Дүйнөдө Манас деген жер-суу аттары көп кездешет. Алардын баары кыргыздын Манасы менен байланыштуубу? Айрымдарына токтололу.
Кыргызстанда...
Албетте, Кыргыздын улуттук баалуу мурасы Манастын атын алып жүргөн жер-суулар өлкөбүздө абдан көп. Айрымдарына токтолсок, Талас облусунда Манас району, Манас айылы жана туристтер агылган тарыхый жай – Манастын күмбөзү бар. Чүйдүн Сокулук районунда да Манас деген айыл жайгашкан, өлкөнүн негизги аэропорту да “Манас” экенин билесиз. Бишкекте негизги проспекттердин бири да Манастын атынан коюлган, кинотеатрлардын бири, Кыргыз-Түрк университети да ушул аталышты алып жүрөт. Талас Ала-Тоосунда Манас тоосу бар.
Алтайдагы Манас көлү
Орусиядагы Алтай Республикасында Манас көлү бар. Анын узундугу 700, туурасы 300 метр. Суусу таза жана муздак, жай саратанда да көлдөгү суунун температурасы 16-18 градустан ашпайт. Аймактын жаратылышы абдан кооз болгондуктан, туристтер көп барат. Жергиликтүү эл аталган көлдү ыйык деп эсептешет, суусун “тирүү суу” деп атап, дарылык үчүн колдонушары айтылат маалыматтарда. Терс энергиядан, көз тийүүдөн сактайт деп ишенишет.
Кытайдагы көл, аймак жана дарыя
Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун аймагында Манас аталышында көл, аймак жана дарыя бар. Дарыянын узундугу 402 чакырым. 20-кылымдын 40-жылдарына чейин аталган дарыя башка көлгө куйган деп айтылат. Нугун өзгөрткөндөн кийин Манас көлүнө куюп калган. Көлдөн суу агып чыкпайт. Маалыматтарга караганда, ал жерден туз өндүрүлөт.
Ал эми Кытайдагы бир аймак мурун Суйлай деп аталып, 1954-жылы Манас аталышын алган.
Казакстандагы ашуу жана арал
Казакстандагы Манас-Ашууну айта кетпесек болбос. Ал Талды-Коргон облусуна караштуу Тарбагатай тоо кыркасындагы ашуулардын бири. Ал эми Манас аралы айтылуу Арал деңизинин чыгыш жагында жайгашкан. Ээлеген аянты 9 чарчы чакырым деп белгиленет. Ошондой эле Кыргыздын кадимки Каркыра жайлоосу тарапта, Казакстандын чек арасынан 15 чакырым алыстыктагы Кеген кыштагынын аймагында Манастын боз дөбөсү деп аталган дөбө бар деген маалыматтар айтылат.
Тибеттеги көл
Кытайдын Тибет автономдуу округунда, Лхаса шаарынан 950 чакырым алыстыкта Манасаровар көлү бар. Кыргызча “Манас көлү” деген түшүнүктү берет. Тибеттеги ыйык саналган 4 көлдүн бири.
Маалыматтарга караганда, аталган көлгө ыйык жана сырдуу Кайлас тоосунан агып түшкөн дарыялар куят. Тибеттиктер көлдү Мапам-Юмцо деп да аташат. Анын айланасында ысык булактар көп, дары чөптөрдүн түрү өсөт.
Буддисттер аталган жерди каныша Майянын боюна ыйык Будда бүткөн жер деп билишет. Будда төрөлгөндөн кийин Манасароварга жуунтушкан деген уламыштар айтылат. Көлдүн тегерегинде сыйынуучу жайлар бар, ал жерге көбүнчө индиялыктар менен тибеттиктер барышат.
Индиядагы көл жана парк
Индиянын Желам өрөөнүндө Манасбал көлү бар. Анын аталышын ыйык Манасаровар көлү менен байланыштырышат. Манасбалды канаттуулардын түрлөрү байырлайт, анын үстүнө жайында лотос гүлдөрү гүлдөп көркү ачылып, адамдарды өзүнө тартат. Көлдүн түндүк тарабында убагында моголдор курган кербен сарай бар. Индияда Манас аталышында улуттук парк бар экени да белгилүү.
Бутандагы улуттук парк, дарыя
Бутан өлкөсүндө дагы Манас атындагы улуттук парк бар. Индия менен чектеш аймакта жайгашкандыктан бир тарабы Индиядагы Манас сейил багына кошулуп кетет. Ал эми Манас дарыясы Кытай, Индия жана Бангладешти аралап аккан ири Брахмапутра дарыясына куйган дарыялардын бири.
Непалдагы тоо
Непалдагы Гималай тоо кыркасында Манаслу тоосу бар экени маалым. Аталган тоодогу 3 бийик чоку да ушул эле аталышты алып жүрөт. Башкы чокунун бийиктиги 8163 метрди түзөт жана дүйнөдөгү 8 миң метрлик чокулардын ичинен 8-орунду ээлейт. Манаслу санскрит тилинде “тоолордун деми” деген маанини берет. Непалдыктарда "манас" деген сөз “рух, жан” деп чечмеленет. Аталган тоо жана ал жайгашкан аймак Манаслу улуттук паркынын курамына кирет. Туристтер суктанган жерлердин бири десек болот.
Дагестандагы айыл
Дагестандын Карабудахкент районунда шаар тибиндеги Манас кыштагы жана ушул эле аталыштагы темир жол станциясы жайгашкан. Айыл Манасозень дарыясынын сол жээгинен орун алган. Аталган кыштак чыгыш тарабынан байыркы Манаскент кыштагы менен байланышып турат. Мындан көп жыл мурун аталган кыштактан бөлүнүп чыккан деген да маалыматтар бар.
Канымжан Усупбекова