Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Алинин тагдырындагы бул күн өмүр бою жадына жазылып калды. Кийин эстегенде  эчен ирет көзүнө жаш келип, каңырыгы түтөп кете турган оор көз ирмемдер эле. Кызынын аны тааныганын эстеген сайын ичи эңшерилип жатты. Бир эсе таң калды. Көрсө, мээде балалыктын кайсы бир учурлары үзүл-кесил сакталып кала берет тура. Айсулуу Бермет айткандай, болгон абалды болгондой кабыл алды. Ариет эч көнө албай койду. Анын ата-энеси башка экенине эч макул боло албады. “Апамдын жанынан кетпейм” деп көгөрдү. Алинин көнбөгөнгө аргасы жок болчу. Элестин кан басымы көтөрүлүп кетип, ооруканага жатууга аргасыз эле. Кызы менен Али ошол күнү көп жылдан кийин биринчи жолу үйүнө келди.

Дарбазаны ачып абайлап баш салган Айсулуу короону көрүп көздөрү бакырая берди. Анткени бул короону ал дайыма түшүндө көрөр эле.

– Мен ушул жерде отурчумун...- деди Али өз колу менен салып берген селкинчекти кармалап.

– Ооба, кызым, сен ушул жерди жакшы көрчүсүң. Мен силерге өз колум менен селкинчек жасап бергем. Бир жолу  жыгылып кеткениңде катуу ыйлагансың. Сага кошулуп мен да ыйлагам. Селкинчекти бузуп салайын дегенде апаң араң токтоткон.

– Апам?

– Ооба, Элес – сенин апаң.

– Сен жалгыз жашайсыңбы?- деди Айсулуу тегерете карап. Эмнегедир “сен” деп кайрылды. Али Акай да ата-энесине “сен” деп кайрылчу эмнегедир.

– Апаң менен ажырашып кеткенбиз.

– Эмнеге?

– Силерди таппай калдык. Бизге оор эле, мен аны, ал мени күнөөлөдү. Жашообуз биз каалагандай болбой калганда ажыраштык.

– Ал кайда жашайт?

– Турмушка чыккан, кызы бар. Башка үйдө жашайт. Кааласаң, ага да барасың.

Айсулуу ойлонуп калды. Узун бойлуу, абдан сулуу аялды көз алдына келтирди. Такыр апасы катары кабыл ала албай жатты. Баккан апасы Берметти эстеди. Анын жыты да башка. Көзүнүн жашы тегерене түштү. Эмнегедир шарт ордунан турду.

– Мен кетейин, апам кабатырланбасын.

– Айсулуу?!

Али Акай тынчсыздана үнүн катуу көтөрө берди. Кызын кайра жоготуп алуу коркунучу денесин каптап, эмне кыларын билбей кетти. Сезимдери акылына баш ийбей, алдастай түштү. Азыр кетип калса эмне кылат? Деги эле булар өзүнө көнбөй койсо эмне кылат? Балдарынан ажыратканы аз келгенсип, эми да алардын ортосун алыстатып жаткан Берметке жаны кашайып кетти.

Алинин үнү катуу чыкканынан селт эте түштү кыз. Көз алдына баккан атасы тартылды. Анын уруп-соккону, кагып-силккени көз алдына тартылды. Эми гана жылуулук жайылып келе жаткан жүрөгү дирт эте чочуду. “Сен дагы ошондойсуңбу?” дегендей таарына карады Алиге. Кызынын көз карашына туруштук берүү кыйын эле. 

– Мен... Мен сени коркутайын дебедим, кызым. Бирок мени да түшүн. Сен азыр кетсең, мен... Анда эмне кылам? Кантип жашайм? Коркуудан улам...

– Чоң адамдар да коркушабы?- Айсулуу таң кала сурады.

Али көз жашын сүртүп жылмая берди. Бул кызга кантип айтат? Адатта чоң адамдар аябай катуу коркушарын, аларда балдарга караганда ишеним аз болорун, аларга өз амбициялары менен принциптеринен кайтыш кандай кыйын экенин кантип айтат?

– Билбейм, чоңдор коркпош керек дешет. Мен силерди кайра жоготуудан корком. Сен кетпесең, ушул үйдө мени менен калсаң... Болбойбу?

– Мен келип турам...

Али башын чайкады.

– Сен менин кызымсың, силердин ордуңар менин жанымда.

– Апамды кантип таштайбыз?

– Ал сенин апаң эмес!

– Менин апам Бермет!

Аргасыз оор үшкүрдү Али. Көзүн жумуп, ачуусун басайын деп ичинен санай баштады. Бир, эки, үч... Болбоду. Ачуусунан жаагы карышып чыкты. Ал балдарын кайра Берметке бере албайт болчу. Эгерде балдарды алыш үчүн түрмөгө отурушу керек болсо, демек, отурат!

Өмүрүндө ушунчалык ачуусу келбесе керек. Бир аз өзүнө келгенде көзүн ачса кызы жок. Жүрөгү шуу дей түштү.

– Айсулуу?

– Мен бул жактамын.

Ал эбак үйгө кирип, сүрөттөрдү карап жаткан экен. Атасы жеңилдене дем алды.

– Булар биз, ээ? Эмнеге ар жерге илип алгансың? Бардык жерде биздин сүрөттөр. Конок үйдө, ашканада...

– Силерди унутуп калбайын деп корктум. Булар мага жылдар бою күч берди. Кайсы бир күнү сөзсүз силер ушул үйгө киресиңер деп бөлмөңөрдү да өзгөрткөн жокмун. Силер бар кезде кандай болсо, ошондой жасалгада турат.

Кызы үйдү айланта карап чыкты. Аны алаксытмакка атасы жылмая карады.

– Хм, тамак жасайлыбы?

– Макул, тамак жасаганды жакшы көрөсүңбү?

– Мен бир нерсени чече албай жатканда сөзсүз тамак жасайм. Япон психологу Хасумду үзбөй көрөм, жардам берет.

Атасы менен кызы ашканада тамак жасап жатышты. Олуттуу түр менен тамак жасаганга жардам берип жаткан кызына көз кырын салды. Акылдуу, эмоциясын башкара билген, эң негизгиси боорукер кыз болуп чоңоюптур. Өзүнө окшоштуруп алып бир ыйлагысы келет, бир күлкүсү келет. Тагдырына ыраазы болуп жатты. Тамак даяр болуп ата-кыз маңдай-тескей отурушту.

– Сен үйлөнгөн жоксуңбу?

Дал эле атасындай бир нерсени түз сурайт экен. Күтпөгөн эле, какап кетти Али. Жай жооп берди.

– Жок, мен үйлөнгөн жокмун.

– Эч ким жокпу жашооңдо?

Кыз эмнегедир такып сурады. Алинин шаштысы кетип калды. Жүрөгүндө бир үрөн болуп келе жаткан сезимин айтсабы?.. Башынан чынчыл болгусу келди. Кызынын талап кылган көз карашынан кутула албай  тердеп кетти.

– Бирөө бар...

– Анан?

– Билбейм, мен ага жагамбы, ал кандай карайт, билбейм?

– Сурай элексиң...

– Жок, сурай элекмин. Эмнеге сурап калдың?

– Менин апам менен чогуу жашаса дедим да, бир ой келип кетти. 

– Элеспи?

– Жок, апамчы, Бермет.

– Аа, жок,- Али жанталаша башын чайкады.

– Сенин апаң менен чогуу жашоо мүмкүн эмес.

Эки чайнап, бир жуткусу келип жаткан аял менен бир үйдө кантип турмак. Аны түрмөдө чиритпегенине дуба кылсын, балдар болбосо эбак... Бул нерсе акылдуу кыздын көзүнөн качкан жок.

– Ариет экөөбүз келип туралы.

– Кызым!

– Андан башка жол жок, мени жеткирип коёсуң да, ээ?

Так-так сүйлөдү да туруп кетти кызы. Али эмне деп айтарын билбей калды. Кызынын аркасынан жалдырап карап туруп калды.

              ххх

– Ал жакшы...

– Ии, жакшы болсо барып жанына жаша. Мен апамдан эч кайда кетпейм.

– Сен жинди болбочу, эгерде ошенте бере турган болсок, апамды түрмөгө камап салышат,- деди шыбараган Айсулуу.

– Эмне-е?

– Анын телефондон сүйлөшүп жатканын уктум, Ариет. Апамды каматып коё турган күчү бар. Негизи эле балдарды уурдаган кылмыш экенин билесиңби?

– Апам бизди уурдаган жок!

– Балдарды уурдап алган адамды жашырган  адам да жазага тартылат. Билбейсиңби ушуну да?!

Айсулуу агасын көшөрө тиктеди.

– Анан? Эмне кылыш керек?

– Алдаш керек. Кимди?

– Атабызды.

– Хе-хе, сен ата деп алыпсың го эми эле.

– Атам болсо ата дейм да.

– Болуптур, кантип алдаш керек?

– Аптанын үч күнүн анын үйүндө, төрт күнүн апам менен өткөрүш керек. Баса, анын тааныштары көп экен, апама операция жасай турган врачты да таап бериши мүмкүн. Ал биз барсак гана жардам берет.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан