ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-майдан 18-майга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Ойго салган көз ирмемдер күтүп турат. Аптада жакындарыңыздын жашоосуна аралашып, алардын маселесин чечкенге аракет кылгандыктан, өзүңүзгө убакыт дээрлик аз калат. Бирок алардын да сизге пайдасы тиет. Карьерадан өсүүгө жолтоо болуп жаткан кемчиликтериңизден арылыңыз. Шаршембиде кечеге катышууңуз мүмкүн. Бейшембиде кымбат нерсени сатып алып, артында кейип калбаңыз. Жеке жашоодогу көйгөйдү чечүүгө ишемби ыңгайлуу.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптаны энергияңыз толук, позитивдүү маанайда баштайсыз. Шейшемби күнү кылдаттык менен иш кылбасаңыз, алдамчылардын тузагына түшүүңүз мүмкүн. Буюмдарыңызды жана документтерди иретке келтирип коюңуз, мүмкүн, шашылыш сапарга чыгып каласыз. Кошуналарга зыян келтире турган иш жасап албас үчүн бир нерсе жасаарда кеңешкениңиз оң. Жекшембиде бир кезде кол үзүшкөн сүйүктүүңүздү же досуңузду табууңуз ыктымал.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын башында энергияңыз ашып-ташат. Андыктан оор иштерди ушул күндөрү бүтүргөнгө шашылуу керек. Шаршембиде майда чырлар маанайыңызды бузуп, баштаган иштер аягына чыкпайт. Аптанын ортосунда үй-бүлө мүчөлөрү катышкан жакшы ишке күбө болууңуз мүмкүн. Жан шеригиңиз менен келечекке ой жүгүртүп, жаңы пландарды түзөсүз. Кыз-жигит мамиледегилердин мамилесине көлөкө түшүүсү мүмкүн, сизден кеткиси келген адамды кармап калууга умтулбаңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жумушта аптанын биринчи жарымында жооптуу милдеттерди аркалоого жөндөмдүү экениңизди далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шаршембиде орун алган маселеде сиздин пайдаңызга чечилбесе да, өз пикириңизди айтууңуз кажет. Жума күнү туугандар менен байланышып туруңуз, алар сизге маанилүү нерсени айтышат. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө жумшаңыз, китеп окуңуз же сүйүктүүңүз менен жолугушуңуз, сүйгөн тамагыңызды жеңиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Дүйшөмбүдө иште ийгиликти күтпөсөңүз болот, анткени бул күнү көөнүңүз эч нерсеге чаппайт. Шейшембиде кас адамдар сизди бөөдө жаман көрсөтүүгө аракет кылышат, жол бербеңиз. Бейшембиде көптөн бери көксөп келген олжого ээ болосуз. Капчыкты калыңдата турган пайда булагы ачылат. Жума күнү баалаган адамыңыз менен жолугуп, пайда алып келе турган баарлашуу болот. Ишембиде достордун конокко келүүсү күтүлөт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Пайдалуу делген келишимдерди дүйшөмбүдө түзүп жетишиңиз. Болбосо шейшембидеги аракеттер текке кетет. Аптанын экинчи жарымында жакын адамыңызды иренжитип албаңыз. Туугандарга көңүл бөлүп, белек берүүңүз же алууңуз мүмкүн. Үйдү оңдоп-түзөгүңүз келет, бирок каражат тартыштыгы жаралышы ыктымал. Шашпаңыз, акча кеңейчү мезгил алыс эмес. Андан көрө дем алышты жакындарыңыз менен көңүлүңүзгө жаккан нерсе жасап өткөрүңүз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Дүйшөмбүдө кыраакы болуңуз, кокустан иште текшерүүлөр болуп калышы ыктымал. Канчадан бери артка жылдырылып келген үй-чарба жумуштарын бүткөрүүңүз керектелет. Бейшембиде күтүлбөгөн кырдаалда тапкычтыктын пайдасы тийип, аброй арттырасыз. Керектүү нерселерди сатып алганга каржылык абалыңыз жетиштүү болот. Дем алышта пайдалуу жана жагымдуу эс алуу убактысы күтөт. Табият коюнуна чыгууңуз мүмкүн.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Аптанын башында үй, короо-жайды иретке келтирүү менен убакыт өтүшү мүмкүн. Көптөн бери кыялданып келген нерсе колуңузга тийип кубанасыз. Жума күнү ачык сүйлөшсөм деген адамыңыз менен баарлашып, мамилени улантуу же токтотуу жаатында чечим кабыл алуу керектелет. Дем алыш күндөрү чач жасалгасын өзгөртүү, гардероб жаңыртуу убаракерчилиги жаралат, анткени абройлуу адамдан тойго чакыруу аласыз.

 

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Кыраакы болсоңуз, дүйшөмбүдө жагымсыз маселеден айланып өтүп кете аласыз. Шейшемби досуңузга жан дүйнөңүздү ачып, сырдашчу күн. Бул аптада кандайдыр бир иш-чарага макулдук берүүгө шашпаңыз, сизге пайдасы жок нерсеге жооптуу болуп калууңуз ыктымал. Айдоочуларга жума күнү жолдо, рулда сак болууну жылдыздар эскертишет. Дем алыш күндөрү ой токтотуп, келечекке пайдасы тийчү идея жаратууга мүмкүнчүлүк болот.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жумушта туруктуулук сакталат, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Шаршембиде ооруканага түшүп калбайын десеңиз, жиниңизге тийген адамдар менен чатакташпаңыз. Бейшембиде ири суммадагы акча менен иш кылууңуз керектелет. Артында азабын тартпоо үчүн аны керектүү адамга өзүңүз тапшырыңыз. Ишембиде үй-бүлө мүчөлөрүнө сылык болбосоңуз, сизге таарынып калышат. Кийген кийимиңизге көңүл бөлүңүз, ысык өтүп баш оорусу тынчыңызды алышы ыктымал.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Алга жылышыңызга кимдер жана эмне тоскоол болуп жатканын аныктооңуз керек. Алдын ала иш графигин түзүп албасаңыз, көп нерсеге үлгүрбөй каласыз. Бейшембиде кайсы бир иш боюнча элдин көңүл чордонунда болосуз. Жума күнү өзүн актабаган ишке акча жумшоонун кереги жок. Жакындарыңыз сиздин жардамга муктаж болушат, кол сунуңуз. Дем алыш күндөрү бош убактыңыз аз болуп, эс алуу убактысы кантип өтүп кеткенин байкабай каласыз.

Балык
(20.02–20.03)

Дүйшөмбүдө ката кетирип албоо үчүн иштерди шашпай, кылдаттык менен жасоо зарыл. Ден соолукка кам көрүп, врачка көрүнүп коюу да ашыкча болбойт. Жумушта аброюңуз көтөрүлүшү үчүн бейшембиде чоң маселени чечүүгө жетишүүңүз кажет. Алдын ала жакшылап даярданып алыңыз. Сиз жактырбаган адам менен баарлашып, ага болгон негативдүү ойлоруңуз өзгөрөт. Түгөйү жок жүргөндөрдү жаңы таанышуулар күтөт, байкап көрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан