Жеңилүүсүз беттештерди өткөрүп келе жаткан Кыргыз мушкери Ражабали Шайдуллаев 4-майда RIZIN уюмунун чемпиондук курун жеңип алды. Японияда кыргыз желегин желбиретип, алгачкылардан болуп Кыргыз жерине бул уюмдун чемпиондук курун алып келген мушкерибиз менен жеңиши, спорттук жолу тууралуу баарлаштык.
Анкета
Туулган жылы – 2000-жыл, 10-ноябрь
Туулган жери – Тажикстан, Жерге-Тал
Бою – 170 сантиметр
Билими – Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин лингвистика факультетин бүтүргөн
Жетишкендиктери – Грэпплинг боюнч 3 жолку Кыргызстандын чемпиону, жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, эрежесиз эр уруш боюнча 14 беттешти жеңилүүсүз өткөргөн.
– Ражабали, жеңишиңиз менен куттуктайбыз. Алгач эле Токиодогу чемпиондук титул үчүн болгон беттеш тууралуу кеп кылалы. RIZIN уюмунун чемпиондук курун алгачкылардан болуп мекенге алып келдиңиз да...
– Чоң рахмат. Мен RIZIN уюму менен келишим түзгөндө эле бул уюмдун чемпиону болом деген максат койгом. Кудай буюруп, жакшы даярдык көрүп ошол күнгө жеттик. RIZIN уюмунун чемпиондук курун Кыргызстанга эле эмес, Орто Азияга алгачкылардан болуп алып келдим. Келечектеги милдетим — бул чемпиондук курду татыктуу коргоо.
– Атаандашыңызга токтоло кетсеңиз...
– Атаандашым бразилиялык Клебер Койке, азыркы тапта Японияда жашап, ошол жакта машыгууларын өткөрүп келет. Спорттук карьерасында 40тан ашык беттеш өткөрүп, 35 беттешинде жеңишке жетишкен. Өтө тажрыйбалуу мушкер. Биз машыктыруучулар менен биргеликте өтө жакшы деңгээлде машыгуудан өтүп барганбыз.
– Алдын ала эле уюмдун курун алып келем деп ишенимдүү айтып жаттыңыз эле. Бул өзүңүзгө болгон ишеним беле же жөн гана атаандашка карата чакырык беле? Дегеле бул беттешке канча убакыт даярдандыңыз?
– Негизи эле уюм атаандашты бергенде анын буга чейин өткөргөн беттештерин көрүп, күчтүү жана алсыз тараптарын байкап, ошого жараша даярдык көрүп келем. Бул атаандашыма деле жалпы командабыз менен ошондой максаттуу даярдандык. Өзүмдүн даярдыгыма ишеним болгондуктан ошондой чакырыктарды таштап жаттым. Мен бул чемпиондук беттешке толук 2 ай даярдандым. Башында орозо учурунда ооз ачкандан кийин жеңил машыгууларды өткөрүп жаттым. Орозодон кийин эки мал күчтүү машыгууларга өттүм. Жакшы даярдык менен бардым.
– Профессионалдык деңгээлде канча беттеш өткөрдүңүз?
– Профессионалдык карьерамда жалпы 14 беттеш өткөрүп, он төртү тең жеңиш менен коштолду. Мен бул спорттогу жолумду 2019-жылы Бишкектен “Баатырбашы” уюмунан баштагам. Бул уюмда 3-4 беттеш өткөрүп, анан Чечнядагы ACA young eagles деген уюмда 3 беттеш, андан кийин Абу-Даби, Кореянын уюмдарында беттеш өткөрдүм. Анан RIZIN уюму менен келишим түзүп калдым. Анын алкагында 4-беттешимди өткөрдүм. Бул уюм менен менеджерим Марат Бекмуратов аркылуу 3 беттешке келишим түзгөнбүз. Ал эми чемпиондук беттеш бул биздин жаңы келишимибиздин негизинде өттү. Жылдын аягына чейин, буюрса, дагы эки беттеш өткөрөм. Уюштуруучуларга “мага кайрадан эле беттеш бергиле, мен чемпиондук титулумду коргоого даярмын” дедим. Уюм качан беттеш берсе, биз ошого даярбыз.
– Спорттук жолуңуз кандай башталып калды? Эмнеге эрежесиз эр урушту тандадыңыз?
– Кичинекей кезимден эле спортко жакын болчумун. Дзюдого барып жүрдүм, үйдө өз алдымча дагы машыкчумун. Атам "ден соолугуң үчүн деле спортко жакын бол" деп эртең менен тургузуп чуркатчу. Алар деле профессионал спортчу болорумду билишчү эмес да. Болгону "өзүң үчүн спорт менен алектен" деп түрткү берип турчу. Айылда жүргөндө Хабиб Нурмагомедовдун, кыргыз мушкерлеринен Бусурманкул Абдубаит уулу, Кубаныч Абдисалам уулу, Немат Абдырашитов, Алимардан Абдыкаров, ушулардын беттештерин көп көрчүмүн. Кичинемден эле мен дагы ушулардай мушкер болсом деп көп кыялданчумун.
Мен өзүм Тажикстандын Жерге-Тал жергесинде төрөлүп-өстүм. 2017-жылы мектепти бүтүп, Бишкекке келип Ишеналы Арабаев атындагы университетке окууга тапшырдым. Окуум менен бирге машыгууларды баштадым. Азыркы тапта Жерге-Талдан толугу менен Бишкекке көчүп келгенбиз.
– Сиздин ийгилигиңизге өбөлгө түзгөн машыктыруучулар тууралуу сүйлөшпөсөк болбос...
– Албетте. Мен алгач Бишкекке келгенде Эралы Аскарбеков деген машыктыруучунун колунда грэпплинг менен машыгып баштагам. Бул жактан дагы жакшы жыйынтыктарга жетиштим. Агай машыгуу залын жаап, башка иштер менен алек болуп кеткендигине байланыштуу мен "Ихлас" спорт клубуна бардым. Ал жакта кыргыздын белгилүү спортчулары машыгышчу. Ал жакта Алымбек Насиповдун колунда машыгып калдым. Алымбек агай ар тараптуу, тажрыйбалуу машыктыруучу. Андан тышкары мушкер, бир нече уюмдун чемпиону Кубанычбек Абдисалам уулу дагы бизге машыктыруучу катары өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Бизге кеп-кеңешин берип, тажрыйбалары менен бөлүшүп келген машыктыруучулардын салымы менен ушул ийгиликтер жаралып отурат.
– Эрежесиз эр уруштагы мушкерлердин кыялы UFC уюмуна чыгуу эмеспи. Сизде бул уюмга чыгуу иш-аракетиңизде барбы?
– Бул тармактагы ар бир спортчунун максаты, кыялы UFC уюму да. Менин деле максатым ошол. Азыркы уюмум менен келишимди ийгиликтүү жыйынтыктап алсам, мен дагы UFC'ни көздөй аракетимди көрөм. Мыктыбек Оролбай уулу, Уран Сатыбалдиевдин UFC уюмунда беттеш өткөрүп калуусу дагы жакшы болду. Буюрса, биз дагы чыгабыз деп ниет кылып туралы.
– Сиз менен мекенге болгон сүйүү тууралуу сөз кылгым келип жатат.
– Мекендин орду башка. Биз деле Кыргызстанга мекен деп көчүп келдик да. Өзүбүздүн тилди, дилди жоготуп албайлы дейсиң. Мекенимдин, Кыргызстандын желегин желбиретейин деген аракеттин үстүндөмүн. Японияда спорттук аренада 50 миңден ашык көрүүчү болду да. Ошончо элдин алдында жеңиштен кийин Кыргызстандын гимни жаңырып, желегин желбиретип жатканымда денем титиреп өзгөчө сезим болду. Ал жерде “ордуңуздардан туруңуздар, Кыргызстандын гимни жаңырып жатат” деп элге кайрылуу жасалып, алардын урматтоосу менен коштолду да.
– Мекенибиз бар болсун. Маегиңизге рахмат. Ийгиликтерди жарата бериңиз!
Динара Акимова