Калысбек Айтбаев, ырчы: «Автордук ырларым убагы келгенде бааланат»

Жүзүнөн жылмаюусу кетпеген, колунан аккордеону түшпөгөн, убагында казактарды кейибөөгө үндөгөн Калыс Айтбаев маек төрүбүздө. Каарманыбыз талантына жакшы пикирлер айтылып, кыргыз шоу-бизнесинен өз ордун таап келе жатат. Репертуарында анча-мынча ырчылар ырдоого батынбаган Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу алп обончулардын ырлары бар мырзанын жан дүйнөсүнө сүңгүп көрөлү. 

– Калысбек мырза, маекти эмне жаңылыктар бар деп баштайын...

– Көптөн бери той-топур менен алаксып жүрүп, мурда даярдап койгон чыгармаларымды эми чыгара баштадым. Алардын ичинде “Жылдыздуу түн”, “Сыгылба” деген ырлар бар. “Жылдыздуу түндү” күйөрмандардан келген өтүнүчтөрдүн негизинде ырдап чыктым. Бул чыгарманы мурда Эмил Балтагулов агабыздын аткаруусунда угуп жүргөм. Ичимден ушул ырды мен дагы ырдасам деп тилек кылып койгон элем, тилегим орундалды.

– Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүндө окугансың. Ырчылык жолду аркалоодо музыкалык билимдин пайдасы тийип жатабы?

– Албетте, талант жана музыкалык сабаттуулук чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Обон жарата баштаганыма 6 жылдай болуп калды. Ырларымдын арасында сөзү да, обону да өзүмө таандык “Капырай” ыры бар. Бул эски сөздөр камтылган заманбап стилдеги ыр. “Капамын” деген ырымдын обону меники. Сөзү күчтүү, обонуна кыргыздын эски кайрыктарын кошконмун. Буюрса, жаңы ырлар да жаралат. Автордук ырларым өз убагы келгенде элге сиңет деп ойлойм.

– Ошондо жалпы канча автордук ырың бар?

– Абдан эле аз. Манжа менен саноого болот.

– Комуз жана аккордеондо кол ойнотууну канча жашыңда үйрөнгөнсүң?

– Чоң атам жамакчы киши болуптур. Атам болсо музыкант, үйдө музыкалык аспаптардын түрү турат. 3-4 жашымда ырдап баштасам, 4-5 жашымдан комузду, 5-классымда аккордеон ойногонду үйрөнгөм. Апам да жакшы ырдайт.

– Сени таптаган устат ким?

– Көп адамдарда кездешпеген асыл сапаттардын ээси, көп кырдуу талант, урматтуу агайым Бакыт Жакыпов. Бул инсандын өзүнүн сүйүп уккан көп угармандары бар жана музыкалык, педагогикалык жаатта бардык агай-эжелердин сый-урматына татыган инсан.

– Сенин ырдаганың боюнча улуу муундагы ырчылар кандай комплименттерди айтышат?

– Жакшы ой-пикирлерин айтышат. Алар менен маданий иш-чаралардан, тойлордон көп жолугушуп калабыз. Мисалы, акын жана обончу Маматибраим Бостонкулов агайга бир жакшылыкта өзүнүн “сүйүп кеттим кара тору бир кызды” деген саптары бар “Кусалык” ырын ырдап берсем, көзүнө жаш алып, ыраазы болуп, батасын берген. Кундуз Таштаналиева эже менен “Ырдалып бүтпөйт махабат”, Бек Борбиев ага менен анын “Шүүдүрүмүн” чогуу ырдап калганымда “дагы тапталып, өсө бер” деген тилектерин айтышкан.

– Шоу-бизнестин күнгөй-тескейин жакшы эле билип калдыңбы?

– Ооба. Бирок эң башкысы – талантың болсо, эмгектенсең, өз жолуңду да, өз ордуңду да табасың.

– Элдин сен жөнүндө эмне ойлоп жатканы маанилүүбү?

– Элдин пикири, албетте, маанилүү. Ата-энем да кызыгып социалдык желеде мага карата жазылган комментарийлерди окуп турушат. Комментарийлерде үнүмдү баалай турганы тууралуу көп жазышат. Азырынча хейтерлерим жок. Айтып койчу нерсе, Казакстанда да күйөрмандарым пайда болуп жатат. Алар ой-пикирлерин казакча жазышат.

– Чыгармачылыкта досторуң көппү?

– Өзүм менен тең чамалаш ырчы жигит-кыздар менен досмун. Кудайга шүгүр, ар бири менен ар кайсы деңгээлде мамилем бар. Досторумдун бири – Калыс Жакыпов да бар. Экөөбүз 2016-жылы Бишкектен, футбол талаасында таанышканбыз, Калыс 9-класс, мен 8-класс болчумун. Ал учурда Калыс “Сахна” деген ырын ырдап жүрчү. Таанышкандан кийин жолукпай жүрүп, кийин кайра Улуттук консерваториядан көрүшүп калганбыз. Ошондон бери достугубуз үзүлбөй келет.

– “Казак элине” деген ырыңды жаратууга эмне түрткү болду?

– Былтыр жазында Казакстандын 7 облусун суу каптап, миңдеген үйлөр суу алдында калбадыбы. Ошондо жаралган ыр. Бул чыгарма ошол учурдагы жан дүйнөмдүн талабы болсо керек. Ар бир чыгарманын өмүрү же актуалдуулугу болот да. Ошол кезде менин бул ырымдын саптары ар бир казакка дем берди болуш керек.

– "Тагдырым өз колумда" деген адамдардын катарына киресиңби же маңдайга жазганын көрөбүз дегендердинби?

– "Тагдырым өз колумда" деген адамдардын катарына кирем. "Маңдайга жазганын көрөм да" деген кайдыгер, чечкинсиз адамдарды жактырбайм.

– Жашооңдо бактылуу кокустуктар көп болобу?

– Жакындарым “жолдуусуң” деп калышат. Күтүүсүз жерден ийгилик жылмайган учурлар көп эле болот. Бул үчүн Жаратканга ыраазы болуу жетиштүү, ашыкча сүйүнүп кетүү акылсыздык.

Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарууга үнүң төп келерин айтышат. Ал кишинин ырларына жакындыгыңдын өзгөчө себеби барбы?

– Ал кишинин 80 жылдык мааракесине арналган сынакка капыстан катышып калып, Гран-приге ээ болгом. Атам Рыспай атабыздын окуучусу, анын ырларын көп ырдайт. Ошого мен да Рыспай атабыздын ырларына жакыныраак болсом керек. Жан дүйнөм эңсеген кайрыктарды Рыспай атабыздын ырларынан табам. Анын ыр дүйнөсү кең аалам да.

– Төгүлүп-чачылып, буркан-шаркан түшүп ырдалчу ырлардан бугуң чыгып, ырахат алат окшойсуң?..

– Жан дүйнөң каалаган ырды ырдасаң сырттан карагандарга сиз баамдагандай абалда көрүнөбүз. Мен дайым өзүмө жаккан гана ырларды ырдайм, балким, ошондон болсо керек.

– Айрымдар ырчылыкты бизнес катары карашат экен, сенчи?

– Жумушуңду жакшы билсең ал сени багат, бул эми бизнес дегендик эмес. Бирок чөйрөбүздүн бүгүнкү кыска аталышы “шоу-бизнес” болуп жатпайбы. Чынында, меники бизнес эмес, кадимки мурдагы эл шайырларынын гана баскан жолу окшойт.

– Мындан да бийик чабытташ үчүн, мүмкүн, сага продюсер керектир?

– Заман алмашты, угармандардын табити өзгөрдү, анын арты менен биздин иш тартибибиз да өзгөрдү. Менеджер деп коюшат го, азыр жакшы жардамчы болсо жетиштүү.

– Сен көп колдонгон сөз жана фобияң?

– Көп колдонгон сөзүм – "маселе жок". Фобиям – тиш доктур, анан жылан.

– Жеке жашоодо эмне кеп? Же жеке турмушту элге жарыялаган жакпайбы?

– Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү, жеке жашоосу табышмак болгону жакшы деп ойлойм. Ток этерин айтканда, жеке жашоом ойдогудай.

– Өлкөбүздүн негизги шаарларында качан концерт бересиң?

– Аймактарды кыдырып концерт коюп жүрөм. Дагы бир аз эмгектенейин, Бишкекке концерт коюу эч жакка качпайт. Негизи бул жаатта чоң максаттарым бар. Буюрса, баары алдыда.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан