Бардык нерсенин убак-сааты болот эмеспи. Алып баруучу, тамада Кадыр Жарматов 4 жыл мурунку сыноо – жубайынын каза болушу тууралуу ачык айтып берди. Дал ошол окуядан улам “Кара дуба” деген тасма тартканын айтат Кадыр мырза. Анда калган кепти каарманыбыз өзү улантсын.
– Кандайсыз, Кадыр мырза? “Кара дуба” деген тасма тартышыңызга башыңыздан өткөн окуя таасир берди окшойт...
– Назар тийүү, кара дуба, сыйкыр жашоодо бар нерсе экен. Андан жабыркаганын адам өзү билбей, көбүнчө көпчүлүктөн четтеп, жалгыздыкты жактырып, көңүлү эч нерсеге чаппай калат тура. Көптөр буга ишенишпейт, а мен башымдан өткөн адам катары бул нерсенин зыянын билип калдым. Тасманы тартарда молдокелер менен көп сүйлөштүм, “мурун дубаланган адамдар аз эле, азыр абдан көп” дешти. Эмнеден улам адамдар ушул нерсени кылышат деп өзүмө суроо бердим. Көп учурда көрө албастыктан болот экен.
– Жубайыңыз каза болгондон бери төрт жыл өтүптүр, бул көрүнүштү терең изилдеп көрдүңүз окшойт...
– Келинчегим кантип каза болгонун көпчүлүк билет, сыйкыр жана кара дубанын айынан көзү өтүп кетти. Ооба, изилдеп, симптомдору кандай болот деп сураштырып жүрдүм, анализдедим. Жубайым акыркы убактарда жалгыздап, эч кимди жактырбай калган, акыркы жолу ыйлап “гараж жактан мени бир үн чакырып жатат” деген эле. Молдого алып барып 3-4 күн дем салдырганбыз. “Жакшы болуп калдым” деген. Көрсө, демди атайын ушул багытта илим алган молдолорго салдырыш керек экен. Жөнөкөй молдолор менен көйгөй чечилбейт тура.
– Тасманы тартыш оор болдубу?
– Ачыгын айтсам, тасманын сценарийин жазыш абдан оор болду. “Кайын журтка катуу тийип калбайбы? Эмнени жазып, эмнени жазбашым керек?” деген ойлор мээмди жеп салды. Ыраматылык келинчегимди эстөө андан да кыйын болду. Бир жолу тамак ичип отурсак, жубайым мени себепсиз эле урушуп салды, артынан барып “тынччылыкпы?” десем, “билбейм, жөн эле кыйкырып алдым” деген эле. Ошол окуяны эстедим. Тамадалык кызматта жүрөм го, түндө үйгө келгенимде уйкум келбей, Куран аяттарын угуп жатууну адат кылгам. Бир жолу келинчегим туруп эле телефонумду өчүрүп салды. Ушул окуяларды коштум киного. Тасмада кыз өз жанын кыйганы колуна жип кармап бараткан эпизод бар, ошол жерин жазыш да, тартыш да кыйын болду. Анткени жубайымдын кантип асылып турганын мен да, улуу балам да көрүп калган элек. Кайра-кайра көз алдыма тартылып кыйналдым. Жүрөк зырпылдап токтоно албайм, тартуучу топко “ушул жерин бир аз өзгөртөлү” деп башкачараак кылып тарттык.
– Акыркы 4 жылга кылчайсак, оор сыноону кантип жеңдиңиз?
– Алгачкы жылдар оор болду. Колумда кичине балдарым... Эки ай бою үйдөн чыккан жокмун. “Эми эмне кылам? Балдарды кантип багам?” деген ой жеп койду. “Бала багуучу жалдайм го” деген ой келген, кайненем түшүнүктүү киши, “Кадыр, жат адам келип үйдөгү нерселерди билбей эле койсун, мен карап берейин” деди. Бактыбызга ошол учурда балдардын каникулу болуп калган, аларды жөнөтө албай кыйналганымды айтпаңыз. Ошентип таенеси алып кетти, күндө эки маал чалып видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жаттым. Каникул бүткөндө бир жыл таенеси багып берди. Жумушка чыгып алаксыдым, бирок балдарымдын кусалыгын көрүп жүрөгүм эзилип кетчү. Кичинекейим мени кучактап жатчу.
