Кыргызстандын жаңы гимнинин долбоору коомдук талкууга коюлбайт. Бул тууралуу 28-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Гимндин жаңы версиясын 47 адамдан турган комиссия тандап, андан ары парламенттин кароосуна киргизилет. Комиссиянын курамында белгилүү акындар, композиторлор, парламент депутаттары бар экени айтылды.
Депутат Аида Исатбек кызы жаңы гимндин долбоору комиссиянын тандоосунан кийин элдин талкуусуна коюлса туура болорун айтты.
– Добуш берүү аркылуу элди гимн тандоого катыштыруу керек. 4 киши өзүнүн көз карашын 7 миллион кишиге таңуулаганы туура эмес. Тандоого эл катыша турган механизмди карап чыгуу зарыл, – деди Исатбек кызы.
Буга чейин гимндин жаңы версиясын тандоого сынак жарыяланып, ага 700дөй эмгек келип түшкөн. Бирок комиссия арасынан эң жакшысы деп бирин тандай элек. Аталган министрлик сынактын мөөнөтүн 1-октябрга чейин узартууну сунуштап жатат.