыз. Ал эми махабат майданында түшүнбөстүктөр орун алып, түгөйүңүз менен кер-мур айтышуу күтүлөт. Каржы жаатында аз болсо да көңүл көтөрчү толуктоолор болот. Өткөн айда бүтпөй калган маселелер оң жагына чечилип көңүлүңүз жай алат. Ишембиде достор менен жолугуп, топтолгон ушактарды таратуу планы күтүп турат.