Адам өзү тууралуу фактыларды айтып берип жатып, мурда өзү байкабай жүргөн кызыктуу “табылга” таап алышы мүмкүн экен. “Ой, муну да билет экенмин” деп тамашалаган белгилүү шоумен, тамада Манас Алыкулов өзүн сырттан карап сыпаттап берди.
Аскерде кызмат өтөгөнбү?
– Жок. Аскер кызматына барбай калганымдын себеби, ошол жылдары атам (ред.: куудул Жаныбек Алыкулов) катуу ооруп калды. Мен иштеп баштадым, иштегенде да анча-мынча эмес, түзүк эле акча таба аларыма көзүм жетип калды. Үй-бүлөнүн түйшүгү оңой эмес да. Анын үстүнө аскер кызматына жарабайт деле болчумун, май таманмын. Бирок автомат кармап көргөм, бир тууган агам Жанарбек аскер кызматкери, ротанын командири, ал машыгып жүргөндө атамды ээрчип барган күндөрүм болгон.
Биринчи маянасы, 1 мүшөк ун...
– 6-классымда алгачкы маянамды алгам. Ата-энем менен дайым гастролдо жүрүп, музыкалык аппаратураларды кантип орнотуп, иштетүүнү үйрөнүп алган элем. Ошол жөндөмүм менен мектепте дискотека уюштуруп 600 сом акча тапкам. Ал кезде 600 сом чоң акча эле. Апамды сүйүндүрөйүн деп үйгө бир мүшөк ун, 5 литр май алып баргам. Апам акча тапканыма толкунданып ыйлап жиберген. Ошол бойдон өзүмдү камсыздап көндүм, мектепке кийчү кийимдеримди өз акчама алып, үйгө да жардам берчүмүн. Балдарымды да эмгекке азыртадан көндүрүп жатам.
Окуу жайдан эмнеге айдалган?
– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп-окубай куулуп кеткем. Улуттук консерваторияга тапшырып, аны да аягына чейин бүтүргөн жокмун. Жогоруда айткандай, атамдын көзү эрте өтүп кеткендиктен иштешке туура келип, окууну улантыш кыйын болгон. Акыры Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетин бүтүрдүм.
Тамада болбосо ырчы болмокпу?
– Окуу жайда вокал жана жеке ырдоо боюнча окугам. Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Алтынай Нарбаева менен дуэт ырдагам. Ютубдан көрсөңор болот, калп айткан жокмун. Апам жакшы ырдайт, мага бул талант апамдан өткөн болуш керек. Бирок ырчылык менен кеткен жокмун, мага тамадалык жагып туруп алды. Ошондуктан алып баруучулук кесипти аркалап кеттим.
Кайсы ырчылардын ырларын сүйүп угат?
– Биринчи орунга Ильяз Абдразаковдун ырларын коём. Мирбек Атабековду сүйүп угам. Бек Борбиев жана Гүлнур Сатылганованын фанатымын.
Спортко кызыкпайбы?
– Атам жаш кезинде спортчу болгон, анын ошол шыгы агама жана иним Гүлжигитке (ред.: футболчу Гүлжигит Алыкулов) өтүптүр. Алар белгилүү спортчулар. А менин шыбагама атамдын чыгармачылыгы тийиптир. Спортко мамилем жакшы деп айта албайм. Абдан машыккым келет, бирок...
Эл билбеген өнөрү барбы?
– Эл көп эле өнөрүмдү билет. Тамадалык кылам, ырдайм, бийлейм, актёр катары бир топ тасмага тартылгам. Эл билбеген өнөрүм – жакшы ашпозмун. Менин колумдан тамак жеген адам экинчи кафе-ресторанга баргысы келбей калат. Анан массажды жакшы жасайм.
Тойду башкарууда кыйналабы?
– Негизи он чакты кишини башкарыш кыйын, ал эми тойдо 200-500 киши болот да. Оор иш, бирок ыгын таап, бир нукка салып алсаң жыргал эле жумуш. Жолу ачык, колу ачык той ээсинин тою да жеңил, тез, оңой өтөт. Кээ бирлердин тоюнун бүтүшү тозок, энергияңдын баарын соруп алат.
