МАМИЛЕНИ БЕКЕМДЕГЕН СҮЙҮҮНҮН 5 ТИЛИ

Түгөйлөрдүн мамилесин бекемдөөгө арналган сүйүүнүн 5 тили жөнүндө концепция америкалык жазуучу, үй-бүлөлүк кеңешчи Гэри Чепмен тарабынан иштелип чыккан. Анын “Сүйүүнүн 5 тили: түгөйүңө сүйөрүңдү кантип билдирүү керек?” деген китеби 1992-жылы эле чыккан. Бирок азыркыга чейин эң көп сатылган китептердин ТОП-10дугунан түшпөй келет. Демек, анда керектүү, пайдалуу маалыматтар камтылган. Түгөйлөргө гана эмес, балдарын туура тарбиялагысы келген ата-энелерге да пайдалуу кеңештер бар. Сүйүүнүн 5 тили, анын баарын колдоносузбу же кайсы бирин элеби, же такыр колдонбойсузбу? Макалага көз жүгүртүңүз.

Сүйүүнүн 5 тили

1. Сөз

2. Убакыт

3. Жардам

4. Белек

5. Физикалык байланыш (прикосновение)

СӨЗ

Сөз, ооба, жөнөкөй сөз дагы “сүйүү тилине” кирет. Түгөйү менен күнүгө сүйлөшүү, кеңешүү, колдоо сөзүн айтуу, комплимент жасоо, сүйөрүн уялбай дайыма айтып туруу, башкалардын алдында мактоо адамдын эмоционалдык фонун көтөрүп, бакыт гормонунун иштелип чыгуусуна мыкты жардамчы болот. Мисалы, “тамагың даамдуу болуптур”, “сендей кыйын күйөөм бар экенине ыраазымын”, “чарчадыңбы, эс алып алчы”, “чай ичесиңби?”, “рахмат”, “мен сени жакшы көрөм”, “кечинде көрүшкөнчө”, “күнүң ийгиликтүү өтсүн”, “мен үчүн сенден өткөн сулуу адам жок” деген сыяктуу оңой эле сөздөрдү айтууну адатка айлантсак сонун болот. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн, бирдей оор дартка чалдыккан эки бейтаптын биринин жолдошу дайыма жанында болуп, колдоп, сүйөрүн, баары жакшы болорун айтып, эркелетип турган. Ал эми экинчи бейтаптын түгөйү анда-санда бир көрүнүп, “кечке эле ооруй бересиң. Сени дарылайм деп иштеп жүрөм, ойногон жерим жок!” деп орой сүйлөчү. Жыйынтыгында бирдей принцип менен дарыланган бейтаптардын биринчиси бат бутуна туруп, айыгып кеткен да, экинчиси узакка дарыланган. Сүйүүгө сугарылган сөздүн күчү канчалык таасир берерин унутпайлы.

УБАКЫТ

Бир үйдө жашап, бирок бири-бири менен сүйлөшпөгөн, бирге убакыт өткөрбөгөн үй-бүлөлөр да бар. Карасаң, чогуу бир столдо тамактанып отурушат, фондо сыналгы коюлган, колдо телефон. Бирин-экин сөздөр айтылат, тамак ичкенден кийин болду туруп кетмей, ар ким өз оокатын кылып жүрө берет. Түгөйлөр үчүн мындай көрүнүш чоң кемчилик болуп саналат. Эгер ортодогу сүйүүнү сактайм, бекемдейм же сүйүүсүнө арзыйм дегендер болсо, убакытты туура пайдаланыңыз. “Ага убакыт жок, кийин. Ага кайдагы акча, кийин. Азыр бошобой жатам, анан...” Мындай сөздөрдүн баары сүйүүнү артка кетенчиктете турган сөздөр. Жумуш же башка нерсе эмес, биринчи кезекте үй-бүлөңүз, сүйүктүүңүз алдынкы орунда турарын эстен чыгарбаңыз. Атайын түгөйүнө арнап убакыт бөлүү керек, бул учурда бардык жумушту, маселени артка жылдырып, башка эч нерсени ойлонбой аялыңызга (же күйөөңүзгө) караңыз. Ага эмне жагып же эмне жакпай жатканын, кайсы учурда маанайы алмашарын, эмне көйгөйү бар экенин көзмө-көз байланыш бар учурда гана байкайсыз. Сүйлөшүү, сырдашуу, тамашалашуу, унчукпай жөн гана кучакташып отуруу, бирге сейилдөө, бирге бир нерсе жасоо – мунун баары үй-бүлөдө камкордук, коопсуздук, сүйүү сезими бар экенин билдирет. Адам өзүн өз ордунда экенин сезет.

ЖАРДАМ

Сүйүүнүн дагы бир маанилүү тили – жардам берүү. Аялынын колунан айттырбай барып оор баштыкты ала коюу, күйөөсүнө майда-чүйдө жабдыктарды алып келип берүү, бири бошобой жатса экинчиси тамак жасоо, балдарды кароо, үй жыйноо, айтор, күнүмдүк тиричиликте жасалчу жумуштарды милдет кылбай аткара берүү үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдейт. Ал эми “сен аялсыңбы, демек, балдарды тарбиялоо, тамак жасоо, кир жууп, үй жыйноо сенин милдетиң!” деп, же болбосо “сен эркексиңби, акча тап. Мен эмнеге малга чөп салышым керек, качан бошосоң ошондо тейле” деп аял-эркекке бөлүнүү, бири-бирине милдет артуу ортодогу мамилеге жарака кетирет. Жардам берүүдө сырткы факторлор, айрыкча үй-бүлөгө тиешеси жок адамдардын таасири да чоң. “Жардам берсем уят, эл эмне дейт?” деген сөздөргө маани бербеңиз. Өзүңүз сүйүп, чогуу көпкө бактылуу жашасак экен деген адамга эмнеге жардам бербейм деп ойлонуңуз. 

БЕЛЕК

Кээ бир адамдар сүйүүсүн белек берүү менен да билдирет. Андыктан белек берүү – сүйүү тилинде маанилүү роль ойнойт. Түгөйүнө белгилүү даталарда же жөн күндөрү деле белек, гүл, сюрприз тартуулаган адамдар бар. Белектин баасы, көлөмү, колго жасалганбы, мааниси жок – негизгиси, чын көңүлдөн берилсин. Атайын түгөйүнүн көңүлүн бурдуруу, аны кубантуу үчүн жасалып жатканы маанилүү. А сиздин үй-бүлөдө сүйүүнүн белек берүү тили колдонулабы, окурман? 

ФИЗИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ

Кээ бир адамдарга түгөйү тарабынан тактилдик байланыш жагат. Ушул жол менен ал өзүн түгөйү сүйөрүн сезип турат. Кучакташуу, колунан кармоо, жетелешүү, колтукташуу сыяктуу байланыш романтикалык мамиленин башында гана эмес, өмүр бою сакталышы керек. Тактилдик байланыш сакталган түгөйлөрдүн мамилеси эч качан “эскирбейт”, жаңы таанышкандай эле түркүн түскө боёлуп турат.

АТА-ЭНЕНИН СҮЙҮҮСҮ БАЛАГА КАНДАЙ ТААСИР БЕРЕТ?

Баланын социалдык, эмоционалдык өнүгүүсү туура багытта кетиши үчүн анын өзүн-өзү тарбиялоо “идишин” сүйүүгө толтуруп туруу керек. Айрым ата-эне баланы багуу – бул убагында курсагын тойгузуу, кийинтүү, окутуу, ооруса дарылоо деп түшүнүшөт. Бирок аталгандардын баары экинчи пландагы нерселер. Баланын тарбиясында, анын өнүгүүсүндө башкы ролдо сүйүү турушу керек. Анын үй-бүлөдө канчалык орду чоң экенин, күтүлгөн, сүйүлгөн бала экенин сезүүсү керек. Жогоруда айтылган сүйүү тилдерин балага да колдонуу зарыл: сөз, убакыт, жардам, белек, физикалык байланыш. Андан сырткары бала укканын эмес, көргөнүн тез өздөштүрөт. Үй-бүлө, аял-күйөө кандай болорун да ата-энесинин мисалында кабыл алат. Атасынын апасына, апасынын атасына болгон мамилесин карап аң-сезиминде “аа, ушундай болуш керек экен” деген механизм иштелип чыгат. Андыктан түгөйүңүз менен мамилеңизде жогорудагы “сүйүү тилдерин” колдонуңуз. Байкасаңыз, оорчулугу деле жок.

 

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан