Улуттук уңгу бир силкингендей, дастанчы, манасчы, төкмөлөр кайрадан сахнаны дүңгүрөтүп жатышат. Айтайын дегеним – бул өнөрлөр анча бааланбай калган учурлар дагы болгон. Айтылуу төкмө акын Тууганбай Абдиев “азыркы 7 төкмө өлсө, эртеңибиз эмне болот?” деп кооптонуп жер-жерлерден шакирт издегени айтылып жүрөт. Белгилүү дастанчы, ырчы Өмүрзак Кайыпов агабыз бул жолу бизде апта каарманы.
– Кутман күн, Өмүрзак ага! Учурда хит болуп жаткан “Раймаалы менен Бегимай” этномюзиклинде башкы ролду ойноп жатасыз, кепти ушундан баштасак...
– Кутман күн! Аталган чыгарма бүгүн эле чыга калган жок, даярдык эки-үч жыл мурун башталган. Режиссёру Умар Кадыров “Раймаалы менен Бегимайдын окуясын коёюн деген оюм бар, элге жагышы үчүн кандай жаңы кадамдарга барсак болот?” деп кеңешкенинен “долбоордун сценарийин төкмө акын Аалы Туткучев жазса жакшы болот” деген оюмду айткам. Айткандай болду, элге жакканы үчүн кайра-кайра коюлуп жатат да. Чынында, күчтүү команда топтолуп, чоң мээнет жумшалганы үчүн долбоор резонанс жарата алды деп ойлойм. 130 улуу өнөрпоз камтылган долбоор бул.
Мен кантип Раймаалынын ролун алып калдым? Мурун “Махабат дастаны” фильминдеги Эстебес Турсуналиев атабыздын ырларын ырдап жүрчү элем. Мага түз эле “сиз ойнойсуз” деп айтылган жок. Раймаалынын ролу үчүн кастинг өттү, сунуш түштү, катыштым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин “Раймаалы сиз болдуңуз?” дешти. Макул болдум, анткени сценарий абдан жаккан эле. Айта кете турган нерсе, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы “Махабат дастаны” тууралуу окуядан же Дооронбек Садырбаевдин “Махабат дастаны” фильминен бул долбоордо бир да сөз колдонулган жок. Либреттону жаңы ой, жаңы багыт менен Аалы Туткучев майын чыгара иштеп чыкты. Роль жаратуу оңой болгон жок, колдон келишинче аракет кылдык. Калганына эл – тараза, эл – сынчы...
– Раймаалы менен Бегимайдын махабаты... Сиз ушул улуу сезим тууралуу эмне дейт элеңиз?
– Чыңгыз Айтматовдун залкарлыгы ушунда – ал биз көргөн нерсенин башка тарабын көрө алган. Кадимки көрүүчү улгайган адамдын жаш кызга болгон сүйүүсүн эле көрүп жатат да. А бул жерде андан да бийик нерсе бар. Катардагы эле бир сезим эмес, жан дүйнөнүн эркиндиги, өнөрдүн улуулугу. Сүйүүдөгү эркиндик – бир ченемге сыйбайт. Улгайган адам жаш бийкечке ашык болуп, анысын жашырбай элге даршан кылганынын өзү чоң эркиндик. Ал үчүн өлүмдөн кайра тартпай, отко күйүп кеткенинде сүйүүнүн түбөлүктүүлүгү жатат. Бегимай болсо Раймаалы атабызды көрө электе эле, анын чыгармалары аркылуу ашык болуп калып жатпайбы. Ал өнөргө болгон сүйүү, кенедей кезинен ошол ырлардын маанисин түшүнүп аңдаган. Аны менен тең курбуларынын ою, дүйнө таанымы башка, ал эми Бегимай таптакыр башкача ойлонгон кыз. Жашы кичине болгону менен, көкүрөгү ойгоо, өнөрлүү, жаш аялзатынын жан дүйнөсү жашайт анда. “Күүгүмдө күн чыгарып, ата сакалы ээгиме бүткөндө сүйүү менен оорутканы эмнеси?” деген суроо берип жатат чыгармада. Демек, ал “рамкадан” чыгышы керек болгон, тандоосунда эркин болушу керек эле. Адам сүйүүдөбү, өнөрдөбү, кадимки жай турмуштабы, эркин болушу керек.
– Акыркы жылдары эстрада ырчылары да фольклорго ыктап, алардын жандуу үн менен ырдаганын угармандар да жакшы кабыл алып жатканы байкалат...