Убакыт баарын жеңип, ордуна коёт экен, балдар чоңоюп жатышат. Жаралар акырындап айыгып, тиричилик өтүүдө. Кызым тарсылдаган тың, бетке айткан кыз, ага жеңилирээк болду окшойт. Эркек балам боорукер, ага кыйын болду, бирок билдирбейт. Кичинемдин эсинде анча калбады окшойт.
– Ошондо сизди кыйын абалдан сууруп чыккан бул?..
– Балдарым. Азыр да алар үчүн аракет кылышым керектигин, алардын алдында жоопкерчилигим чоң экенин сезем. “Балдарды окутуп, баары өз ордун тапкандан кийин гана жанымды ала көр” деп Кудайдан тиленем. Балдар тил үйрөнсүн, мыкты окуу жайларда окусун деп максат койгом. Акырындап ага жетип жатабыз, баары жакшы окушат.
– Албетте, жашоо уланышы керек. Жаңыдан турмуш курдуңуз, билишимче, балдызыңыз экен...
– Ооба, ошондой болду. Бирок эл бир тууган балдызына үйлөндү деп туура эмес түшүнүп алыптыр. Экинчи үйлөнбөсөм керек дечүмүн, бирок кайненем биздикинде көпкө жүрө албайт эле. Кайнагаларым да “апабызды алып кетели, атам жалгыз калды” дешти. “Кайненеңдин бир тууган инисинин кызына баш кошсоң кандай болот?” деген кепти айтышты бир күнү. 5-6 ай эки тарап тең ойлонуп жүрдүк. Келишип, макулдашып, баш коштук. Балалуу болдук. “Ата сырткы тон, апа ички тон” дегендей, азыр жубайым балдарды карап, үй тиричилиги менен алек.
– Балдар көнүп калыштыбы?
– Улуулары “эже” дешет, кичинекейим “апа” деп алды дароо. Ал “апа” деп айтканга муктаж да, ошого жөн койдум. Балдар апасындай кабыл алыш кыйын болсо да, “жашоо ушундай экен” деп тагдырга баш ийип, түшүнүп туура кабыл алышты. Ынтымакта жашап жатабыз, буюрса.
– Турмушта кимдерге абдан ыраазысыз?
– Албетте, ата-энеме, бул жарыкка алып келишкени үчүн. Анан бир тууган агама абдан ыраазымын. Апам да эрте көз жумган, мектеп жашында элем. Ошондо агам Москвага иштегени кетти. Үй-жайды оңдоп, мал-кел топтоп, мени окуу жайга тапшыртып, келишим акысын төлөп, биздин үйдүн “мотору” болгон. Ийгиликтеримдин көбүнө агам салым кошту. Эми ошол жакшылыктын жообун кайтарсам деп ойлонуп жүрөм. Дагы бир окуя эсиме түштү. КВНде ойноп жүргөн убагыбыз эле, Бишкекке келип сынакта жеңилип калганбыз. Ошондо бир агабыз “силер мен үчүн чемпионсуңар” деп капчыгынан 5 миң сом сууруп чыгып колубузга карматты. Биздин команданын кайра Ошко кетчү жол киреге эле акчабыз калган. Мен команданын “бухгалтери” элем, сүйүнүп, курсакты жакшылап тойгузуп, Ошко кеткенбиз. Ошол агабызга да абдан ыраазы болгом. Ыраматылык келинчегим каза болорго жакын балдар дүкөнүн ачкан элек. Ичин толтуруш үчүн банктан чоң суммада насыя алганбыз. Ойдо жок жерден жанагы иш болуп кетти, ошондо эмне кыларымды билбей калдым. Дүкөн турат, ичи толо. Иштегенге киши эмес, аны ойлогонго киши жок. Насыя моюнда. Атын айтпай эле коёюн, ошол жерди ижарага берген адам товардын баарын сатып алып койгон. Анын планында дүкөн ачуу жок болчу, мен билгенден. Бирок абалымды көрүп балдарыма боору ачыдыбы, айтор, чоң жакшылык кылган. Эстесем, ушинтип чыга берет, мен ыраазы болгон адамдар көп эле.
– Сизге эс алуунун кайсы түрү жагат?
– Кайсы бир чоң долбоорду бүтүрүп, элге тартуулап алгандан кийин табият коюнуна чыгып кетем. Тынчтыкта эс алганды жакшы көрөм. Оорлошуп баштаганда спорт залга баргандан ырахат алам.
– Маегиңизге рахмат, жашооңузда баары жакшы болсун!
Нуржамал Жийдебаева