Африка континенти, Танзания өлкөсүнүн Занзибар аралы. Төрт тарабын Индия океаны курчаган, банан, кокос, ананас жыттанган ушул экзотикалык аралда да кыргыздын изи бар. Мекендешибиз Эсенгелди Жумакунов мектепте мугалим болуп иштеп жатат. Африкага кантип барып калды? Жумушу, жашоосу кандай? Жергиликтүүлөр өгөйлөбөйбү? Маектен ушул сыяктуу суроолорго жооп таба аласыз.
“Келгениме жарым жылдан ашты”
– Кичи мекеним – Ат-Башы районунун Талды-Суу айылы. Түркиянын Анкара университетинин идеология факультетин бүтүргөм. Франциядан саясат таануу боюнча магистратураны аяктагам. Францияда окуудан тышкары мугалим болуп иштечүмүн, билим берүү борборунда мигранттардын балдарына сабак берер элем. Анан Таиландга кетип 2 жыл, Бангладеште 2,5 жыл эл аралык англис тилдүү мектептерде мугалим болуп жүрдүм. Былтыр октябрда Занзибарга келгем. Кайсы өлкөгө барбайын үй-бүлөм дайым жанымда, чогуу ала жүрөм. Баса, Кыргызстанда кайрымдуулук фонддорунун бирин жетектеп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда башкы адис болуп да иштегем.
“Мектепте жетекчилик кызматты аркалайм”
– Учурда Занзибар аралындагы эл аралык англис тилдүү мектепте иштейм. Ал жерде жергиликтүү элдин расмий суахили тили да окутулат. Түзүмү боюнча мектеп үчкө бөлүнөт: бала бакча, башталгыч-толук эмес орто мектеп жана толук орто мектеп. Мен бала бакча жана башталгыч-толук эмес орто мектептин, бизче айтканда, “завучумун”. 2 мектептин өзүнүн координаторлору бар, ошолор менен түз иштешем. Мектепте мугалимдерге да, окуучуларга да мыкты шарттар түзүлгөн. Химия, физика, биология сабактары боюнча лабораториялар бар. Мугалимдердин көбү жергиликтүүлөр, бирок мага окшоп ар кайсы өлкөдөн келген англис тили мугалимдери да иштешет.
“Бир аз өкүнүчтүү жагдай бар...”
– Кызматтык милдетим боюнча, сабактардын ырааттамасын (расписание) түзөм, чогулуштарды өткөрөм. Окутуу, тарбия жаатындагы программаларды түзүү, иш-чараларды пландоо жана уюштуруу да менин моюнумда. Балдардын билимге умтулуусу күчтүү. Аралда жашашкандыктан келечектерин кеңири алкакта элестетишет, аралдан чыгып мыкты жогорку окуу жайларда окууну, мыкты жерлерде иштөөнү кыялданышат. Ошондуктан мен дагы алардын жакшы билим алуусуна болушунча салым кошуп келем. Балдар менен жакшы тил табышам. Мындан ары илимий иштеримди улантып докторантурада окусам дейм, бирок бул аралда университет жок. Ушул жагы бир аз өкүнүчтүү.
“Бул жактан кыргыздарды көрө элекмин”
– Айлык акыбыз жашоого жетет, үнөмдөп, топтоого да болот. Бирок биздей иштегендер башка өнүккөн өлкөлөрдө бир топ жогору маяна алышат. Айына 600 доллар төлөп таунхаус тибинде салынган 2 кабаттуу батирде жашайбыз, шарты жакшы. Занзибардан кыргыздарды жолуктура элекмин. Мурда 1 кыргыз жараны иштеп кеткен деп айтышат.
Аралда тропиктик-нымдуу климат. Жылдын 4 мезгили жай болгондуктан, айлана дайым жапжашыл болуп турат. Күн абдан ысыды дегенде 33 градуска жетет. Арал болгондуктан абдан ысып кетпейсиң, мелүүн жел согуп турат. Таиландга салыштырмалуу бул жак салкыныраак. Занзибарга акыркы 5-6 жылдан бери туристтер көп келе баштаганы айтылат. Аралдын эң кооз жана дельфиндер көп жүрчү жерлеринен, кумдуу жээги мыкты аймактардан туристтерди көп көрөбүз. Бош убакыт болгондо кооз жерлерди кыдырып эс алабыз, сууга түшөбүз. Каникулда Танзаниянын чоң шаарларынын бири Дар-эс-Саламга барып, ал жактагы эл аралык мектептерде иштеген кыргыздарга жолугуп турам. Төрт кыргызды тааныйм, төртөө тең мектептерде жетекчилик кызматты аркалашат, директор, завуч...
“Манго, кокос, папайянын мекени”
– Аралда тамак-аштан көп деле кыйналган жокпуз. Кафелерде Европа, Индия ашканасынын тамактары басымдуулук кылат. Биз азыктарды сатып келип, үйдөн тамак жасайбыз. Жергиликтүү элдин тамак-ашына азырынча көнө элекпиз. Булардын тамактары бангладештиктердин, индиялыктардыкына окшошуп кетет, күрүч, кургак татымалдарды көп колдонушат. Жашылча-жемиштин түрү өсөт, жыл бою үзүлбөйт. Мисалы, манго, ананас, банан, жекфрут, кокос, рамбутан, папайя жана башкалар көп. Жергиликтүүлөр менен англис тилинде сүйлөшөбүз, алардын тилин үйрөнө элекпиз.
“Жашоочулардын 90 пайызы мусулмандар”
– “Занзибар” деген сөз арабчадан “кара адамдардын өлкөсү” деп которулат экен. Илгери бул сөз жалпы Африка жээктериндеги элге карата айтылса, кийин ушул мен турган аралга гана таандык болуп калыптыр. Тарыхына кайрылсак, бир кезде Омандын, Португалиянын карамагында турушкан. Кийин Оман кайрадан үстөмдүк кылган. Ошого аралдын негизги жашоочулары жергиликтүү суахали элинин урпагы болгону менен, араб маданиятын карманышат, 90 пайызы мусулмандар. Аялдар жоолук салынып жүрүшөт.
“Эли базарда, мейманканаларда иштешет”
– Июндан октябрга чейин кургак мезгил деп коюшат, жаан-чачын абдан аз болот. Калган убакта жаан-чачындуу эле аба ырайы. Аралдагы Таш шаары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Жергиликтүү калк негизинен мейманканаларда, коомдук тамактануучу жайларда, базарларда иштешет. Сувенирлерди жасап, балык кармап сатышат. Жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Эли токпейил жана карапайым. Чет элдиктерди бөтөн деп өгөйлөбөй, сый мамиле кылышат. Акчасы – Танзания шиллинги, биздин 85 сом буларда орточо 2680 шиллинг. Келгенибизге аз эле болгондуктан булардын каада-салтын, улуттук майрамдарын жакшы биле элекпиз. Биздегидей эле Айт майрамын белгилешет.
“Учакка билетти иштеген жерим сатып берет”
– Бангладеште иштеп жүргөнүмдө Кыргызстанга жыл сайын барып турчубуз. Занзибарда иштегенимдин бир жакшы жагы – мекенибизге барып-келчү билетибизди мектеп алып берет. Болбосо, учактын билетинин кымбаттыгынан бара албай калмакпыз. Занзибар Африканын коопсуз аралдарынын катарына кирет. Туристтер көп келе баштагандан улам конок үйлөрдү, жолдорду салып, кумдуу жээктерди оңдоого өтүшүптүр. Танзания – экономикасы эми өнүгүп келе жаткан өлкө. Чет өлкөдөн келип бизнес ачкандар көп, мүмкүнчүлүк жакшы.
Канымжан Усупбекова