Укуктук маселелер боюнча окурмандардан келген суроолорго юрист Арген Бексултанов жооп берди.
– Биз кыймылсыз мүлк сатып алганбыз. Сарайыбыз жер тилкесинин чегине жакын салынган. Коңшубуздун чоң, картаң дарагы сарай жакты карай кыйшык өскөн, бутак-шактары биздин тилкеге кирип кеткен. Катуу шамал болсо куурап калган шактары же дарактын өзү сарайдын үстүнө кулап түшөбү деп коркобуз. Бул оюбузду коңшубузга айтсак, уккусу келбейт. Эгер чындап кулап түшсө чыгымдарды коңшубуз төлөп бериши керекпи?
Кубаныч Тагаев, 39 жашта, Кара-Балта
– Кубаныч, эгер дарактын ээси айтканыңызды укпаса, анда дарактын кулап түшүшүнүн алдын алып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгына кайрылыңыз. Алар комиссия түзүп келип, дарактын кулоо коркунучу канчалык экенин аныкташат. Кулоо коркунучу бар экени тастыкталса, комиссия дарактын ээсине аны кыюуну буйруйт. Эгер буйрукту аткарбаса жана катуу шамалда сиздин сарайга кулап түшсө, анда сиз сотко кайрыла аласыз. Дарак ээси Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси боюнча жоопко тартылып, айыпка жыгылат. Сот сиз тарткан чыгымды өндүрүп берет.
“Жараксыз буюмду дүкөн кайра албай жатат”
– Мен дүкөндөн буюм сатып алгам. Эртеси жакшылап карасам өндүрүштүк "брак" жери бар экен. Кайра алып барсам, кассалык чеги жок экен деп албай жатат. Мен үйгө келгенде чекти таштандыга ыргытып салган элем. Эми эмне кылсам болот?
Динара Мусулманова, 45 жашта, Бишкек
– Чек жок болсо дүкөн ал буюм өздөрүндө сатылганбы же башка жактан алынганбы билбейт. Андыктан чек талап кылгандары туура эле. Эгер товардын кутусу болуп, анда дүкөндүн аты, товардын баасы жазылган болсо, аны алып барып көрсөтүп, алмаштырып же акчасын кайтарууну айтып көрүңүз. Эгер кутусу жок болсо, анда кайсы күнү сатып алсаңыз, ошол күнкү видеокамерадагы жазууларды карап бергиле, ошол далил болот дешиңиз керек. Эгер видеокамерадан да карап беришпесе, анда милицияга арыз менен кайрылыңыз.
“Банк көрсөткөн кызматынын акысын туура эмес алып койду”
– Кыргызстандын жаранымын. Бир банктан мобилдик банкинг кызматын ачтыргам. Бирок аны 1-жолу колдонгонумда эле банк көрсөткөн кызматы үчүн акы алып койду. Ушул туурабы?
Элмира, 30 жашта, Кант
– Элмира, сиз карта ачтырып жатканда банк жылдык комиссиясы же көрсөткөн кызматы үчүн канча каражат ала тургандыгын тактап сурашыңыз керек эле. Эми сиз банк туура эмес кылды деп тапсаңыз, банкка барып администраторуна жолугуп, арыз жазышыңыз керек. Арыз түшкөндөн кийин алар 3-10 жумуш күндүн ичинде жообун бериши керек. Эгер алар берген жоопко канааттанбасаңыз же банк жооп бербей койсо, адвокат жалдап сотко кайрыла аласыз. Эгер жыйынтыгында банктыкы туура эмес деп табылса, сизден туура эмес кармаган акча менен авдокатка төлөгөн каражатыңызды банк төлөп берет.
“Врач туура эмес диагноз койгонун кантип далилдей алам?”
– Ооруп эмканага (поликлиника) барсам бир врач диагноз коюп, дары жазып берди. Аларды сатып алып ичсем, айыккан жокмун. Бекер эле кыйналып, азап тарттым. Анан жеке клиникадагы врачка барсам башка диагноз коюп, дарылап айыктырды. Эми мен тигил врачтын туура эмес диагноз коюп, мени кыйнап, чыгымга учуратканын кантип далилдеп берип, жоопко тарттырып, чыгымды өндүрүп ала алам?
Гулиза Бекберди кызы, 29 жашта, Бишкек
– Сиз Саламаттыкты сактоо министрлигине ал врачтын же ал иштеген мекеменин үстүнөн арыз менен кайрыла аласыз. Аталган министрлик сиздин иш боюнча комиссия түзүүгө милдеттүү. Сизге адвокат жалдоого туура келет. Эмканада сиздин "карточкага" жазган врачтын маалыматы, диагнозу, сизге жазып берген рецепттери да текшерилет. Сизде рецепт жана анда жазылган дары-дармектерди сатып алганыңызды тастыктаган дарыкананын чектери да болушу зарыл.
Андан тышкары сиз кайрылган жеке клиникадан сиз жана ооруңуз тууралуу жазылган маалыматтар да каралат.
Жыйынтыгында эмкананын врачынын күнөөсү тастыкталса, анда ал сиздин дарыларга, адвокатка кетирген жана моралдык чыгымыңызды төлөп берет.
“Калп маалымат таратканды жоопко тарттыра аламбы?”
– Социалдык тармактан жакында мени бирөө жамандап, калп маалымат таратты. Мен эми өз укугумду кантип коргой алам?
Жибек, 44 жашта, Талас
– Өзүңүз жашаган аймактагы ички иштер бөлүмүнө тигил адамдын үстүнөн арыз менен кайрылыңыз. Алар териштирүүгө милдеттүү. Социалдык тармакта өзүңүз тууралуу жазылган жалаа, калп маалыматты скриншот кылып алган болсоңуз, ошол башкы далил болуп берет. Кокус, ошол жазылгандардын айынан психикалык жактан жабыркап ооруп калган болсоңуз, анда арызга үйдөн врачтын рецепти менен дарыланганыңызды далилдөөчү рецептти, дарыкананын чегин кошо тиркейсиз. Ооруканадан дарылансаңыз, "выписканы" тиркейсиз. Тергөөчү териштирүү бүткөндөн кийин ишти сотко өткөрөт, сот ошого жараша чечим чыгарып берет.
Жалаа жабуу, калп маалымат таратуунун жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде каралган.
“Плагиат жоопкерчилиги кандай болот?”
– Мен китеп жазып чыгарган элем. Жакында бир адам анын көп подтемаларын толук эле көчүрүп, өзүнүн китебине кошуп алыптыр. Аны кантип жоопко тарттыра алам?
Айнура, 46 жашта, Сокулук
– Сизге суроо: китебиңизди чыгарганда патент алдыңыз беле? Эгер алган болсоңуз аны, китебиңизди жана тигил жарандын китебин алып, сотко барып арыз жазыңыз. Патентиңиз жок болсо, китебиңиздин ичиндеги кайсы жылы, айда чыккан датасы деле далил катары каралат. Ал дата менен тигил жарандын китебинин чыккан убактылары салыштырылат. Андан тышкары сотко басмакананын кызматкерлери сиздин китеп ошол жерден кайсы жылы, айда чыгарылганына күбө боло алышат деген оюңуз болсо, аны да айтууңуз керек. Адатта басмаканада андай маалыматтар катталат. Жыйынтыгында сот териштирүүлөрдөн кийин жыйынтык чыгарып берет. Эгер уурдап алганы аныкталса, чыгымдарды төлөтүп аласыз.
Плагиаттык 20-берене, анан 353-берене боюнча каралат.
“Ата-энесин бакпаган балага алимент төлөтсө болобу?
– Мен ата-энемдин бакма кызымын. Мүнөздөрү катуу, чатак кишилер. Ошого мектепти бүтпөй эле лицейде окуп, андан ары өз жашоомду улантып кеткем. Мага ата-эне катары карабай көп азап тарттырышкан. Күңдөй эле иштетишчү. Кийин турмушка чыктым, өз үй-бүлөм бар. Көрсөтүшкөн кордугун эстесем аларга баргым келбейт. Бирок аларды өздөрүнүн жалгыз уулу жакшы бакпайт, карабайт. Алар дары-дармектен, азык-түлүктөн көп кыйналышат. Ошого ичим түтпөй баары бир кээде аны-муну алып барып акчалай жардам берип турам. Баласы башка шаарда үй-бүлөсү менен жашайт. Эми ошол баласын сотко берип, алимент төлөтсө болобу?
Кенже, 48 жашта, Токмок
– Ата-энеси өздөрүн карап, бакпаганы үчүн баласын сотко бере алат. Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинде жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин бакпай койсо кандай жоопкерчилик тарта тургандыгы көрсөтүлгөн. Сот баласынын иштей же иштебей тургандыгын, иштесе канча каражат таба тургандыгын, үй-бүлөлүк абалын карап, таразалап, анан алименттин өлчөмүн бекитип берет.
Канымжан Усупбекова