Жылына канча мультфильм тартылат, анын канчасы көрөрманга жагат да, канчасы көмүскөдө калат. Ошол топтон суурулуп чыгып, “Жылдын мыкты анимациялык тасмасы-2025” номинациясында жеңишке жетип “Оскар” сыйлыгын алган “Агым” деген мультфильм тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз. Кара мышыктардын популярдуулугун арттырган анимациялык тасманы сөзсүз көрүш керек, окурман.
Тарткан өлкө: Латвия, Франция, Бельгия
Чыккан жылы:
2024-жыл
Режиссёру:
Гинтс Зилбалодис
Сценарийдин авторлору: Гинтс Зилбалодис, Матисс Кажа, Рон Дайенс
Узактыгы: 1 саат 24 мүнөт
Бюджети: 3 миллион 500 миң евро
Топтогон каражаты: 26 миллион 26 миң доллар
Алган сыйлыктары: “Алтын глобус”, “Сезар”, “Оскар” жана башка
ЖАЛГЫЗ ЖАШАГАНДЫ ЖАКТЫРГАН МЫШЫК БАШКА*ЛАРДЫН КУРЧООСУНДА...
Чынында эле мышыктар машыктырууга көнбөгөн, эркин, башка жаныбарларга жакындаганды жактырбаган жаныбар катары таанымал эмеспи. “Агым” мультфильминде да ошондой кара мышык бар. Ал бир сүрөтчү-скульптордун токойдогу үйүндө жашайт. Үйдүн айланасында мышыктын айкелдери коюлган. Бир күнү мышык токойду аралап жүрүп дарыянын жээгинде балык кармап жаткан 5 итке жолугат. Алар кармалган балыкты талашып урушуп жатышкан экен. Учурдан пайдаланып мышык талашка түшкөн балыкты алып качат. Артынан иттер куугунга түшөт... Анан эле алдыларынан бугулардын үйүрү чыгат, аларды кууп жердин баарын каптаган суу ташкыны келе жатат... Мышык эптеп кургакка сүзүп чыгып, үйүнө жетет, артынан бир лабрадор ит да келет. Эртеси суунун деңгээли көтөрүлүп, лабрадор калган 4 ит түшүп келе жаткан кайыкка секирип кетет. Мышык болсо айкел мышыктын үстүндө калганы менен, суу ага да жетип көбөйө берет. Анан жанынан парустуу кемеде бараткан капибараны көрүп, ага кошулат. Эртеси кайыкка кокустан катчы-куш конгондо мышык чочуп кетип сууга түшүп калат. Чөгүп баратканда кит аны сактап калат. Капибара болсо мышыкка балык кармаганды үйрөтөт. Жаныбарларды дагы кызыктуу окуялар коштойт, иттерди сактап калышат, катчы-кушка жардам беришет. Суу азайганга чейин көп кыйынчылыктан өтүшөт... Катастрофада мурда кайнаса каны кошулбаган жандыктар биргеликте жашоо үчүн күрөшөт.
Бул мультфильмди көрө электер үчүн кыскача мазмуну. Эң башкы кызыктуу факт: мультфильмде биз көнгөндөй сөз менен коштоо жок. Мышык мыёлойт, ит үрөт, чымчык сайрайт дегендей. Жаныбарлардын бири-бири менен катнашын мышыктын көз карашы менен көрөбүз.
ЯПОН АНИМЕСИНЕН КЕЛГЕН ЭРГҮҮ
“Агым” мультфильми Латвиянын биринчи “Оскарга” талапкер болгон жана анда жеңишке жеткен тасмасы болуп саналат. Бул мурда эл аралык аренада мынчалык олуттуу жетишкендиктерге ээ болбогон Латвиянын кино индустриясы үчүн тарыхый окуя.
Мультфильмдин режиссёру Гинтс Зилбалодис “Агымды” тартуу идеясы япониялык режиссёр Хаяо Миядзакинин 1978-жылы чыккан “Конан – келечектен келген бала” анимесин көргөндөн кийин келгенин айтат. Бул аниме Миядзаки аниме-режиссёр катары тарткан биринчи эмгек. Дебюттук эмгек учурда классикалык ТОП-3 анименин катарында турат. Ага таасирленип “Агым” да жаралыптыр.
МУЛЬТФИЛЬМ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР
* Мультфильм толугу менен Blender компьютердик графика программасында тартылган.
* Латвиядагы “Dream Well Studio”, Франциядагы “Sacrebleu Productions” жана Бельгиядагы “Take Five” студияларында тартылган.
3 мамлекеттен тең каржылоо болгон.
* Жалпысынан тартуу, даярдоо, чыгаруу иштерине 4,5 жыл убакыт корогон. Монтаждоо иштери мультфильм алгачкы жолу көрсөтүлгөн “Канн” кинофестивалы башталарга
2-3 күн калганда гана бүткөн.
* Анимациялык тасманы жаратууга 30га чукул адам катышкан.
ҮН СЫЙКЫРЫ
Үн дизайнерлеринин салымы зор тасмада. Тартуучу топ жаныбарлардын үнүн атайын зоопаркка барып жаздырышкан. Башкы каарман мышыктын үнүн окшоштуруш үчүн үн режиссёр Гурвал Коик-Галлас өзүнүн үйүндөгү мышыгынын үнүн колдонгон. Зоопарктагы капибаранын чыйылдаган ачуу үнү мультфильмдеги жоош капибарага туура келбей калган. Анан төөнүн баласы ботонун үнүн жаздырганда, окшошуп калган. Суудагы кит чыгарган үн болсо карып калган жолборско таандык.
Үн режиссёр тасмадагы ар бир каарманда музыкалык образ бар дейт, ал образ түрдүү музыкалык аспаптар менен коштолгон. Мисалы, мышыкка кларнет, лемурга гамелан, капибарага калимба жана балафон колдонулган.
РИГАГА МЫШЫКТЫН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ
- Латвия киносун эл аралык деңгээлге алып чыккан “Агым” мультфильминин таасири кенен жайылганын төмөнкү учурлардан байкасак болот:
- Рига шаарында мышыктын сүрөтү негизги көчөлөрдөгү баннерлерден орун алган. Андан сырткары сонун граффитилер тартылган.
- Мультфильмдин каармандарынын образдары аксессуар жана башка көптөгөн буюм-тайым катары сатыкта.
- Шаардын бир бөлүгүнө айланганынын негизги белгиси – кара мышыктын чоң айкели жасалып, Риганын борборунда турган Эркиндик айкелинин алдына коюлган.
- Латвиянын президенти Эдгар Ринкевич “Агымдын” режиссёруна, продюсерине жана композиторуна мамлекеттик Үч жылдыз ордени ыйгарыла турганын маалымдады.
РЕЖИССЁР ГИНТС ЗИЛБАЛОДИС КИМ?
Латвиялык жаш режиссёр Гинтс Зилбалодис жаңыдан кино, анимация дүйнөсүндө атын чыгарып келе жаткан адам. Анимация, үн дизайны, музыкалык компазиция түзүү чеберчилигинин баарын өз алдынча өздөштүргөн. Карьерасын кыска метраждуу документалдык тасмаларды тартуудан баштаган. Анын эмгектерин көргөндөр режиссёр “минимализм” стилин жактоочулардын катарында экенин байкайт. Ашыкча сөзү жок, диалогу жок, камера кандай көрсө ошондой тартканды жактырат. Айткысы келген ойду сөз менен эмес, айлана-чөйрө, андагы кубулуштар, музыка аркылуу жеткирсем дейт. Жасалмалуулукка эмес, табигыйлыкка ыктайт. Анын алгачкы толук метраждуу “Сырдуу арал” тасмасы да эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Эми минтип бир нече жылдык эмгеги корогон “Агым” таш жарып чыкты. Чынында мультфильмдин сценарийи режиссёрдун башынан өткөн окуялардын негизинде жазылыптыр. “Мурда дайыма жалгыз иштегендиктен, көп адамдан турган команда менен иштөөнү кантип үйрөнгөнүм тууралуу жеке окуяны айткым келди. Бул мен чоң команда жана реалдуу бюджет менен иштеген биринчи долбоор. Алгач кооптонуулар болгон, али эсимде сакталып калган ошол сезимдерди баяндасам жакшы болмок деп ойлодум. Мен – мышык. Мышык алгач жалгыз гана жүрөт, бара-бара башкалар менен аралашып, ачылып, биргеликте жашаганды үйрөнөт...”- дейт режиссёр.
Асыл Орозбекова