ЭКЗЕМА ЖУКПАЙТ, БИРОК КЫЧЫШТЫРЫП КЫЙНАЙТ

“Тери оорулары менен бизге кайрылгандардын 40 пайызга жакыны экземадан жабыр тарткандар. Оорунун белгилери билингенде дароо дарыланбаса, өнөкөт түргө өтүп, айыктырууга болбой калат”, - дейт Республикалык тери-венерологиялык борборунун дарыгери, саламаттыкты сактоонуну мыктысы Гүлкайыр Рысалиева.

Дененин жылмакай жерлерине чыгат

“Экзема” грекчеден которгондо “кайноо” дегенди билдирет. Экземада кызарып, кычыштырган, ичинде суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Ошол ыйлаакчалардын көрүнүшү кайнап жаткан суудагы газ көбүкчөлөрүнө окшоп кеткендиктен экзема деп аталган. Илгери дарт “нымдуу чакалай” деп аталып жүргөн. Экземанын жалпы 13 түрү бар, алардын ичинен 7 түрү көп кездешет. Бардык түрүндө эртерээк дарылап айыктырбаса, өнөкөт түргө өтүп кетет. Тагыраак айтканда, курч кармаган убактысы 6 айга чейин, андан ары айыкпаса өнөкөткө айланат. Экземанын псориаздан айырмасы – дененин жылмакай жерлерине, мисалы, көкүрөк, кол, бут, далы, сан, курсак, жамбашка чыга турганында. Псориаз теринин бүгүштөрүндө (чат, тизе, чыканак, алакан, таман жана башка) көбүрөөк кездешет. 

Дарттын белгиси – кычыштырган ыйлаакчалар

Экземанын бардык түрүнө төмөнкү белгилер тийиштүү:

• Теринин сезгенген жерлеринде кызарып, кычыштырган, ичинде суюктук толгон майда ыйлаакчалардын пайда болушу. Алар жыш чыгып кеткенде бири-бирине кошулуп, ээлеген аянты чоңоёт

• Ыйлаакчалар жарылып, тери нымдашат. Кургаганда бети кабырчыктанып, шуудуроого өтөт. Башкача айтканда, тери калыңдап, катмарланат. Тери катмарланганда жарылып баштайт

• Кычышуу бирде басаңдап, бирде күчөп адамды түйшүккө салат, уйкуну бузат, ачуулантат

• Оору курч кармаганда дене табы көтөрүлөт

• Шалдыроо, өзүн жакшы сезбөө

Дартты стресс, химиялык жуучу каражаттар жаратат

Дартты жаратуучу факторлор булар:

• Тукум куучулук

• Организмдин аллергияга жакындыгы, ошондой эле адамдагы аллергиялык оору

• Иммундук системдин иштешинин бузулушу, иммунитеттин кескин начарлашы

• Стресс

• Нерв жана ички без оорулары

• Кургак ысык аба ырайы. Климаты нымдуу өлкөлөрдө экзема аз кездешет

• Ашказан, ичеги, боор оорулары, күйүк, сапатсыз косметика

• Химиялык жуучу каражаттар, химиялык жер семирткичтер менен көп байланышта болуу 

Чыныгы экзема

Дарттын көп кездешчү түрлөрүнө токтолобуз. Чыныгы экзема көбүнчө кесипке байланыштуу жаралат жана 17 жаштан жогоркуларда жолугат. Мисалы, химиялык жер семирткич, аки таш саткандарда, идиш жуучу химиялык каражаттарды көп колдонгону үчүн ашпоздордо, пол жууп иштеген аялдарда жана хирургдарда. Хирургдар дайыма ичи тальк медициналык кол каптарды кийгендиги үчүн экземага көп кабылышат. Адатта, оорунун бул түрү бетте, колдо башталып, анан денеге тарап кетет. Колдо жана тамандагылары чорго айланып, жарылып баштайт.

Микробдуу экзема

Бул чийилген-тытылган жерлерде, жаранын ордунда калган тешикчеде, чыныгы экземага микробдор аралашып кеткенде пайда болот. Аталган жерлерге микробдор кирип кетип, дарт жаралат. Бул түрү тегерек тартып тургандыктан тыйын сымал көрүнүштөгү экзема деп да аталат. 

Микотикалык экзема

Мунун келип чыгышына себепкер – грибоктук инфекциядан жаралган аллергия. Көбүнчө микоз, кыркма чакалай, кандидоз ооруларынан да пайда болору айтылат. Микоз – грибоктор жаратуучу, оңою менен айыкпай турган дарт. Таман, манжа, тырмак, чач жана башка дене бөлүктөрүндө жолугат. Микозу бар адамдын бут кийимин кийгенден, пляждан, бассейнден, мончодон жугат. Ушул ооруну айыктырбаса өтүшүп, микотикалык экземага айланышы мүмкүн. 

Себореялык экзема

Бул теринин май бездери көп бөлүгүндө, мисалы, баштын чачтуу бөлүгүндө, кулак “раковинасында”, төштө, далылардын ортосунда, колтук, чурай, таноолордун 2 капталында кездешет. Адатта май бездеринин сезгенишинен келип чыгат. Өспүрүмдөрдөн тартып 40 жашка чейинки курактагыларда көп жолугат. Кызарып, кычыштырган ыйлаакчалар жарылган жерлерден майлуу саргылт кабырчыктарды көрүүгө болот.

Дисгидротикалык экзема

Мында кызарып абдан кычыштырган ыйлаакчалар тери алдында пайда болуп, көбүнчө таманда, алаканда жолугат. Дарылбаса алакандагысы колдун үстүнө, билекке жана андан жогоруга, тамандагысы шыйрак, сан, жука чурай, ичке чейин жайылып кетет. Бул түрү “контакттык аллергиянын” өтүшүп кетишинен келип чыгат. Аталган аллергия аллергендүү нерсени, мисалы, чөп, кир жана идиш жуучу каражаттарды колдонууда жаралат. Ушул жагы менен чыныгы экземага окшошуп кетет. 

Варикоздук экзема

Буга кан тамырларда кан айлануунун бузулуусунан келип чыккан варикоз оорусу себепкер болот. Теринин бетине жылдызча болуп чыгып калган жерлер тытылса, көбүрөөк чийилсе же жара чыкса, же ал жерлерге сүйкөлгөн дары майлардан аллергия жаралса варикоздук экзема келип чыгышы мүмкүн. 

Балдар экземасы

Муну адатта балдардын энесиндеги айрым оорулар шарттайт. Аялда бронхиалдык астма же экзема, нейродермит же аллергия сыяктуу оорулар бар болсо, ал төрөгөн балада аталган оорулардын пайда болуу коркунучу 40 пайызды түзөт. Баласын эмизүү учурунда аял диета кармабаса балага диатез чыгат. Бала дем алуу жолдорунун жана көз, ичеги-ашказан ооруларына көп чалдыгат. Кыскасы, баладагы диатезди дарылабаса аягы псориаз, нейродермит, экземага жеткириши мүмкүн. Ошондой эле кош бойлуу аял кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чексе да баласында кийин экземага чалдыгуу коркунучу болот. 

Дарылоодо дары май, диета сунушталат

Өнөкөт түрүн биротоло айыктырууга мүмкүн болбогондуктан адам убак-убагы менен дарыланууга аргасыз болот. Бирок дарттын жеңил өтүшүн камсыздап, диета карап, экземаны өтүштүрбөй көзөмөлдөп турууга мүмкүн. Оору курч түрүндө кармаганда жана өнөкөт түрүндө жаралар көбөйүп кеткен учурда ооруканага жаткырылып, дарылоо жүргүзүлөт. Калган убакта өнөкөт түрү амбулатордук дарыланууну талап кылат. 

Дарылоодо колдонулат:

• Диета. Мисалы, цитрустарды жана курамында даам-жыт берүүчү заттар кошулган азыктарды жеп-ичпөө жана башка

• Ыйлаакчалар жарылып, кургаганда бети кабырчыктанып, шуудурап калат. Ошого нымдандыруучу дары май, лосьон, кремдер керектелет

• Стероиддүү дары майлар (гормоналдык)

• Кычыштырууну басуучу антигистаминдик каражаттар

• Иммунитетти көтөрүүчү каражаттар

• Тамчылатма дарылар жана башка

Дагы эмнелерди эске алуу керек?

• Кычыштыруу күчөбөшү үчүн пахтадан тигилген кийимдерди кийүү

• Жеке гигиенаны сактоо, ысыкта көп жүрбөө, ысык аба ырайы кычышууну күчөтөт

• Санаториялык, курорттук дарыланууга баруу

• Иммуниттети көтөрүү үчүн көбүрөөк кыймылдоо

• Уйку режимин сактоо

• Оору курчуп турган кезде жуунбоо. Калган учурда душта гана балдардын жумшак жышкычы менен денени акырын басып-басып жуунуу жетиштүү. Аллергия жок болсо, эмендин кабыгынын же ромашканын кайнатмасы менен жуунган жакшы.

• Оору күчөп кетпеши үчүн косметика, самын, шампундун гиппоаллергендүүсүн колдонуу. Тандай албаган учурда врачка кеңешке кайрылуу зарыл

• Кесибине байланыштуу экземага кабылгандар кесибин алмаштыруулары кажет

• Оору күчөбөшү үчүн малга аралашпоо, чөптөрдү аралабоо, чаңдуу жерде отурбоо жакшы

Канымжан Усупбекова   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан