“31 ЖЫЛ МУРУНКУ КЫРСЫКТЫН КҮЙҮТҮН АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН ТАРТАМ”

Бир күндө бардык жакындарынан айрылуу кандай азап... Каарманыбыз көп жыл мурун ошондой сыноону баштан кечирип, учурда Бишкекте жалгыз жашайт. Баары каргашалуу жол кырсыгынан башталыптыр.

“Таякемдин колунда чоңойгом”

– Аты-жөнүм Евгения Жоомартова, учурда 79 жаштын тамагын ичип жатам. Көп жылдан бери Бишкекте батирде жашайм. Мурун шарты жакшыраак батирлерде айына
10 миң сомдон төлөп жашап жүрсөм, кийин каражаттын айынан жалаң арзанын издей баштадым. Азыркы бир бөлмөлүү батирге 4 миң сом төлөйм. Суу, таштанды, электр жарыгы сыяктууларга төлөгөндө айына 6 миң сом болуп кетет. 

Төркүнүм Тоң районунун Эшперов (мурунку Большевик) айылы. Мени 2 айлыгымдан таякем багып алып, ошонун колунда чоңойдум. Жогорку окуу жайды Ленинграддан (азыркы Санкт-Петербург шаары) бүтүргөм, кесибим – орус тили жана адабияты мугалими. Мектептерде иштеп жүрүп, директорлук кызматка чейин жеттим. Ысык-Көлдүн Бостери айылынын кулунуна турмушка чыгып, 2 кыз, 2 уулдуу болдум. Эл катары уул-кыздарыбыз менен бапырап күн кечирип жатканбыз...

“Каршы келе жаткан унаанын жарыгынан жол көрүнбөй калды”

– 1994-жылы Ысык-Көлдө иштеген кайын сиңдим кызматынан көтөрүлүп, Бишкекке которулуп кетти. Жолдошум экөөбүз унаабызга бала-чаканы салып алып, аны куттуктаганы Бишкекке бардык. Эртеси күнү кечинде кайра үйгө кайттык. Тору-Айгыр айылына жетип калган элек, каршылаш тилкедеги унаа алыс аралыкка берилчү жарыгын күйгүзүп алып катуу келе жатыптыр. Ошонун жарыгынан жол көрүнбөй калды. Ай-буй дегиче болбой унаабыз менен алды жакта токтоп турган автокрандын астына кирип кеттик. Карс-курс дей эле түштү, ошо менен эч нерсени билбейм. Унаанын айнегинен сыртка ыргып кетиптирмин. Мен жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жатып араң өзүмө келдим. Балдарымды, жолдошумду сурасам “жакшы, башка ооруканаларда жатышат” деп коюшту. Көрсө, мага калп айтышыптыр. Жолдошум менен 4 балам ооруканага жетпей, жолдо эле каза болуп калышыптыр... Ооруканадан чыгып үйгө барсам, алардын кыркылыгы өтүп жатыптыр. Ошондо угузушту суук кабарды. Бешөөнө катарынан жай казып коюшкан экен. Ишене албай өзөгүм өрттөнүп, үнүм Кудайга угулгудай бакырып ыйладым. Коколой башым калганы үчүн Кудайга нааразы болуп жаттым. Тагдырыма ушундай азап жазылган экен (ыйлап).

“Өз үйүм көзүмө суук көрүндү, жашай албадым”

– Ошентип бир үйдө жалгыз калдым. Жакындарымдан айрылууга такыр көнө албадым, кайсы бөлмөгө кирсем да балдарым менен жолдошумдун буюмдары көзгө урунат. Ыйлайм, өксүйм, айтор, жинди болуп кетейин дедим. Ошол күйүт, кулак-мурун кескендей жымжырттык мени жей берди. Өз үйүм көзүмө суук көрүнүп, ал жерде жашоо мүмкүн болбой баратты. Ал үйдө жашап туруп жоготкон жакындарымды 1 мүнөт да эстебей, ойлобой коюуга мүмкүн эмес эле.

Үйдү жаңыртып ойногон, бир жактан келсем “апалап” тосуп чыккан балдарым, мени сыйлаган жолдошум жок жашоонун кызыгы өчтү. Акыры үйүмдөн көчүп кеттим, ошондон бери Бишкектемин. Өлбөстүн күнүн көрүп келем. 

“Жалгыздык кыйнайт”

– Муктаждыктан мурун жалгыздык кыйнайт, төрт дубалга камалып отургуча деп кээде дүкөндөрдүн алдына чыгып отурам. Айрымдар тыйын-тыпыр таштап кетишет. 2 боорукер кыз дайыма келип кабар алып турушат, аларга Кудай өмүр берсин.

Буттарым варикоз, бастырбай оорутат, тулуптай болуп шишип кетет. Өнөкөт ооруларым да бар. Жакшылап текшерилип дарылансам деле болмок, бирок тагдырга таарынып, өзүмө кайдыгер карап көп жылды өткөрүп жибердим окшойт (ыйлап). Ысык-Көлдөгү үй деле эскирди, аны бирөөлөргө табыштап койгом. Ал жакка барбайм, барсам ушунча жыл өткөнүнө карабай эски жараларым козголуп, жаман болом. Батиримде чакан телевизор, төшөнчүлөрүм бар. Абалымды сурап кайрылгандарга күйүтүмдү айтып алсам жеңилдей түшөм. Тигил-бул керек деп наалыбайм. Мени жалгызсыратпай, колдоо көрсөтөм дегендер болсо каршылыгым жок. Айтарым, тирүү кезинде жакындарыңарды урматтап, сыйлагыла, балдарыңарга көбүрөөк убакыт бөлгүлө.    

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

О!Деньги: 0704 05 50 45 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан