Күн чакчайып тийип, аптап адамды алсыратып турду. Бишкектин кыйма-чийме жолдорунан чыккан Зина көлөкө издегендей эки жагын каранды, күндөн коргонуч боло турган бир да тал жок экен. “Өлүгүңдү көрөйүндүкү десе, күндөн калкаланган эч нерсе жок” деп күбүрөнүп алып, колундагы баштыгын көчүгүнө төшөп отура кетти. Бул жерде күнүмдүк жумушка иштегенге жалданма жумушчулар отурушат. Аялдар, эркектер, жашы, карысы бар. Ар түрдүү тагдырлар...
Бир кезде машина келип токтоп, баары аны көздөй жабыла чуркады. Адатта биринчи жетчү эле, бул жолу Зина козголгон жок. Насибим болсо болот, болбосо жок дедиби же оор жумуштан улам зыркырап ооруткан сөөктөрүнө боору ачыдыбы, былк этпей отура берди. Машинадан түшкөн ак чач, орто жаштагы адамды тиктеп калды. Ушул жердегилердин баары менен тааныштай жадырап салам айтты ал. Бир кезде обочороок отурган аялга көзү түштү. “Зинабы бул?” Көздөрүн ушалап алып алайып тиктеп калды. Канча жылдар өтсө да жүрөк булкуп кетти. Жанына жакын барды.
– Зинасыңбы?- деди ишенбегендей. Аял да алдында турган Жеңишти дароо тааныды. Бетине кан тээп, кыпкызыл болуп кетти. Экөө тең эмне дээрин билбей тайсалдап калышты. Алгач аял эсин жыйды.
– Менмин!
Жеңиш дагы деле эңги-деңги. Бүтүндөй бир айылды суктандырган кыз ушундай аялга айландыбы? Апакай нурлуу бети карарып, бырыш уялаптыр, тиктесе өрттөп жиберчүдөй сулуу көздөрдүн нуру өчүп, чарчаңкы. Бир гана үнү өзгөрбөптүр. Дагы деле өктөм, дымактуу, тагдырына баш ийбегендей кашкөй...
– Сен кайдан бул жакта?- эркектин оозуна ушул сөз келди.
– Тагдырын өз колу менен жасап алгандарга кирбейт экенмин. Ушул жердемин, эмне болду?- деди аял тике карап.
Жеңиш эмне дээрин билбей калды. Башын чайкады. Аялдын сөзгө келбесин билдиби же анын ушул абалын көргүсү келбедиби, ким билсин. Артына кайрылып жөнөп калды. Алыстап бараткан эркектин аркасынан карап туруп алдастап кетти аял. Ушинтип эле кетип калабы?
– Нурдин... Ал жакшыбы?!- деп кыйкырып жиберди.
Дилинде “өмүрү сурабайм, издебейм” деген сөзүн унутуп калды. Жүрөгүндөгү чыңырык болуп атылып чыккан суроого ээ боло албай калды. Көз жашы да кетти.
Жеңиш кылчайды. Оюнда айтайын деген көп нерселер бар болчу. Айткысы келди, бирок бул жерде айтыла турган кеп эмес эле ал. Унчукпай басып кетти. Машинеде отурган уулу Нурдин атасынын өңү бозоруп келгенин байкады.
– Эмне болду, ата?
– Айда, башка жолу...- деп күңк этти. Ата сөзүн эки кылып көрбөгөн бала кайра суроо берген жок. Машинесин айдап кетти. Жеңиш маңдайынан чылпылдап чыккан терди улам аарчып ойго чөктү. “Муну Москвада деп уктум эле, келген экен да. Атаны бечара десе, бул жерде отурса, демек, абалы жакшы эмес” деп ойлоп баратты. Кулагында “Нурдин жакшыбы?” деген кеби...
ххх
Бир гана киши сыя турган тар бөлмөсү Зина үчүн бүгүн ого бетер тардай сезилди. Бир орунга отура албай жатты. Короого чыкты, кайра кирди. Жеңиштин жооп бербей басып кеткени намысына тийди. “Башка эмне кылсын, мен жеткирдим да ушуга. Бетиме түкүрсө да жарашат эле” деди кайра өзүн-өзү күнөөлөп. Өткөн күндөр көз алдынан чууруп жатты.
Зина Кызыл-Жар айылынын көзгө басар, сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу кыздарынын бири болчу. Жуучулар үйүнүн эшигин тындырбай, мамлекеттик кызматкердин кызы катары ата мансабына, өз сулуулугуна манчыркаган кыз жанына эч кимди жолотпой жүргөн кези. Анткени көңүл ышкысы түшкөн Аскат деген жигити бар эле. Мажүрөө, эрке, катынпоз жигит ата-энесинин сөзүнөн чыга албай башка кызга баш кошту кийин. Жан дүйнөсү күйүп кетти. Кыз ошол эле күнү артынан чуркап, караанына жалынып жүргөн Жеңишти чакырды.
– Мени аласыңбы?- деп түз сурады көздөрү жайнаган кашкөй кыз. Жигит эмне дээрин билбей калды.
– Кандайча?
– Мени аялдыкка аласыңбы?- деди ого бетер ийнедей тепчилген капкара көздөрүн ала качпай.
– Алам, бирок...
– Бирогу жок, айт ата-энеңе! Аскаттыкынан мыкты той кылып, алып кет. Алардын тоюнан 1 күн мурун биздин той болсун. Уктуңбу? Биздин той биринчи болсун.
Ушуларды айткан кыз тез-тез кадамдап караңгы түнгө сиңди. Алданганына, балалык сүйүүсүнө жаны ачыгандан, анын үстүнө “кандай болсо да менин тоюм аныкынан эрте болсун” деген көкбеттиги жеңип, ушундай кадамга барды. Жеңиш мугалимдин жалгыз уулу эле, ата-энеси анын сөзүнө каршы чыга албай бардык жол-жобосун, дүркүрөтүп тоюн кылып Зинаны келин кылып киргизип алышты. Башына жоолук байланып, өзүнө-өзү чылбыр салган Зина сезимдеринин жетегинде кетерин эч ким билген жок. Айтканын айткандай кылып, көзүнүн карасы менен тең айланган күйөөсүн өзүнө тең көрбөй койду. Айылдын кадимки турмушу, жай жана бейпил күндөр аны тажатып баратты. Көкүрөгү кумар, романтика эңсеген келинди эне болгону да токтото албады. Уулу Нурдинди ал эмес, күйөөсү төрөгөндөй эле. 18 жашында эне болгон үчүнбү, мээр салып баланын үстүнө үйрүлүп түшкөн жок. Качан болсо Жеңиштин колунда жүрчү бала. Эмизип бергени гана болбосо, жарытып эне боло албады. Анан... Мурунку сүйгөнү Аскат деген азгырык чыкты жолунан.
– Мен жашай албайм, сени эле ойлоп туруп алдым...
– Башында кайда элең? Ата-энеңе каршы чыга алсаң эмне ошондо? Мен да бул азапка кабылбайт элем,- деди келин ыйлап.
– Качалы анда... Мага сен жанымда болсоң болду.
– Ата-энең... Аялың... Кантип?..
– Баары бир сенсиз жашоом супсак, качалы.
– Каякка?
Москвадан бир теңтушум чакырды. Башында ошонукунда жашап турабыз, анан акырындап...
Ойлонуп калды келин. Ичтен түтөп, даамы жок шорпо ичкендей абалда жашагыча, сүйүктүүсү менен асманда кылактап учуп жүрө тургандай жашоо көзүнө элестеди. Болгону 18 гана жашта эле... Колунан тартып токтотуп калган, акыл айткан эч ким болбоду жанында. Ошентип бир жашка жете элек уулу Нурдинди таштап Аскат менен качып кетти.
ххх
Оо, түбүң түшкүр тагдыр. Андан бери 35 жыл өтүптүр, эмнелер гана болбоду жашоосунда. Бир кезде “көз жашымды аарчыйт” деген Аскаты кайра анын көз жашын агызды. Күйөөсүн жакын курбусу менен кармап алганда жүрөгү катуу ооруду. Кийин экөө иштеп таап чогулткан акчаны алып үйдөн качып кеткенде биротоло түңүлдү. Акыры анын башы түрмөгө тыгылып, өзү оор жумуштан улам жарым жан болуп Кыргызстанга келгенине бир жыл болуп калган. Диплому жок же бир кесиптин башын аркалабаган 53 жаштагы аялга жумуш даяр туруптурбу? “Биржа” деп аталган жалданма жумушчулардын чөйрөсүндө күн көрүп жүргөн кезинде Жеңишке жолукту. Эбак көмүп койгон энелик сезими, өктөөсү, сагынычы заматта калкып чыкты. “Жеңиш кайрылып бир келсе керек, кечирим сурайм. Нурдинди бир эле көрсөм... Балким, бала-чакасы бардыр, балким, кызы мага окшоштур. Адатта чоң энесин тартып калышат дешет го. Тфү-тфү, мени тартпасын. Мендей кем таалайды тартып эмне кылат? Чоң атасын тартсын. Андай акылдуу, адамгерчиликтүү адамды башка жолуктурбадым. Аттиң, убагында баркын билсем кана...”
Таң атканча жүрөк дирилдеп ар нерсени ойлоп, ар түркүн кыялдарга батып, кайра анысынан уялып жатты аял. Асманды кызыл нур каптап, уясынан чыгып келе жаткан күндү карап үмүт кылып, кечиримге, кечирилүүгө муктаж болуп турду... Күн ага мээримин чачып, Жараткан анын бардык күнөөсүн кечиргендей денесин бир башкача жылуулук каптады.
Айлин Д.