Үй-бүлөгө камкорбу?
– Көз тийбесин, баш кошконубузга сегиз жыл болду, бир да жолу олуттуу уруша элек экенбиз. Майда-чүйдө, чарт-чурт болсо болгондур, бирок чоң уруш боло элек. Сыры эмнеде? Бир жумада эки күн үй-бүлөмө толук көңүл бөлөм. “Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат” деген кеп бар эмеспи, жубайыма жакшы сөзүмдү арнайм, эмне кааласа аткарам. Чет өлкөгө чыгып турабыз. Төркүнү болсо бизге жапжакын дегендей (күлүп). Бирок социалдык тармактарга аялымды, бала-чакамды көп жарыялабайм. Дагы бир кызыктуу факт: аялымдын бир тууган эжеси менин тамада болуп калышыма себепкер. Музыкант болуп иштеп жүрчүмүн. Бир күнү тойго тамада келбей калды, ошондо ал “сен тамада боло аласың” деп эле ортого чыгарып жиберсе болобу. Мен да макул деп чыгып кетиптирмин. Ошондон бери микрофон колдон түшө элек (күлүп).
Кайсы кыялы аткарыла элек?
– Өзүмдү режиссёр жана актёр катары сынап жакшы тасма тарткым келет. Ушул кыялым орундала элек.
Агалык жоопкерчилик...
– Гүлжигитке көп нерсе үйрөтөм. Кантип сүйлөштү, эл алдында өзүн кантип алып жүрүштү, айтор, жүрүм-турумуна чейин багыт берип турам. Ал жагынан “протокол” мен аркылуу өтөт. Спорт жагын спортчу агам көзөмөлдөйт.
Хейтерлерге мамилеси...
– Бир хейтерди “дарылагам”. Эринбей сүйлөшүп, эмнеге мага жаман сөз жазып жатканын билейин деп атайы чыгынып жолугууга чакыргам. “Жөн эле” дейт. Ал жакшы нерсе эмес экенин айтып, кеңешимди берип айыктырып койгом. Азыр жакшы мамиледебиз. Кээде адамдардын жөндөн жөн эле жини келе берет бири-бирине. Аласа-бересеси деле жок, өмүрү жолдору кесилишкен эмес, бирок жаман көрөт. Эмне кылабыз, жашоо ушундай экен, кээде мага деле кайсы бир адамдар жакпай калат. Бирок эч кимге жаман сөз жазбайм. Кээ бир хейтерлер болбой эле чек араны бузуп кирип алышат, аларга чара колдонуу керек. Курал Чокоев, Бек Борбиев, Кайрат Примбердиев талкууга түшкөндө “жеп эле салайын” дегендер болду, аларга болушуп комментарий жазгам. Ошондо хейтердин баары менин баракчама көчүп келип “орун-очок” алып алышты (күлүп). Эмне кылабыз, чыдайбыз да.
Шоу-бизнесте кимдер менен абдан жакшы мамиледе?
– Шоу-бизнестегилердин 99 пайызы мага сырларын айтышат. Ушундай адам экенмин, мага көп киши жан дүйнөсүн ача алат. Анткени укканды билем, сезимдерин бөлүшө алам, кээде ырчыларды күчтүү молдолорго алып барып дем салдыртам. Баарына көпүрөмүн, бул сапат мага атамдан калган окшойт. Атам да убагында ырчы-чоорчулардын ортосунда көпүрө болгон экен.
Өз көйгөйүн кимге айтат?
– Апама айтам, сырдашам. Апам менен жубайым мени оңдоп-түздөп, сахнага даярдашат.
Кыргыздын салт-санаасын канчалык деңгээлде билет?
– Кесибим тамада болгондуктан салт, үрп-адаттардын баарын эле билем. Билбегендеримди санжырачылардан сурайм, билбей калсам болбой калат го. Эт тартканды, устукандоону да билем. Былтыр кой союп көрдүм, оор иш экен (күлүп).
Нуржамал Жийдебаева