Коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерине баш ийбей, аларды жана жарандык активисттерди сөккөн бажы кызматкери К.А.А. камакка алынганын 29-апрелде Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Ал Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлөнүүдө, учурда убактылуу кармоочу жайда.
Эскерте кетсек, 28-апрелде сөз болуп жаткан жарандын милиция кызматкерине баш ийбей ызы-чуу салып жатканы тартылган видео интернет желесине тараган. Окуя атайын рейд учурунда болгон. Мас айдоочу башкарып бараткан унаа токтотулганда ошол унаада отурган жүргүнчү милиция кызматкерин жана жарандык активисттерди кемсинткен. УКМК ал бажы кызматкери экенин, аны менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн билдирип, анын элден кечирим сураган видеосун жарыялаган. Кызматкеринин жосунсуз жоругунан кийин Бажы кызматы аталган жаранды жумуштан бошоткону да маалымдалган эле.