– Көп жылдан бери баамдап келем, жандуу үн менен коюлган концерттер 5-6 жыл мурун жокко эсе болчу, баары фонограммада эле. Ырчы 2-3 ырды жандуу ырдап койсо жаңылык болуп, көрүүчүлөр укмуш кол чаап калышчу. Мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтовдун бир чоң иши – концертте жандуу үндө ырдоону мыйзамдаштырып кетти. Азыр Улуттук филармонияда бардык концерттер жандуу үн менен өтөт. Ал эми “Раймаалы менен Бегимай” долбоорунда баары жандуу үн менен аткарылды, “Камбаркан” тобу коштойт.
– Улуттук өнөргө кызыгуунун өсүшү кыргыздын түпкүлүгүнө кайтууга бет алганынын белгисиби?
– Сиз жакшы сөз айттыңыз, түпкүлүккө кайтуу... Бул чоң баалуулук. Кылымдан кылымга өтүп келе жаткан, бапталып, капталып, жан дүйнөгө сиңип калган нерсени түпкүлүк дейбиз. Адам табиятынан жаңы нерсени издегиси келет, бирок ошол тапталып калган түпкүлүк качандыр бир кезде баары бир өзүнө чакырат. Азыр дүйнө эли түпкүлүгүнө качып, ошол жактан бир нерселерди издеп жатат. Көбү таппай шору кайнап жаткан маал. Биз ата-бабаларга таазим кылышыбыз керек, укмуштай дөөлөт таштап, анын сакталып калышына мээнет кылышкан. Менде түпкүлүккө кайтабыз деген үмүт да, ишеним да жашайт.
– Сиздин устатыңыз ким?
– Аскер кызматынан келип эле дастанчылык боюнча жогорку билим алууга бел байлагам. Ал кезде фольклор жана салттуу музыка боюнча кафедра жаңы ачылган эле, алгачкы студенттердин бири менмин. Бактым тоодой экен, Замирбек Үсөнбаевдин шакирти болдум. Бул киши азыркы замандын залкары, көп өнөрпоздорду өнөрдүн секисине чыгарды. Мага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам берилгенде устатыма “Манас” ордени берилди. Устатым “мени менен чогуу 10-15 окуучум наам алды, бекер мээнет кылбаптырмын” деп абдан сүйүндү. Өнөрдү эле эмес, адамгерчиликти да үйрөткөн, өнөр жолуна салган бул инсанга терең ыраазычылык билдирем.
– Чыгармачылык жолуңуз жеңил болдубу же татаалбы?
– Инсандык тагдыр болсун, чыгармачылык жол болсун, кыйынчылыксыз ийгилик болбойт. Студенттик кезим Союз кулап жаткан учурга туш келди. Кыйын кез эле, нанды дүкөндөн талон менен алган мезгил... “Дастан айтам” деп бүтүндөй бир китепти жаттаган учурларым болгон. Анткени бир дастан 1-2 саат айтылат эмеспи. Анда ЖМКлар бизди такыр кабыл албаган учур эле, мен курдуу өнөрпоздор менен радиого, телеге барсам “Эмне чыгарма аткарасың?” деп сурашат. “Олжобай менен Кишимжанды” же “Курманбекти” дейм. “Эй, эми аны жөн эле койчу, же 1-2 мүнөт эле ырдап берсең болобу?” дешсе башымдан ылдый муздак суу куюп жибергенсип туруп калар элем. Же жаакка бир чапкандай сезим болчу. Ошондой сыноого жана мезгилге жеңилип бербегениме азыр ыраазымын. “Бул өнөр бааланбайт турбайбы” деп артка кайткан жокмун, көгөрүп иштей бердим. Андайда устатым гана стимул берчү. Ошентип отуруп дастанчы катары элге тааныла алдым.
– Мүнөзүңүз кандай?
– “Ушундай иш кылып кыйраттым же кыйратып жатам” деп айтуу кыйын мага, мүнөзүм ушундай. Жүрөгүмдөн түнөк тапкан нерселер качандыр бир кезде элге да жагат деп ойлойм. Чыгармачылыкта жеке кызыкчылык үчүн жүрбөйм, жан дүйнөмө жаккан гана ишти кылам. Аны да интернетке жарыялап “ушуга бел байладым, ушуну кылайын деп жатам же кылдым” деп айта албайм.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Чоң үй-бүлөдө чоңойдум. Раматылык ата-энем жарык дүйнөгө 13 перзент алып келиптир, эң кичүүсү менмин. Мен түптөгөн үй-бүлөдө бир кыз, бир келинчегим бар. Бактылуумун.
– Маегиңизге рахмат, бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева