Айдоочулук күбөлүк алуу: Айдоочунун жеке картасын талап кылуу токтойт

Азыркы учурда жарандар айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жеке картасын көрсөтүүгө милдеттүү. Мындан ары ушул эрежени жок кылуу сунушталууда. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттиги өкмөттүн тийиштүү токтомун өзгөртүүнү караган документти 24-апрелде коомдук талкууга чыгарды. 

Мындай кадам мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү бюрократияны азайтат, айдоочулук күбөлүк берүү эрежелерин жеңилдетет деп айтылат долбоордун негиздемесинде. Тагыраагы, айдоочудан талап кылынчу айдоочулук жеке карта бүгүнкү күндө заман талабына жооп бербеген жараксыз документке айланды дешет демилгечилер. Анткени айдоочу жөнүндө бардык маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системге киргизилет, кагаз документ көрсөтүүгө зарылдык калбайт.

“Бул айдоочулук күбөлүк алуу үчүн талап кылынган документтердин санын кыскартып, жарандар үчүн процессти жеңилдетет, мамлекеттик органдардын жүгүн азайтат, экзамен тапшыруу жана күбөлүк алуу убактысын кыскартат” деп айтылат маалыматта.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан