ГЕМОРРОЙ жана анын түрлөрү     

Статистикага таянсак, Кыргызстанда проктологго көрүнүүгө барган чоң адамдардын дээрлик 90 пайызында геморрой дартынын оор же жеңил түрү бар экендиги аныкталат. Геморройду айыктырбаса кесепети жакшы болбойт дейт Бишкектеги Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн врачы Сали уулу Бексултан.

Вена кан тамыры көөп, кеңейип кетет                   

– Геморрой грек сөзү, бизче “кан агуу” дегенди билдирет. Кайсы бир себептерден улам кичи жамбаштагы кан айлануу начарлайт. Ушундан улам түз ичегинин төмөн жагындагы чырмалышкан вена кан тамырларында кан туруп кала баштайт. Ушундан улам кан тамырлар кеңейип, көөп, геморройдук түйүндөрдү түзүп калат. Оору билинбей өнүгө берет. Дарттын курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү бар. Мындан тышкары ички, тышкы, аралаш деп да бөлүнөт. 

Дартты 2 фактор жаратат

– Биринчиси – кан тамыр фактору. Венада кандын туруп калышына кичи жамбаштагы рак, ичеги инфекциялары, порталдык гипертензия (курсак көңдөйүндөгү органдардан боорго карай кетчү венада басымдын көтөрүлүшү), жүрөк оорулары жеткирет.

Экинчиси – механикалык фактор. Бул геморройдук түйүндөрдү кармап туруучу ичке ичегинин булчуңдарынын иштешинин бузулушу. 

Буга төмөнкүлөр себепкер:

• Аз кыймылдуулук. Мисалы, жумушка байланыштуу такай отуруп иштөө режими 

• Кара жумуштун таасири, оор жүктү көп көтөрүү. Мисалы, жүк жүктөөчү болуп же курулушта иштөө

• Жашылча-жемиштерди аз колдонуу

• Ашыкча салмак

• Аялдын төрөттө алган жаракаттары

• Тукум куучулук

• Кичи жамбаштагы булчуңдардын тубаса алсыздыгы

• Чылым чегүү, ичимдик ичүү. Булар түз ичегинин булчуңдарынын иштешине терс таасир этет

• Кош бойлуу кезде түйүлдүктөн улам кан тамырлардын кысылып калышы. Аялдын ичи өтсө же катса, туздуу, ачуу тамактарды көп колдонсо, анда веналар ого бетер чыңалат да, геморройдун жаралуу коркунучун күчөтөт

Ички, тышкы, аралаш геморрой деген эмне?

– Сырткы геморрой – ичке ичегинин ооз жагына (көтөн чучук) жакын жердеги чырмалышкан веналардын кеңейип, геморройдук түйүндөрдүн сыртка чыгып калышы. 

Белгилери:

• Ичти бошотуу кезинде же дааратканада узакка отурууда, кара жумушту көп жасаганда, оор нерселерди көтөргөндө, катуу жөтөлгөндө көтөн чучуктун ооз жагы оорутат.

• Кычыштыруу, ачыштыруу сезилет.

• Кээде кан агат. 

Ички геморрой – көтөн чучуктун былжырынын алдындагы веналардын кеңейип кетип, геморройдук түйүндөргө айланышы. Түйүндөр убакыттын өтүшү менен сыртка чыгып калат. Башталышында түз ичегини эндоскопиялык изилдөөдө гана билиниши мүмкүн.

Аралаш геморрой – чырмалышкан ички да, сырткы да веналардын кеңейип кетиши.

Оорунун 4 стадиясы бар

I стадия. Ичке ичегиде нервдин бүткөн жерлери аз, андыктан бул стадияда оорутуу билине бербейт.

II стадия. Бул стадиянын башталышында күч келгенде, мисалы, адам оор көтөргөндө, ыйынганда түйүндөр сырткы чыгып кетет да, кайра ордуна келип калат. Кээде түйүндөр ичкери кирбей кыпчылган бойдон калат. Кол менен киргизүүгө туура келет. Белгилери: кычыштыруу, ачыштыруу, каноо. Адам дааратканага барбаса деле көтөн чучуктан абдан аз көлөмдө былжырлуу суюктук ага баштайт.

III стадия. Түйүндөр түшүп, аны кол менен гана ичкери киргизүүгө туура келип калат. Дааратканага барбаган учурда деле оорутат, канайт. Оор көтөргөндө, узак басканда оорутуу күчөйт. Көтөн чучуктун оозунда бөтөн нерсе тургандагыдай сезим болот.

IV стадия. Түйүндөр ичке ичегинин былжыр чели менен кошо сыртка биротоло чыгып, кол менен да ичкери киргизүүгө мүмкүн болбой калат. Дааратканага барганда сызылып кан агат. Оорутуу басылбайт, адам көпкө отура албайт. Дарттын акыркы стадиясында геморройлук түйүндөр нокоттой же жаңгактын көлөмүндөй болуп сыртка чыгып, көрүнүп калат. 

III жана IV стадияда операция жасалат

– Диагноз үчүн көтөн чучукка колоноскопия, ректороманоскопия (көтөн чучук аркылуу эндоскопиялык текшерүү) жасалат. Дарттын I, II стадиясын консервативдүү түрдө дарылоого болот. Аларга дары май, свеча, таблетка, тамчылатма дарылар кирет.

III, IV стадиясында консервативдүү дарылоо жардам бербейт. Операциялык ыкма гана колдонулат. Ичегилерин тазалоо максатында 1 күн мурун бейтапка ич өткөрүүчү каражат берилет, клизма жасалат. Операцияда лазер менен алып салуу, инфракызыл нурлар менен геморройлук түйүндөрдү күйгүзүү же кадимки эле геморроидэктомия ыкмаларынын бири тандалып алынат. Көпчүлүк учурда чычаң жакка салына турган сакралдык анестезия (наркоз) колдонулат. Операция жасалчу жердин тегереги оорутууну сезбейт, адам ойгоо болот. Оорунун стадиясына жараша операциянын убактысы 30-60 мүнөттү түзөт. Бейтап ошол эле күнү үйүнө чыгарылат же 10 күнгө чейин ооруканада жатат. Үйгө чыккандан кийин хирургдун көзөмөлүндө болуп, врач жазып берген дарыларды колдонууга тийиш. 

Дарылабаса анемия жаралат, ткандар чирийт

– Эгер адам дарыланбай дартты өтүштүрүп жиберсе, анда анемия, тромбоз (геморройлук түйүндүн ичине кан уюп калуу), некроз (ткандын чирип башташы), парапроктит (сезгенүүдөн улам көчүктүн айланасындагы теринин алдындагы майлардын ириңдеши) келип чыгат. Мындайда дарылоо кыйындайт. Белгилей кетчү жагдай, көтөн чучук ооруса эле көпчүлүк геморрой деп ойлошот. Бул туура эмес, анткени көтөн чучуктун оорулары бир топ. Андыктан так диагнозду проктолог гана коёт. Бейтап өз алдынча дарыланууга болбойт. Мисалы, өз алдынча айыгам деп көтөн чучугуна жүгөрүнүн сүт кездеги дүмбүлүн, бадыраң, чийки картошка салгандар, аарыга чактыргандар кездешет. Мындайда айрымдарыныкы ары кетип калып, бизге келишкенде чыгарып берип жана айыктырып келебиз. 

Кош бойлуу аялдарга эскертүү!

• Кош бойлуу аялдагы геморройду дарылоо кыйын. Анткени дарылар түйүлдүккө терс таасир этет. Андыктан төрөөнү пландаган аялдар аталган оорусу болсо, алдын ала дарыланышы зарыл.

• Кош бойлуу аялдарда некроз, парапроктит, сыртка чыгып калган геморройлук түйүндүн көтөн чучукка кысылып калган учурлары күтүлүп,  аялдын өмүрүнө коркунуч туулса, аргасыз операция жасоого туура келет. 

Геморрой жаралбашы үчүн...

• Такай отуруп иштөөгө аргасыздар убак-убагы менен ары-бери басып, кегель көнүгүүсүн жасап турушу зарыл.

• Жаш балдарды “горшокко” узакка отургузбоо кажет. Бала ошого көнүп кетет.    

• Чоңдорго деле колуна смартфон кармап, ажатканада узакка отура берүүгө болбойт.

• Ич катуунун алдын алып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеп, суюктукту көп ичиш керек. 

• Ачуу жана камыр тамактарды аз жеп-ичүү сунушталат.

• Газдалган суусундукту дайыма ичүүдө газ ичегини кеңейтип, узартып, жоонойтуп салат. 

• Оор жүктү туура көтөрүүнү үйрөнүү керек.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан