Чүйдө мыйзамсыз соода-сатыкка каршы рейд жүрүүдө, ал 15-майга чейин уланат.
6-майда Алай аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Чүйдө жаранды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочу “Манас” аэропортунан кармалды.
5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленди.
Баткенде чек арачы "аткезчиликти калкалап, ал үчүн жарандардан пара алып турган" деп шектелип кармалды.
28-апрелден 4-майга чейин өлкө дө мас абалында унаа башкарган 368 айдоочу аныкталганы айтылды.
Кыргызстанда жалпы 1,5 миллион автоунаа катталса, анын 435 миңи Япониядан чыгарылган унаалар.
2024-жылы микрокредиттик уюмдар айыл чарба багыты боюнча
12 миллиард сом насыя беришкени маалымдалды.
Жыл башынан бери өлкөдө кызамыктан жабыркаган 6102 жаран катталды.
Кыргызстанда 4362 диний уюм жана бирикме каттоого алынган.
8-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өттү.
АКШда кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлганын ТИМ кабарлады.
Бишкек-Дели аба каттамы убактылуу токтотулду.