Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Балдардын мектептен келишин күтүп жатышты. Ушул сааттар Али менен Элес үчүн абдан кыйын учур эле. Али бирде убакыт тез өтүп, балдардын үйгө эртерээк кирип келишин кааласа, бирде убакыттын узара түшүшүн тилеп, өздөрүн даярдап алгыча балдар келбей турушса деп жатты. Чындыкты айтуу кыйын болорун сезип турду. Элес болсо телмирип терезеден көзүн албайт. Ал дагы өзүн болушунча кармап жатат болуш керек. Денесин түз кармап, адатынча койкоюп турганы менен, ичинде кандай буркан-шаркан, куюн болуп жатканы Алиге маалым эле. Бермет болсо акылын топтой албай жатты. Кантип айтат? Эмне деп айтат? Айткан соң балдарынын көзүнө кантип карайт? Акыйкат айтылды дейли, андан кийин эмне болот? Экөөнүн тең жүрөгүнө чоң жара ачылып, өмүр бою адамдарга ишеничин жоготуп салышса кандай болот? Көл-шал түшүргөн ойлор... Үчөө үч жерде селейип, ар кимиси өз ою менен алек. Бир кезде эшик кыйч эте, Айсулуу менен Ариет биринин аркасынан экинчиси ээрчий кирип келди.

– Ассалом алейкум...

Ариет Алини тааный коюп салам айтты. Айсулуу эч нерсени түшүнбөй карап калды. Элес буттарынан ал кете эки баланы алмак-салмак тиктеди. Бир мүнөт бир кылымга тете болуп жатты Али үчүн.

– Апа, коноктор келиштиби?

Айсулуу өңүнөн кетип, шалдайып турган Берметке карады. Апасы эмне дээрин билбейт. Али өзүн колго алды. Тамагын кырынып алып эки балага кайрылды.

– Балдар, силер менен сүйлөшө турган сөздөр бар. Алгач жакын келгилечи.

Рюкзактарын чечип, бут кийимдерин ордуларына коюп экөө тең жакын келип Али менен Элести карап калышты. Көздөр... Эч өзгөрбөгөн көздөр. Элес эки баласынын көздөрүн тиктеди, дал мурункудай эле экен... Бири Алинин, бири өзүнүн көзүнө окшогон көздөр аны тиктеп турду. Өзүн токтото албай, буркурап эки баланы кучактай калды. Алар эмне болуп кеткенин түшүнбөй жатышты. Бул бою узун, журналдын башкы бетиндеги айымдардай болгон сулуу аял ким? Эмнеге апасы күнөөлүүдөй башын шылкыйтып алардын көзүнө тик карабай жатат? Али Акай эмнеге көздөрүн улам сүртүп жатат? Деги кимдер булар?

– Сиз кимсиз?

Айсулуу Элести өзүнөн алыстата берип суроолуу тигилди.

– Мен... биз... неме...

Элес эч нерсе айта албай буркурап ыйлай берди. Алиге “бир нерсе айтсаңчы” дегенсип карайт. Ал дагы кепти эмнеден башташты билбей турду. Эчен кыйынчылыкты көргөн ал мындай сыноого даяр эмес эле. Бирок өзүн колго алышы керек. Көз жашын сүртүп балдарга “отургулачы” дегендей ишарат кылды. Бири-бирин таңыркай тиктеген экөө диванга отурушту. Али Акай сумкасынан сүрөттөр салынган альбомду алып чыкты.

– Бул сүрөттөгү кимдер, карагылачы...

Сүрөттөн кичине кезиндеги өздөрүн таанышты балдар.

– Биз.

– Ал эми булар кимдер?

Ошол эле сүрөттүн Элес менен Али да бар вариантын балдарынын колуна берди.

– Билбейм,- деди Айсулуу ийинин куушуруп.

– Сүрөттөгү силер болсоңор, силер менен түшкөн адамдар силердин өз ата-энеңер. Мен жана апаңар...

Али атайлап өзүн кармап, жай сүйлөдү. Бирок айтып жатканын балдар дароо түшүнүшкөн жок.

– Өз ата-энеңер? Ал кандайча?- деди Ариет.

– Силерди көп жыл мурун бирөөлөр бизден уурдап кетишкен. Силер кичине элеңер, эсиңерде жок, силерди уурдаган адам... Балдар, кыскасы, силердин ата-энеңер бизбиз!

– Жомок го бул...- Ариет күлкүсү келе аны тиктеп калды. Ал башын чайкай берди. Мүмкүн эмес! Апасына карады.

– Апа, эмне деп жатышат булар?

Бул учурда Берметтин көз жашы бетин жууп жаткан. Башын көтөрдү да Ариетке аргасыз башын ийкеди. Сөз менен бир нерсе деп айта албады.

– Апа, эмне деп жатышат булар? Буларды эмнеге үйгө киргизип алдыңар?

Ариет ордунан тура эшикти ача берди.

– Мени куткарганыңыз үчүн апама шантаж жасап жатасыз, менимче. Андай жакшылыктын кереги жок болчу мага... Кетиңиз, мен да сизди жакшы адам экен деп ойлоптурмун. Апамдын майыптыгынан пайдаланып жатасыз.

– Ариет, сен...

– Кетиңиз!

Элес кыйкырып жиберди Берметке.

– Эмне отурасың? Чындыкты балдарга жашырбай айтып берем дегенсиң. Айт, кантип балдарды бизден ажыратканыңарды... Мен бул жерден балдарымсыз эч бир жакка жылбайм.

Элес өзүн жогото Берметти жулкулдатып кирди. Али аны токтотуп жатып Айсулууга көзү түштү. Дивандан шыпырылып түшүп, чөгөлөп отурган боюнча башын кучактап бир жагына ооп баратыптыр.

– Кызым?!

Айсулуу башын жерге ургулай берди. Мына, түшүндө көп жолу көргөн адам. Бул ким деп өзүнөн да, өзгөдөн да сурай албаган, бирок түшүнөн такыр кетпеген адам... Үзүл-кесил элестер көз алдына тартыла баштады. Аны катуу кармаган колдор, белгисиз коркунучтуу жай, караңгы түн...

– Кызым!

Айсулуу жанына жетип барганда Али Акайды так жанынан көрдү. Жыгылып кеткенде атасы дал ушинтип жетип келип жерден көтөрүп алчу эчен жыл мурунку элеси көз алдына жарк эте түштү.

– Ата! Ата!

Көмөкөйү ката түшкөн кыздын оозунан эмес, жүрөгүнөн атылып чыкты бул сөздөр. “Ата” деп күбүрөп кайрадан башын мыкчый берди. Эч качан бирикпеген пазл эми бириккендей эле. Жадында жарк эткен “ата” деген кишини акылы эмес, жүрөгү эстеп калган экен. Али Акай кызын кучактай берди.

– Кызым? Эстедиңби? Мени эстедиңби? Мени...

“Ооба” дегендей башын ийкеди кыз. Болуп жаткан окуяга башы жетпей селейди Ариеттин. Бермет да кызына боору ооруй тиктеди. Эс тартканы эле кандайдыр бир түш дайым кире турганын айтчу. Бир жолу минткен:

– Апа, бир адам түшүмө кирет. “Кызым, кайдасың?” деп мени издейт. Тумандын арасында жүргөндөй болом. “Ата, мен мындамын, бери кел” десем, мага жакындап келатып эле кайра жоголуп кетет.

– Качан кирди?

– Дайыма кирет. Бир эле окуя кайталана берет.

– Атаңбы?

– Жок, башка. Түшүмдөгү башка киши, бирок мен ага “ата” дейм. Ал мени издей берет. Бул ким болушу мүмкүн, апа?

– Түшкө эмнелер гана кирбейт, каралдым. Молдого алып барып дем салдырайын, өтүп кетер...

Көзүн ала качкан апасы дайыма ушинтчү. Молдого алып барчу. Бирок андай түшү эч качан токтогон жок. Түшүндө көргөн ошол киши азыр маңдайында турат. Өңү же түшү экенин билбей кыз эңги-деңги. Бирок Алинин кучагынан бошонгусу келбеген бир сезим бар эле...

– Эмне болуп жатат? Апа, бир нерсе дечи,- деди Ариет.

– Чындык, балам, силердин чыныгы ата-энеңер ушул адамдар.

– Сен?

– Мен куруюн, силерди отко саларымды билип туруп ушул жол менен кеттим. Акылымды эмес, жүрөгүмдү уктум. Мен болгону силердин баккан апаңармын, балам.

Башын чайкай берди Ариет. Такыр ишенгиси келбеди. Булар акчалуу немелер, чоң кызматта байланыштары бар болгон үчүн апасынын алсыздыгынан пайдаланып жатышат деп ойлоду. Бир нерсе деп айтайын деп келе жатып Айсулуу менен Али Акайдын кучакташып турганын байкады. Алардын ыйлаган жүзүнө көзү түштү. Окшош болчу. Ал тургай ыйлап жаткандагы жүзүндөгү чийиндерден бери окшош экенин байкады. Шалдая түштү. Эмне дээрин билбей калды. Теңселип барып бир нерсеге чалынып күп эте отуруп калды. Жанына келген Элести тиктеди, чоочун аял болчу. Жыты, көз карашы, колдору башкача эле. Кучактаганы жаткан аялды түртүп салгысы келди, бирок түртө албады, колу көтөрүлбөй койду. Абдан чарчагандай сезди өзүн... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан