Индия менен Пакистандын тиреши кескин курчуп кетти. Эки тараптан тең жоготуулар бар экени кабарланды. Дүйнө коомчулугу тараптарды сабырдуулукка, сүйлөшүүгө чакырып жатат.
Индиянын аскердик операциясы...
6-майдан 7-майга караган түнү Индия “Синдур” аттуу аскердик операциясын баштап, Пакистандын аймагындагы “террористтик объектилерге” сокку урду. Бул окуяны Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф “согуш жарыялоо” катары сыпаттап, Индияга куралдуу жооп кайтарылды. Пакистан аба мейкиндигин 48 саатка жаап, ал эми 1947-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы талаш жаратып келген Кашмирде жарылуулар катталды. Эки тараптуу орун алган соккуларда Пакистандын 26 жараны каза болуп (алгачкы суткадагы маалымат), 46 киши жаракат алганы кабарланса, Индия тараптан 10 киши көз жумуп, 48 жаран жабыркаганын чет өлкөлүк ЖМКлар жазышты. Пакистан армиясы 5 индиялык учакты атып түшүргөнүн билдирди.
Пакистан: Жооп кайтарууга укуктуубуз
7-майда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Индиянын аракетин “коркоктук чабуул” деп атады.
– Душман Пакистандын 5 калктуу аймагына коркоктук чабуул жасады. Индия таңуулаган бул согуш актына жооп кайтарууга толук укуктуубуз. Пакистандын Куралдуу күчтөрү душман менен кантип күрөшүү керектигин жакшы билет,- деди чиновник.
Индия: Террорчуларды жок кылууга аракет кылган жок
Индиянын Тышкы иштер министрлиги Пакистанды “терроризмди токтотууга эч кандай чара көргөн жок” деп айыптады.
– Пакистан Пахалгам аймагындагы теракттан кийин 2 жума бою террордук түйүндөрдү жок кылуу боюнча эч кандай чара көргөн жок. Ошондуктан Индия күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек деп чечти,- деп билдирди аталган өлкөнүн ТИМ жетекчисинин орун басары Викрам Мисри.
Дүйнөлүк лидерлер эмне дешти?
Бул окуя дүйнө жүзүн сестентип, дүйнөлүк саясий лидерлер кырдаал боюнча билдирүү жасашты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки тарапты тынчтыкка чакырып, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрү катары аларды диалогго үндөдү.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды кырдаал турукташмайынча аталган өлкөлөргө барбай турууга чакырды.
АКШ президенти Дональд Трамп Индия-Пакистан чыры боюнча “уят, бул жаңжал жакын арада токтойт деп үмүт кылам” деди.
Кытай ТИМи дагы эки өлкөнү сабырдуулукка чакырып, “биз террорчулуктун бардык түрүнө каршыбыз, эки тарапты тынчтыкты башкы орунга коюуга чакырабыз” деп билдирди.
Ушундай эле маанайдагы билдирүүлөрдү БУУ, Орусия жана башка өлкөлөр дагы жасады.
Чырдын күчөшүнө себепкер – Кашмирдеги теракт
Быйыл 22-апрелде Индия көзөмөлдөгөн Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарында террорчулар туристтерге ок атышып, 26 адам каза тапкан. 20 адам жаракат алганы айтылган. Индия бул терактка Пакистанды айыптап, ал эми Пакистан “бул окуяга эч кандай тиешебиз жок” деп жооп кайтарган.