“Күлүктү табына келтирген саяпкер” дегендей, биз сөз кыла турган аргымактардын таптоочусу – атагы кыргыз-казакка тараган күлүк Каракыздын саяпкери Изат Сыргак уулу. Каракыздын ордун басат деп үмүт артылып турган күлүктөрдүн аты Байтерек жана Карлыгач. Эл намысын, эр намысын коргогон бул күлүктөрдүн таржымалын жана жараткан ийгиликтерин баяндайлы.
Мүнөзү оор БАЙТЕРЕК
Теги
Тай чабышка чабылып, 2024-жылкы жараткан ийгиликтери менен тай чабышта “Жыл мыктысы” аталган Байтеректин атасы – атактуу айгырлардын бири Брадеро, энеси – Рамзес деген айгырдын кызы.
“Жылкы баласын алууда туягынан тартып кулагынын учуна чейин карайбыз. Бул буту узун жана түз, туяктары тегиз, келбеттүү тайды бир көрүп эле жактырып калдым” дейт Изат Сыргак уулу:
– 2023-жылы күзүндө досум “биз жакта жакшы бир тай жүрөт, көрбөйсүңбү?” деп калды. Барсам энесин ээрчип талаада жүрүптүр. Сынын, тулкусун көрүп эле жактырдым, теги да мыктылар экен. Ээси Ырыскул деген байке болчу, аны талаага чакырып, баасын келишип, алып кеттим. Муну өзүбүздүн чарбадагы чабылып, бирок бутун кокустатып алган байталга башма-баш алмашып алдым. Аттын ээси болсо – Нурбек Керимбеков.
Ийгиликтери
Былтыр тай чабышта жүргөн Байтерек быйыл кунан чабышка катышат. Бир жылда 7 жолу чабылган тай бир автоунаа, мотоцикл жана акчалай сыйлыктардын ээси. Былтыр көбүрөөк чабылгандыктан көбүрөөк эс алып, жазгы байгелерге даяр боло албай калганын айтат саяпкер:
– Байтерек былтыркы жылы Шумкар аттуу тай менен тиреш жүргүздү. Бишкектин ипподромунда болгон Нооруздагы чабышта Байтерек Шумкарга утулса, Токмоктогу Курман айтка карата уюштурулган ат салышта аны утту. Кыргызстандын тай чабыш боюнча чемпиондугунда кайра Шумкардан утулуп, экинчи болуп келсе, Казакстандагы Алтын тай кубогунда биринчи келип, кайра Шумкарды утуп алды. Ошентип Аргымак федерациясынын жыл мыктыларын аныктоо аземинде эки аргымактын балдары бирдей болуп, талаш туудургандыктан экөө тең "Жыл мыктысы" аталды. Быйылкы жылдын эсебинен чаба элекпиз. Алдыда чоң-чоң мелдештер турат, буюрса, даярдык үстүндөбүз.
Мүнөзү
– Сарайыбыздагы эң оор мүнөз Байтеректики. Чоочун адамды жанына жолото бербейт. Карап, минип, тазалап жаткан баланын үстүнө секирип, тээп жибермей жайы бар, ойноок дагы. Бирок жумушка салганда абдан чыдамкай. Ылдамдыгы жакшы, акыркы айлампаларга чейин алдынкы бештикте, үчтүктө келет.
Жанына күлүк жолоткусу келбеген КАРЛЫГАЧ
Теги
Атасы – француз айгыры Саадак, энеси – айтылуу Трон аттуу айгырдын кызы. "Жылдын мыкты кунаны" атыккан Карлыгачтын энеси да 80-100 чакырымдык узак аралыктарга чабылган, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жүргөн бээ экен.
– Карлыгач – Оштогу өзүбүздүн эле сарайда туулган аргымак. Атасы Саадак Францияда туулуп, Казакстанга сатылып келип чабылып жүргөн. Кийин тукум алуу үчүн Ошко алып келинип, ошол жактан бээ каратышкан. Энесинин энеси англо-араб аргымагы. Аттын ээси – Кушбак Шаиев.
Ийгиликтери
Алгачкы стартында марага төртүнчү болуп келип, кийинкилеринде алдынкы үчтүктү бербей келген кунан эки автоунаа, акчалай сыйлыктарды уткан. Жыл ичинде 7 жолу чабыкка түшкөн. “3 жашка чыкты, ошондуктан быйыл аярлап турабыз, 4 жашка чыкканда чоң ат салыштарга чабалы деп. Бул жылдын эсебинен 1-2 аламан чабышка эле чыгарабыз го” дейт саяпкер:
– Тай кезинде бою да, өзү да кичинекей болгондуктан, Карлыгачты сатып жиберели деген ой болду. Анткени сарайда мындан башка да аттар көп эле. Келгендерге сатылат деп көрсөтүп жүрдүм, бирок буйрук экен, алуучулар болгон жок. Сатылып кетет деп көп маани бербей, башка аттар менен кошо эле тапталып жүрдү. Ошентип 2024-жылы 2 жашында кунан чабыштарга салып баштадык. Чабыштан чабышка салынып жатып өзү табына келип калды окшойт. Алгачкы беттештеринде 4-3-болуп келип жатса, төртүнчү чабышында Казакстандын бизге жакын Кара-Суу деген айылындагы ат оюндарында биринчи келди. Ошол жактан бул аргымактын сырын билдим. Мурунку чабыштарда чабандести акыркы айлампаларга чейин топто карматып келсем, мунусунда алдыга чыгып алып, башка күлүктөрдү жанына жакындатпай жүгүрдү. Көрсө, алдыда эркин, бош чуркаганды жакшы көрөт экен, сүрмө топтун арасында кармасак кенен жүгүрө, ылдамдыгын арттыра албасын билдим. Алдыда жүрсө аягына чейин ылдамдыгын жоготпойт экен.
Мүнөзү
– Абдан чыдамкай, баскан-чуркаганы жеңил жылкы, бул жагынан алыс аралыкка чабылган энеси тарабын тарткан. Башка атка салыштырмалуу даярдыкка оңой, бат келет. Кадимки жүрүшүндө деле шар жүрөт. Машыгуулардан кийин деле чарчаган аттай болбой шашып басат. Мүнөзү да ошондой жеңил. Кароодо кыйынчылык жараткан жок. Буюрса, бул күлүктөр алдыда намыс талаша турган аргымактар болот деп үмүт артып турабыз.
Асел Ишенбай кызы