КОЙ
(21.03–20.04)
Импульсивдүү кабыл алынган чечим менен жети ойлоп, бир кескен чечимдин ортосунда тең салмактуулукту таба албай убара болосуз. Кесиптештер менен баарлашуу жаңы идеялардын булагы болот, бирок аптанын экинчи жарымында жумушка байланыштуу келишпестик чыгуу ыктымалдыгы жогору. Сизден эки тарапты тең жайгаруу үчүн адилеттүүлүк жана дипломаттык сапаттар талап кылынат. Дем алыш күндөрү бардыгын артка жылдырып, үй чарба жумуштары менен алек болосуз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Алыскы туугандарыңыз өзүнөн кабар берип үйүңүзгө баш багышы күтүлөт. Үйдө электр жабдыктарын колдонууда сак болуңуз, токко урунуу коркунучу бар. Жумушта меники туура деп өжөрлөнө бербөө керек. Антпесе душман арттырасыз. Андан көрө айлантып, кагазга ороп айтып өз оюңуздун тууралыгын жеткиргенге аракет кылыңыз. Бул аптада бир нече адамга керек болуп чыгасыз, баарына жетишем, жагам деп убара болбоңуз, баары бир таарынгандар чыгат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
“Каржылык жаздык” керек экенин унутпаңыз, кыйын учурда ошол “жаздык” оор абалдан алып чыгат, андыктан аздан болсо да акча үнөмдөңүз. Жаңы таанышып, кыска аралыкта ишенимге кирген адамдан сак болуңуз, өз кызыкчылыгына пайдаланып кетет. Аптанын ортосунда түгөйүңүздөн жагымдуу сюрприз күтсөңүз болот. Көптөн бери тынчыңызды алган оюңузду жакын досуңуз менен бөлүшүңүз, жеңилдеп каласыз. Эс алууну алдыңкы планга коюу керек.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Токтоо сезилген бөйөндөр аптада эмоциясын көзөмөлдөй албай калган абалга туш болушат. Санааркабаңыз, эмоциялар кубанычтуу көз ирмемдерден улам толкуп-ташыйт. Карьералык жаатта өзгөрүүлөр болбойт, туруктуулук сакталат. Жумуш экинчи планга чыгып, жеке жашоо, үй-бүлөнүн кызыкчылыктары алдынкы пландан орун алат. Көз коркок, кол баатыр деп артка жылдырылып келген иштерди колго аласыз. Аптада эс алуу максатында жакшы санаалаштар менен сапарга чыгууңуз күтүлөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Арстан жылдызындагыларды гармонияга толгон жагымдуу апта күтөт. Көзгө көрүнөрлүк ийгилик болбогону менен, убакыт позитивдүү маанайда өтөт. Жумуш менен жеке жашоонун ортосунда баланс таап, жан дүйнөңүз тынч алат. Күндүн жылыганына байланыштуу гардероб жаңылап, керектүү буюмдарды сатып алышыңыз мүмкүн. Бойдоктор, эгер көз алдыңызда жагымдуу сезим жараткан адам турса, ойлонбостон, уялбастан барып таанышыңыз. Бакыт кушун кармап калуу сиздин гана колдо.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Өзүңүзгө болгон тартип, жоопкерчилик гана жумушта ийгилик жаратканга шерик болот. Майдачыл болуу менен кесиптештердин нааразычылыгын жаратышыңыз мүмкүн. Айдоочулар жолдо жүрүү эрежелерин сактап, рулда эч нерсеге алаксыбай айдаңыз, майда кырсыкка кабылуу коркунучу бар. Жан шеригиңиз жакшы маанай жаратууга эргүү берет. Аптада үй-бүлөңүз менен көңүл ачууга акча үнөмдөбөй эле коюңуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул аптада орун алган таанышууларга жакшылап көңүл бурганыңыз оң. Анткени мамиле романтикалык маанайда өнүгүшү ыктымал. Шаршемби, бейшемби күндөрү мыйзамга каршы келе турган иш-аракеттерден качыңыз, юридикалык маселелерге кабылуу коркунучу бар. Бул күндөрү билим жаатындагыларда да айрым маселелер жаралышы мүмкүн. Ал эми жаратылыш коюнуна чыгууну пландап турсаңыз, жагымдуу эс алуу, позитивдүү маанай жана көп энергия топтой аласыз, алга!
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жумушта жаралган көйгөйдү көбүртүп-жабыртпай эле туруңуз, кыска аралыкта маселе чечилет. Андан көрө токтоо жана сабырдуу болсоңуз, кесиптештер арасында аброюңуз көтөрүлөт. Достор менен жолугуп, чер жаза сүйлөшөсүз. Каалоолоруңузду реалдуулукка жакындатып, капчыктагы суммага карап соода кылыңыз, эртең башка бирөөдөн карыз сурап калбагыдай болуу керек. “Экс” деген статустагы адам сүйүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк сурап келиши мүмкүн, терең ойлонуп чечим чыгарыңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын башында сиздин берешендигиңизден пайдалангандар чыгат. Жагымдуу жолугушуулар, сюрприздер орун алмакчы. Жан дүйнөңүз эркиндик, өзгөчөлүк каалап, саякаттоо үчүн мүмкүнчүлүк издейсиз. Издеген – табат. Акчага байланыштуу күмөн жараткан иштерге аралашпай туруңуз, алданып калуу коркунучу бар. Жакындарга кескин сын айтуудан алыс болуңуз, таарынтып алышыңыз мүмкүн. Дем алышка маанилүү иш пландабай туруңуз, күтүүсүз өзгөрүүлөр орун алат.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Бир нече адамдан чакыруу алып, эки күндүн биринде конокко баруу аптасы күтөт. Жумушта келечектүү жолугушуулар, келишимдер орун алат. Үй-бүлөгө, жан шеригиңизге сиздин көңүл бурууңуз жетишпей пикир келишпестик чыгышы мүмкүн. Андыктан жумуштан барганда чарчадым деп кабак түйбөй, бала каралашып, сүйлөшүп, кеңешип, бирге көңүл ачканга аракет кылыңыз. Кан басымы жогору адамдар сак болуп, ден соолугуна тыкыр көзөмөл жүргүзгөнү туура.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Шашпаңыз. Терең дем алып, учур чакта, бүгүнкү күнгө басым жасаңыз. Келечекке тынчсыздануунун кереги жок. Жумушта чыгармачылыгыңыз, креативдүүлүгүңүз жардамга келет. Жаңы жумуш издеп жүргөн суу куярларга ийгилик жылмаймакчы. Жеке жашоодо кайсы бир учурда көңүлүңүздү ооруткан адам катасын түшүнүп, кечирим сурашы мүмкүн. Сизге топтолгон адреналинди чыгаруу керек, андыктан активдүү спорт же музыка, бий бар жерде эс алууну пландаганыңыз оң.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Түгөйүңүз менен келечектүү пландарды куруп, кыялдана бериңиз, ишке ашат. Кыз-жигит мамилесиндегилердин ортосунда кызганычтын айынан чыр чыгышы мүмкүн. Жумушта айланадагылардын сөзүнө кулак салып, алган маалыматтарды иргеп, мээге топтой бериңиз, кереги тиет. Апта сизден куулукту, айлакерликти талап кылат, болбосо өзүңүздү алдап кетчүлөр болот. Дем алыш күндөрү үйдү жууп-тазалоо, чарбакты иретке келтирүү жумуштары менен өтүшү күтүлөт.