Француз таттууларынын ичинен профитроли 3-4 жылдан берки аралыкта кыргыз дасторконунан, кыргыз дүкөндөрүнөн жогорку орундарга чыга алды. Заварное, эклер деп да аталган бул таттуу кайнатылган камырдан, кайнатылган кремден жасалганы үчүн даамы өзгөчө. Азыр даяр сатып алган түрлөрүндө ичин жумуртканын агынан жасалган крем менен эле толтуруп коюуда. Профитролинин чыныгы даамын сезгиңиз келсе, ашпоз Канимет Жеңишов сунуштаган бул таттууну өз колуңуз менен жасап көрүңүз. Ммм, назик даам сизди кайдыгер калтырбайт.
Сырткы кракелинге керектелүүчү азыктар:
Каймак май – 60 грамм
Кумшекер – 75 грамм
Ун – 75 грамм
Тамак-аш боёгу – 1-2 тамчы
Кракелин даярдоо:
1. Алгач профитролинин үстүндө кытырак даам, түс берген бөлүгүн – кракелинди даярдайбыз. Каймак майга ун, кумшекерди кошуп камыр жууруйбуз. Тамак-аш боёгунан 1-2 тамчы кошуп бир түскө келтиребиз. Боёкту кошпой да коюуга болот, боёк кооздук үчүн кошулат.
2. Камырды тегеректеп унга оонатып жиберип, пергамент кагазына 0,5 миллиметр калыңдыкта жаябыз.
3. Профитролибиз кандай көлөмдө болсо, ошондой тегеректерди калыптын жардамы менен кесип чыгабыз да, тоңдургучка жарым саатка салабыз. Кракелин даяр!
Камыры үчүн керектелүүчү азыктар:
Суу – 125 миллиграмм
Сүт – 125 миллиграмм
Каймак май – 100 грамм
Ун – 150 грамм
Жумуртка – 5 даана
Туз – 1-2 чымчым
Кумшекер – 1/4 чай кашык
Камырын даярдоо:
1. Сүттү, сууну, каймак май жана туз менен кумшекерди мискейге салып отко коёбуз. Каймак май эригенде отту жайлатып, эленген унду үстүнө салып аралаштырабыз. Аралаштыра берсек ашыкча нымдуулук бууланып чыгып кетет да, мискейдин түбүнө ак катмар пайда болгондо оттон чыгарабыз. Муздатабыз.
2. Ага чейин 5 жумуртканы чалабыз. Муздаган камырга аз-аздан кошуп аралаштырабыз.
3. Бул убакта электр мешин иштетип, 250 градуска коюп коюу кажет.
4. Камырды кондитер мүшөгүнө, ал болбосо целлофан баштыкка салып, учун кесебиз.
5. Пергамент кагазы төшөлгөн табага диаметри 5 сантиметр болгон тегеректерди сыгып чыгуу керек. Мындан чоңураак же кичирээк кылсаңыз да болот.
6. Үстүнө тоңдургучтагы кракелиндерди коюп, 250 градус ысып турган электр мешине салып, 170 градуска азайтабыз. Бул температурада 40-50 мүнөттө бышат.
Креми үчүн:
Сүт (3,2%) – 500 миллилитр
Жүгөрү крахмалы – 20 грамм
Ун – 20 грамм
Кумшекер – 130 грамм
Жумуртка – 3 даана
Коюу сүт (сливки 33%) – 230 грамм
Кумшекер упасы – 200 грамм
Кайнатма кремин даярдоо:
1. Сүттү мискейге куюп, орточо отко коёбуз.
2. Ага чейин башка идишке жумуртка, кумшекер, крахмал жана унду кошуп бир массага келгиче аралаштырабыз.
3. Сүттөн буу чыгып баштаган кезде оттон алып, жумуртка аралашмасынын үстүнө аз-аздан куюп, бат-баттан чалуу керек.
4. Бул массаны кайра мискейге куюп, жай отко коюп аралаштыра беребиз. Крем коюуланып, көбүкчө чыгып калганда чыгарабыз. Үстүн целлофан баштык менен аба кирбегидей жаап муздаткычка коё турабыз.
5. Муздак коюу сүттү (сливки 33%) миксер менен алгач жай, андан кийин катуу режимге коюп чалып коюулатабыз.
6. Муздаган кайнаган кремди муздаткычтан алып чыгып, бир сыйра чалып, коюу сүт кремин кошуп бириктирип чалабыз.
7. Муздаган профитролинин капталынан бир аз тешип, же капталынан теңинен өткөрө кесип, кремден ичине сыгып чыгабыз. Жумшак десерт даяр!
Асел Ишенбай кызы