“АКЧАНЫН АЙЫНАН ООРУКАНАГА ЖЕТПЕЙ ЖҮРӨБҮЗ”

Дагы бир каарманыбыз Аида Жумабекова талма дартынан азап чегет. Бүгүнкү күндө үй-бүлөсү менен Таласта кампа базаларынын бириндеги эски имаратта күн кечирип келерин, жардамга муктаж экенин айтат. 

“Бекер иштеп, бекер жашайбыз”

– Азыркы тапта 28 жаштамын, Таластын Бакай-Ата районунан болом. 2024-жылдын декабрь айынан бери үй-бүлөбүз менен Талас шаарындагы кампа базасынын бир имаратында күн кечирип келебиз. Келишим боюнча базаны кайтарып, кышында от жагып беришибиз керек. Ошого жашаган жерибизге акы төлөбөйбүз, айлык да албайбыз. Башында Талас шаарында батирден батирге көчүп жашап жүрдүк. Жолдошум Таластын Үч-Эмчек айылынан болот. 3 жашында атасы каза болуп, таенесинин колунда өскөн. Апасы 2010-жылы каза болуп калган. Экөөбүз 2018-жылы турмуш курганбыз, учурда 4 балабыз бар. Улуусу 6 жашта, кенжеси 8 айлык.

“Менин талмам бар, күйөөм да ишке жарабайт”

– Күйөөмдүн жүрөгү ооруйт, ал дарты мурунтан эле бар экен. Белинде грыжасы да болгондуктан оор жумушка жарабайт. Жүрөк жана бут оорулары кармаганда шишип кетет, кыйналат. Ошого алы жете турган жумуштар чыкса иштеп калат. 4 жылдан бери менин талмам кармайт. Талма күтүүсүз кармайт эмеспи, ысык нерсенин, таш, учтуу буюмдардын үстүнө кулап түшпөсөм экем деп коркуп турам. Врачтар “ооруканага жатып дарыланып турушуң керек” дешет. Бирок жолдошум да, мен да каражаттын айынан ооруканага жата албайбыз, дарыларды ичип коюп гана жүрөбүз. Кээде ошол дарыларга да акча таппай калабыз. Бишкекке барып толук текшерилип, так диагнозду билип, ооруканада жатып дарыланалы дейбиз, бирок каражат маселеси тушайт. 

“Кызыбызга да кам көрүү керек...”

– Төрт жашар кызымдын өсүүсү артта калууда. Тили эми гана чыгып келе жатат. Салмагы орточо 15 килограмм болушу керек экен, кызым 8 килограмм эле чыгат. Таластагы врачтарга көрсөтсөк “витаминдүү тамак ичпегендиктен салмагы аз, бою кичине. Бишкекке алып баргыла” деген. Жакында Бишкектеги врачтарга текшертип келдик. Алар дарыларды жазып берип, “витаминдерди ичиргиле, кайра келип текшерилесиңер” дешти. Бирок акча жок, ошол дарыларды да ала алган жокпуз. Калган балдарым да "буттарыбыз ооруйт" деп көп ыйлашат.

Кыскасы, биздин үй-бүлө толук текшерилип, дарыланууга муктаж болуп турабыз. Бир туугандардын өз турмушу бар, бизге эле кам көрүп жүрө алышпайт. Ошондуктан жардамды, калайык-эл, сиздерден күтөбүз. Бизден кайтпаса да Кудайдан кайтар.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0500 319 696

 

Канымжан Усупбекова   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан