Пластик бөтөлкөнү ким ойлоп тапкан?

Учурда түркүн түстүү, ар кандай көлөмдөгү, өлчөмдөгү желим бөтөлкөлөр бар. Эң алгач аны ким ойлоп тапкан деп суроо берип көрдүңүз беле? Күнүмдүк тиричиликтин ажырагыс бөлүгүнө айланган бөтөлкөнүн кызыктуу жаралуу тарыхы бар. Желимден жасалган алгачкы буюмдар англиялык окумуштуу Александр Паркс тарабынан 1862-жылы эле чыга баштаган, бирок андан тиричиликке керектүү буюм жасоо оор эле. 1907-жылы бельгиялык химик Лео Бекеланд “бакелит” деп аталган затты иштеп чыккан. Бул химия илиминде алынган биринчи синтетикалык пластик эле. Аны ысытуу менен түрдүү форма берүүгө мүмкүн болгон.

Пластмассанын колдонууга ыңгайлуулугу, ийкемдүүлүгү аны өндүрүштө көптөгөн тармактарда негизги компонентке айлантты. Бирок ошондо да айрым чектөөлөрдөн жана татаал процесстерден улам пластиктен суу бөтөлкөлөрүн жасоо мүмкүн болгон эмес.

1940-жылы пластиктин полиэтилентерефталат деп аталган жаңы түрү иштелип чыккан. Муну менен суюуктук куяла турган бөтөлкөлөрдү өндүрүүгө мүмкүн эле.  Бирок биз билген желим бөтөлкөлөр 1970-жылдары гана америкалык ойлоп табуучу Натаниэль Уайет тарабынан чыгарылган. Ал 1973-жылы желим бөтөлкөнүн жасалуу процессин патенттеген. Андан кийин сапатка, чыдамдуулукка жана башка критерийлерге сыноолор жүрүп отуруп, 1-бөтөлкө өндүрүштөн 1977-жылы гана чыккан. Бөтөлкөнү чыгарган алгачкы компания  ”Amoco Containers” деп аталат.

Статистика боюнча, дүйнө жүзү боюнча секундасына 20 миң бөтөлкө өндүрүштөн чыгат, мүнөтүнө 1 миллион желим бөтөлкө сатылат. 10 миллион тоннага жакын желим бөтөлкө таштандылары океан, көл, деңизге ташталып, майда жана ири суу жандыктарынын өлүмүнө алып келет. Ал эми жерге таштанды катары ташталгандары көптөгөн жылдар бою чирип жок болбой  жаратылышка зыян келтирип жата берет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан