Кыргыз мугалими Түркияда эмнеге кармалганы айтылды

Кыргыз мугалими Азамат Нурмат уулу Стамбулда эмне себептен кармалганы айтылды. 28-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттар окутуучунун тагдырына кызыгышты. ТИМдин маалыматы боюнча, Нурмат уулу Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ФЕТО уюмуна байланыштуу кармалды. 

– 2016-жылы Түркияда аскердик төңкөрүш аракеттери болгон да. Ошол учурда Азамат Нурмат уулу Түркияда жашачу, уюлдук телефондон бир тиркемени колдонгон экен. Ал көбүнчө Фетхуллах Гүлендин тарапташтары колдонгон программа болгон. Ошонун негизинде ага Түркиянын ичинде издөө жарыяланып, биздин жараныбыз ошол боюнча кармалыптыр, – деди тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев.

Эскерте кетсек, 20-апрелде Кыргызстандагы “Маариф” (мурдагы “Сапат”) билим берүү мекемесинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу окуучуларын эл аралык олимпиадагы алып барган учурда Стамбул аэропортунан кармалып, кабарсыз болуп жатканы кабарланган эле. Бул арада мугалимдин апасы жана жубайы бийликке кайрылып, чара көрүүнү суранган.

Мугалимдин тагдыры азырынча арсар болууда. Тийиштүү органдар “териштирүү жүрүп жатат” деген жоопту билдирип жатышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан