Кырсыктан кийин токтотулган көк бөрү оюндары качан уланат?

Быйыл көк бөрү боюнча "Нооруз-2025" турниринин алгачкы оюнунда белгилүү улакчы Мирлан Сражидинов кырсыктап каза тапкан эле. Бул окуядан улам турнир убактылуу токтотулганы жарыяланып, кийинчерээк оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылганы маалымдалган. Андан бери оюндар качан уланары тууралуу расмий маалымат бериле элек, ушундан улам Көк бөрү федерациясы команда жетекчилери менен биргеликте президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Көк бөрү оюндары качан жанданат? 

Депутаттар “көк бөрү улантылсын” дешти

Апрель айынын башында парламент депутаттары “улуттук оюнубуз уланышы керек” деп маселе көтөрүштү. Депутат Балбак Түлөбаев: “Көк бөрү – бул калпак, камчы дегендей эле биздин сыймыгыбыз. Кылымдардан бери ата-бабабыз ойноп келген көк бөрүнү бир кырсыктын айынан жок кылып алабызбы? Мындай кырсык ар бир спортто болот. Ушунун айынан көк бөрү оюнун жок кылууга аракет кылган күчтөр дагы бар. Буга жол бербешибиз керек. Мамлекеттик деңгээлде саясат кылбай, оюнду уланта беришибиз зарыл”,- деди. Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо: “Көк бөрү – эзелтен бери кыргыздын духу, кыргыздын жүзү, балбандыгы, баатырдыгы. 28 жылда биринчи жолу 1 кырсык болсо, ошого шылтап чектөөлөрдү койгон болбойт. Айрымдарыбыз "тай казанды алып коюш керек" деп жатабыз, көк бөрүнү тай казансыз элестетүү кыйын. Тай казаны жок кыргыздын жигиттери жоолук салмай ойногондой болуп калат. Мындай нерседен оюбузду кескин түрдө өзгөртүшүбүз керек”,- деп чыкты. 

Айбек Абдымомунов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору: «Оюндар качан уланары белгисиз»                      

– Көк бөрү оюндары президенттин администрациясынын буйругунун негизинде белгисиз мөөнөткө токтоп турат. Анткени көк бөрүнүн эрежелерин, коопсуздук шарттарын Көк бөрү федерациясы менен биргеликте иштеп чыгып, жакшы шарттарды түзүп бергенден кийин президенттин администрациясына сунуштарды киргизип, ал жактан чечимдерди күтөбүз го. Азыркы учурда оюн качан уланары белгисиз.

– Эреже, коопсуздук жаатында 2 айда кандай аракеттер жасалды?                            

– Бизде улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү, жайылтуу боюнча улуттук дирекция бар. Алар спорттук экипировка, баш кийимдердин коопсуздукту камсыздоосун карап Көк бөрү федерациясы менен биргеликте иш алып барып жатышат. 

Улукбек Өмүрбеков, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары: «Эреже бузган оюнчунун жазасы кандай болору талкууланууда»

– Азыркы учурда көк бөрүнүн кайра жолго салынышы боюнча Көк бөрү федерациясы менен улуттук дирекция иш алып барып жатабыз. Биздин негизги иштерибиздин бири кооптуулуктун алдын алуу болуп жатат. Андыктан эрежелер, спорттук кийимдер боюнча, эреже бузган оюнчунун андан ары ойношу кандай болот, ушулар боюнча маселелер каралууда. Көк бөрү федерациясы булар боюнча бизге презентация жасады, коопсуз баш кийимдерди даярдап келишти. Азыр ал экипировка бекитиле элек. Толук даярдап бүтүп, анан өкмөткө жөнөтөбүз.

– Ошондо көк бөрү оюндары жакын арада жанданбайт деген жыйынтыкка келсек болобу?

– Жок, антип айтканыбыз туура эмес болуп калат. Эрежелерди канчалык эрте иштеп чыгып сунуштай турган болсок, көк бөрүнү улантып, оюндарды уюштурууга ошончолук эрте мүмкүнчүлүк түзүлөт.

– Көк бөрү эрежелеринин кайсыларын өзгөртүш керек экен? Экипировка деп калдыңыз, айтор, конкреттүү эмнелер сунушталып жатат?

– Негизинен, көк бөрүнүн эрежелери өзү эле мыкты иштелип чыккан. Баары дыкат каралган. Болгону оюнчу эрежени одоно бузса, ал оюндан канча убакытка четтетилет? Ушул жагдай каралып жатат. Экипировка боюнча Көк бөрү федерациясынын кесипкөй адистери бизге сунуштап, биз талкууга катышып жатабыз. Алар “эгер экипировка оор жана ыңгайсыз боло турган болсо, оюн учурунда оюнчуларга өтө тоскоолдукду жаратат жана оюн кызыксыз болуп калат” дешти. Бул боюнча жыйынтыктуу бир пикир айтканга азырынча эрте. 

Рамис Кудайбергенов, Көк бөрү федерациясынын эксперти: «Кырсыкты бетке кармап оюнду токтотуу туура эмес»

– Нооруз турнириндеги кырсык 100 миңден бир боло турган учур. Андай кырсыктан оюнчуну эч кандай коргоочу чопкут дагы, эреже дагы сактай албайт. Көк бөрү эрендердин эр оюну деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Муну мен эркекмин дегендин баары эле ойной албайт. Көк бөрү дагы автоспорт, мотоспорт, тоодон ылдамдык менен лыжа тээп түшүү сыяктуу экстремалдык спорт түрүнө кирет. Жаракаттар болушу мүмкүн. Спорттук кийимдерин канчалык идеалдуу кылган күндө дагы баягыдай окуя кайталанышы мүмкүн. Ал эми эрежеде айрым көрүүчүлөр, бийликтегилер ойлогондой кемчилик жок. Футбол, хоккейдикиндей 100 жылдык тарыхты камтыбаса дагы, сөз болуп жаткан кырсыкка эч кандай эреже себепкер эмес. Эрежеде “улакты жерден эңип келе жаткан оюнчуну ат менен урдурганга болбойт” деп жазылып турат. Ал эми эрежени сактай албаган оюнчу эки жылга чейин оюн талаасына чыкпайт деп тартип кодексинде жазылган. Тактап айтканда, эрежеде кырсыктын алдын алуучу шарттардын баары камтылган. Белгилей кетчү жагдай, ат менен адамдын тандеми болуп жаткандан кийин эрежеге байлаш абдан оор, оюнчу баарын көзөмөлдөп жатса дагы, ат жаныбар эми эрежени окуп билбейт да. Ат ала качып кетип уруп кетиши мүмкүн. Кырсыкты бетке кармап оюнду токтоткону – бул эң чоң ката болду. Федерация ансыз да жаңылануу, оңдоп-түзөөнүн үстүндө ар дайым эле иштеп келе жатат.

– Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция, Спорт департаменти “Көк бөрү федерациясы спорттук экипировканы, эрежени иштеп чыгышса, анан оюн уланат” деп билдирди...

– Биз буга кошулбайбыз. Себеби биз Спорт департаментине “сиздер тиешелүү органдарга кайрылыңыздар, атайын илимий адистерди берсин, алар менен биргеликте коргоочу чопкуттарды иштеп чыгалы” деп сунуш бердик. Оюн коргоочу чопкут үчүн токтотулуп турат десе, анда бул туура эмес. Ага узак убакыт керектелет. Аны атайын адистер менен бирге иштеп чыгып, ал чопкут оюнчуга чындап эле ылайык болобу, сыналышы керек. Ал кийим оюнчулардын кыймыл-аракетин чектебегидей болуш зарыл. Ылдамдык менен бара жатканда оюнчу аттан куласа, денесин жыйрып жетишиши шарт да. Көп убакытты, илимий мамилени талап кыла турган иш үчүн оюнду таптакыр токтотуп койгон болбойт. 

Рустам Тыналиев, көк бөрүчү: «Катуу жана оор кийимчен ойной албайбыз»              

– Көк бөрү боюнча республикалык турнирлердин уланышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул эми эзелтеден бери ойнолуп келе жаткан оюн да. Кыштан бери даярдаган аттарыбыз минилбей турат, бардык эле командаларга кыйын болду. Машыгуу жыйындарын өттүк, кымбат аттарды алдык. Аттарды багыш деле чоң чыгаша. Нооруз турниринин уланышынан үмүт үзүп, 9-Майга арналган турнирди болот дедик эле, ал дагы болбой калды. Бирок ага карабай оюндан үмүт кылып турабыз. Биз канча жылдан бери эле ойноп келе жатабыз. Бул оюн кыймылды, шамдагайлыкты талап кылат. Андыктан биз катуу, оор коргоочу кийимдерди кийип ойной албайбыз. Бизге азыркы формабыз эле ыңгайлуу. Мен улакка келгени мындай кырсык биринчи ирет болду. Аны себеп кылып көк бөрүнү токтоткон болбойт, ажал ар кайсы жерден келет да, айтып болбойт.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан