“Чоочун кишинин” Зыйнаты, башкача айтканда, аталган сериалдагы актриса Арина Исакова маек төрүбүздө. Ал жашоосундагы чоң жоготууларын, үй-бүлөлүк бактысын, чыгармачылыгын кенен кеп кылып берди.
– Кутман күн, Арина! Маекти сиздеги акыркы жаңылыктардан баштасак...
– Кутман күн! Шүгүр, баары жакшы, ден соолук жайында. Жаңылык – театрды убактылуу токтоттум. Аман болсок дагы иштейбиз деген үмүтүм, ниетим бар. Кинодо жакшы актриса болуш үчүн эмне керек десе, машыгуу керек демекмин. Ал эми актрисанын машыга турган жери – театр. Ошондуктан баары алдыда. Театрга да, киного да, үйгө да толук көңүл бура турган учур келет деп ойлойм.
– Үй-бүлө менен карьераны бирге алып кетүү кыйынбы?
– Баарына жетишем, супер айыммын деп айта албайм. Мага жолдошум (ред.: актёр Аскар Качкынбаев) жардам берет, биздин үйдө аялдын же эркектин жумушу деп бөлүштүрүү жок. Ким эмне колунан келсе кыла бермей. Андан тышкары ата-энебиз (ред.: кайната, кайнене) жардам берет. Тартуу иштерине барышым керек болсо балдарды жолдошум карайт. Айтор, бардык ишти чогуу жасап келе жатабыз.
– Жолдошум деп калдыңыз. Социалдык желедеги баракчаңызга назар салсак, сиздердин мамиле кыз-жигиттикиндей эле активдүү сезилет...
– Биз 5-6 жыл сүйлөшүп, анан баш кошкондорго кирбейбиз. Үч жума сүйлөшүп эле үйлөнүп алганбыз. Азыр ойлосом, биз ошол жашабай калган кыз-жигит мамилесинде эми жашап жатат окшойбуз. Албетте, сүйүү менен турмуш курдук. Анан тиричилик башталды, балдар төрөлдү дегендей. Азыр эми балдар чоңойгондо ошол этапты баштан өткөрүп жатат окшойбуз. Ар дем алыш күнү жолдошум экөөбүз “свидание” уюштурабыз.
– Сонун. Бирөөнүн жары экениңизди билбей, сизди “Чоочун киши” сериалындагы Зыйнаттын образында көрө бергендер барбы?
– Көбүнчө коомдук унаа менен жүрөм. Башкалардын “ушул кызды кайдан көрдүм эле?” дегенсип карап калышканын байкайм. Тааныгандар жакын келип сүрөткө түшүп алууну суранышат. Кинону түшүнбөй “сенин бетиң жок, Толкунбектин турмушун буздуң” дегендер кездеше элек. Жакында сериалдын продюсери Жеңишгүл Өзүбекованын туулган күнүндө болдук. Боз үйгө кирип барсак “оо, Зыйнат келди” деп тосуп алышса кубандым. Сериалдын өмүрү узун болот эмеспи тасмага караганда, көрүүчү кайра-кайра көрө берет. Элге жүзүм таанылып калды болуш керек. Бирок жылдыз болуп кеткен жокмун (күлүп).
– Каарманыңыз Зыйнат сүйүү үчүн көп курмандыкка барган аял. Сиз сүйүү үчүн кандай курмандыкка бармаксыз?
– Сүйүү үчүн эң чоң курмандык – сүйгөн адамыңды коё берүү деп ойлойм. Мисалы, жуптардын бири “мен сени сүйбөй калдым” десе, “эмнеге?” деп сурабай туруп узатып коюу – чоң эрдик. Өмүр бою коё бербей тырмышып жүргөндөр деле бар, бирок бактысыз болушса керек. Кудай сактасын, сүйгөнүм мага сезими өчүп, башканы жактырып калса аны кармап кала албасам керек.
– Сиздердин үйдө кандайдыр бир ички мыйзамдар же эрежелер барбы?
– Бир мыйзамыбыз бар. Жолдошум үйлөнгөндө эле айткан “мени ук, башка эч кимди укпа” деп. Ал дагы мени угат, башка эч кимди укпайт.
– Жубайлар канткенде бири-бирине кызыктуу бойдон калышат деп ойлойсуз?
– Экөө тең өсүшү керек. Күн сайын башкача болуу кажет деп ойлойм. Мисалы, мен театрга жолдошумдун жаңы ролун көрүш үчүн барам. Ар күн сайын барсам, ар биринде ар башка кыры ачыла берет. Мен кайра жаңы таанып, сүйүп калгандай болом. Жашоодо да, чыгармачылыгында да мени таң калтырып бүтпөйт. Мен да күтүүсүздүккө бай адаммын, кышында “көлгө түшөм” деп калышым мүмкүн. Жамгыр жаап жатса “тоого кеттик” деп калмайым бар. Жолдошум да мени карап улам жаңы китеп окугандай боло берсе керек.
– Сүйүп турсаңыз да сүйүктүүңүздүн кандай мамилесине же жоругуна чыдабайт элеңиз?
– Зомбулук кылса чыдай албайт элем. “Балдарга ата керек, эл эмне дейт?” дебейм. Сүйүү деп аял өзүн курмандыкка чалбашы керек. Өз апам үй-бүлөлүк зомбулук көргөн үчүн мага бул “оорулуу” тема. Апам мурунку никедеги күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн сырдашып отурганда айтып берчү. Эки агамдын атасы башка киши. Өзүм көргөн эмесмин, апамдын айтканынан улам билем. Ал кишиге бир жолу жолугуп калдым. Апамдын көзү өтүп кеткенден кийин болчу. Көчөдөн көрүп эле агаларыма окшоштуруп тааныдым, барып агаларымдын атын айтып “ушуларды тааныбайт белеңиз?” дедим. Ал дагы мени апама окшоштуруп таанып, нес болуп катып калды. “Апамдын көзү өтүп кеткенин билесиз да?” десем, “ооба” деди. “Каза болор алдында сизди кечиргенин айткан, мен да сизди кечирдим” деп басып кеттим. Ошондон кийин ал кишиге болгон таарынычым жок болуп кеткенсиди.
– Апа менен кыздын сүйүүсү өзгөчө болот эмеспи, апаңыз тууралуу айтып берсеңиз оор болбосо...
– 60-70 жашка чыксаң деле апаңды кечээ эле жоготкондой боло берет экенсиң. Апам кесиби боюнча мугалим эле, үч баласына бактылуу балалык тартуулады. Жакшы тарбия бергени ушул, “Чолпондун балдары келе жатат, карагылачы” деп эл үлгү кылчу балдар болдук. Апам менен 14 жашыма чейин чогуу болдум. Сырдашчу элек, койнуна жатчумун. Абдан эркелетип чоңойтту. Агаларым “кызыңыз эмнеге иш кылбайт?” деп атаандашып калышса, “турмушка чыкканда кылат” деп койчу. 48 жашында көзү өтүп кетти.
– Балдарыңызга кандай тарбия берип жатасыз?
– Ата-энеден эмнени алсак, ошону эле берет экенбиз. Балдарымдан тамак ичкен идиштерин жууп, жыйнап коюшун, кийимдерин иреттүү кармашын эрте эле талап кыла баштагам. Апамдын аты Чолпон, асмандагы чолпон жылдызды карап “мен ушулмун” деп калчу. Азыр балдарым ошол жылдызды карап “таене, кандайсыз?” деп учурашып калышат. Кээде чолпон жылдыздын жанынан башка бир жылдыз көрүп калсам аны кичүү агама окшоштурам. Ал агам апамдын көзү өткөндөн кийин, 25 жашында кайтыш болгон. “Аа, байкем апамдын жанында турбайбы” дегендей бир ой келет.
– Апаңызга кат жазсаңыз эмне деп жазмаксыз?
– Кээде өспүрүм кыздарды карап, канча жашта болду экен деген ой келет. Мен апамдан ажырагандагы куракта болуп калса ичим өрттөнүп кетет. Демек, ушул жашта болгон экенмин да деп. Апамды жоготкондо көңүл айтканы бирөө келип “ий, байкушум ай, эми сен эмне болосуң?” деген эле. Балким, жакшы мааниде айткандыр, бирок мага абдан башкача угулган. Мен “ничего, я не пропаду” деп жооп кайтаргам. Ушунчалык ишеним менен так жооп бергем. Сөзүмө туруш үчүн абдан аракет кылдым. Апама кат жазсам “апа, сөзүмө турдум, менде баары жакшы. Эки неберең бар, улуу балам сага, кичүүсү кичүү байкеме окшош, мүнөзү да таякесиникине окшош. Күйөө балаңды көрсөң, жакшы көрмөксүң” деп жазат болчумун.
– Жашооңузда мындан ары баары жакшы болсун. Маегиңизге рахмат.
Нуржамал Жийдебаева