Корейлердин белгилүү “Кальмар оюну” сериалынын 3-сезону ушул жылдын 27-июнунда экранга чыгары белгилүү болду. Акыркы сезон делген сериалдын трейлерин Netflix жарыялады. Актёрдук курамда өзгөрүү жок, андыктан 2-сезон менен тааныш адамдар билген каармандарды кайрадан көрө алышат. Негизги актёрдук курамда: Ли Жон Жэ, Ли Бёнхон, Ви Хаджун, Лим Сиван, Кан Ханыль, Пак Сонхун, Ян Донгын, Чо Юри, Кан Э Сим, Пак Кюён жана башкалар. Биринчи, экинчи жана үчүнчү сезондун сценарийинин автору жана режиссёру Хван Дон Хёк. Башында сериал эки бөлүктөн гана турат дешкен эле тартуучу топ. Бирок режиссёр 3-сезон тартылары тууралуу маалыматты 2021-жылы билдирген. Анткени 2-сезон узакка созулуп кеткендиктен аны экиге бөлүп салуу чечими кабыл алынган. Акыркы эки сезон бир убакта тартылган, тагыраагы, 2023-жылдын жай мезгилинен 2024-жылдын июнуна чейин. Андыктан 2-сезон чыкканынан жарым жыл убакыттан кийин эле акыркы бөлүм жарыяланганы турат.
Сериалдан эмнени күтсө болот? Эсиңиздеби, 2-сезондун аягында 456-номердеги Сон Ки Хун кармалган боюнча сериал бүтүп калган. 3-сезондо ал кайрадан оюнга кошулат, кайрадан уюштуруучуларды кармаганга, оюнду токтотконго, оюнчулардын жанын сактап калганга аракет кылат.
Netflix платформасында англис тилдүү эмес сериалдардын арасында биринчи орунда “Кальмар оюну” сериалынын 1-сезону турат, ал 91 күн аралыгында 265 миллион көрүү топтогон. Экинчи орунда болсо аталган сериалдын экинчи сезону, ал платформага чыккан алгачкы 11 күн аралыгында 126,2 миллион көрүү топтогон. Эки сезон тең Netflix’тин рекордчулары. 1,5 айдан кийин акыркы бөлүм чыкканы туратгат, анын рекордун алдыда көрө жатарбыз.