Агата Муцениеце: «Жумуш жок, бомж болуп каламбы деп корком»

Милан подуимунан Орусия киносуна келген латыш кызы Агата Муцениеце. Модель катары, актриса катары, анан да “мажор” актёр Павел Прилучныйдын аялы (мурдагы) катары да таанымал. Эжесинин кийимин кийип жүргөнү үчүн классташтарынын шылдыңына кабылып, жокчулуктун “даамын татып” чоңойгон актриса...

Туулган жери: Латвия, Рига

Туулган жылы: 1989-жыл, 1-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 172 сантиметр

Кесиби: актриса, модель, алып баруучу, блогер

Тартылган белгилүү сериалдары: “Жабык мектеп”, “Крюк”, “Чума”, “Капаста” жана башка

Кимдин кызы?

Рената, Санта анан Агата, үч кызына ушундай ысымдарды ыйгарган түгөйлөр. Атасы латыш улутунан, аты – Эдгар, апасы Нонна болсо орус. Рига шаарындагы ресторандардын биринде Эдгар бармен, Нонна ашпоз болуп иштечү. Жылдызы келишкен жаштар үйлөнүп, 3 кыздуу болушкан. Бирок үй-бүлөнүн бактысы толук болбой, Агата 3 жашка чыкканда атасы каза болуп калган. Кичинекей кезинде гана көргөндүктөн, атасынын элеси сакталган эмес, сүрөттөрдөн гана билет.

Жакындарынын көңүлүн карап...

Агатаны апасы да, эжелери да “дайыма элдин көңүлүн карап, маанайын көтөргөнгө аракет кылган зирек кыз болчу” дешет. 3 кыздын түйшүгү жалгыз апасына түшүп, тапкан-ташыганы алардын курсагын тойгузганга гана жетер эле. Жаңы кийим алганга акча жетпей, эже-сиңдилер бири-биринин кийимдерин кезектешип кийишчү. Муну байкаган классташтары Агатаны “бомж” деп шылдыңга алышчу экен. Бирок ал терикпеди, анткени үйүндөгү абалды билет да. Тескерисинче, апасынын, эжелеринин көңүлүн көтөрүү максатында ырдап, бийлеп, куудулданып турар эле. Бара-бара Агата жок мектептеги маданий иш-чаралар өтпөй калган. Көркөм окуу, ырдоо, бийлөө жагынан алдына киши салчу эмес.

Моделинг

Нонна кызынын актрисалык талантын байкап, театралдык студияга киргизип койгон. Ошол мезгилден баштап келечекте киного аралашуу кыялы жаралган. Жылдан жыл алмашып, кичинекей кыз керилген сулууга айланды. Бир күнү классташ кызы моделдик агенттикке сүрөттөрүн жөнөтүп жатканын көрүп, өзү да кызыгып анкета жөнөтүп коёт. Кызыгы, жооп дароо келип, бою узун, татынакай кыз агенттикке чакыруу алат. Ал учурда паспорт алып калган эле. Агенттик Агатаны бут кийимдерди чыгарган компанияга модель катары Италияда иштеп келүү келишимин сунуштаган. Миландын подиумунан башталган карьерасы кызга Европанын көптөгөн өлкөлөрүн, шаарларын кыдырганга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Котормочу

Модель болуп иштеп жүрүп бир жылдай Германияда кытай улутундагы үй-бүлөнүн үйүндө жашап калат. Кытай тилине, мамлекетине, негизи эле Чыгыш элине болгон кызыгуусу ошондо ойгонгон. Бир жыл ичинде кытай тилинде суудай сүйлөп калган. Билимин тереңдетүү максатында Ригага келген соң университетке тапшырып, кытай филологиясын тандап, 1 жыл окуйт. Оюнда кытай тилинен котормочу болмок. Бирок ойлогон оюн балалык кыялы жеңип кеткен.

Москва

Кайсы кыял – баягы киного болгон... 2008-жылы Москвага келип, С. А. Герасимов атындагы Мамлекеттик кинематография университетине тапшырып, кызыл диплом менен аяктаган. Киного тартылуу тилеги деле көп күттүргөн жок, 2007-жылдан баштап эле эпизоддук ролдорго чакыруу алды. Баш айландырган популярдуулукту болсо 2011-жылы экранга чыккан “Жабык мектеп” сериалы алып келген. 

“Жабык мектеп”

Сериалда Агата Даша Старкова аттуу окуучу кыздын ролун ойногон. Бирок бул ролду да кокусунан алып калган. Ага чейин башка кыздын ролу үчүн кастингден өтпөй калган эле. Дашанын ролун режиссёрлор Марина Петренко деген актрисага сунушташкан. Ал жумуш графиги тыгыз экенин айтып, баш тартып койгон. “Ии, өтпөй калдым. Башка жумушумду кыла берейин” деп үйүндө беймарал жаткан Агатага продюсерлер чалып, “Даша болгонго макулсуңбу?” дешет. Макул болмок турсун, өзүнүн күрөң чачын сары кылып боётуп “блондинкага” айланган. Сценарий боюнча Даша 3-сезондун аягында каза болмок. Бирок сериалдын биринчи сериясынан баштап Даша Старкованын күйөрмандары көбөйүп, анын каарманын “өлтүрбөш” керек экенин билдирип коюшкан. Ошентип, кинодогу жаңы жылдыз – Агата Муцениеце пайда болгон.

Ажырашуу + жаңы сүйүү + ажырашуу

Агата менен актёр Павел Прилучный “Жабык мектеп” сериалынан табышканы баарына маалым. Бирок ага чейин кыз курсташы, Дима Биландын командасындагы бийчи Артём Алексеев менен кыз-жигит эле. Тартуу учурунда Павел экөөнүн ортосунда “от жанып” баратканын байкаган Агата Артёмго “кош бол” деген. Прилучный экөөнүн махабатын тартуучу топ байкаган эмес, 2012-жылы үйлөнүү тойго чакыруу кагазын алганда гана таң калышкан. 2013-жылы тун уулу Тимофей, 2016-жылы Мия аттуу кызы жарыкка келген. Учурунда орус шоу-бизнесинин туруктуу, бекем түгөйлөрүнүн катарына кирген түгөйлөрдүн мамилесинде да жарака түштү. 2020-жылы эки атактуу расмий түрдө ажырашып кетишти.

Бүтпөгөн чыр...

Башында балдары үчүн достук мамиледе калганын жар салышты эле. Ага чейин Агата бир нече жолу Павел ага кол көтөргөнүн айтып ызы-чуу чыгарганы бар. Ажырашкандан кийинки достук мамиле көпкө узаган жок. Агата Прилучныйдан балдары үчүн алимент төлөтө албай убара болду, анан алименттин суммасын азайтпайм деди, актёр болсо азайтам деди. Айтор, экөө бири-биринин нервин жакшы эле “жешти”. Ата-энесинин "ит-мышык" мамилеси балдарына да таасирин тийгизди окшойт, учурда Тимофей апасына таарынып атасынын үйүнө кетип калган, кызы болсо апасы менен. Прилучный көп өтпөй жаш актриса Зепур Брутянга үйлөнгөн, андан да балалуу болууга жетишти. Агата болсо көпкө бойдок жүрүп, эми музыкант Пётр Дранга менен жетелешип калды. Учурда актриса кош бойлуу деген сөздөр бар. Мамилелери бекемделип тойго жетеби, убакыт көргөзөт.

Азыр...

Агата Муцениеце 30дан ашык тасма-сериалдарга тартылган, тартылып келет. Андан сырткары бир нече белгилүү телеберүүлөрдүн алып баруучусу болду. Ажырашкандан кийин  Youtube’да  “Честный развод” берүүсүн ачканга жетишти. Анда ажырашып кеткен атактуу аялдар келип, үй-бүлөдөгү жакшы-жаман мамиле, ажырашуунун себептери, кесепеттери тууралуу маек курушат. Андан сырткары көпчүлүккө окшоп активдүү блогер. Театрда да иштеп келет. Бирок Агатаны ойго салган көйгөй да бар экен. Жакында эле журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коркунучу тууралуу ой бөлүштү: “Акыркы убакта кинодо жолум болбой жатат. 15 жолу кастингге катыштым, бирок чакыруу алган жокмун. Актёрлук кесиптин ушунусу жаман, бирде баары болот, бирде эч нерсе жок. Жумушу жок, "бомж" болуп каламбы деп корком...”

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан