ИИМ: Милиция кызматкерлеринин кылмышка шектелип кармалып жатышы абалдын начарлаганын билдирбейт 

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин кылмышка шектелип массалык түрдө кармалып жатышына комментарий берди. Жыл башынан бери Бишкекте эле 20дан ашуун милиция кызматкери ар кандай кылмыштарга шектелип кармалган. Алардын арасында пара алууга, зордуктоого шектелип жаткандары да бар. ИИМ мындай көрүнүш тармакта абалдын начарлап кеткенин эмес, иштин жакшырып жатканын билдирет дейт. 

– Мурда кылмыш иштери жашырылып калса, азыр ачык жарыяланып, мыйзам чегинде соңуна чейин жеткирилүүдө. Бул убактылуу акция эмес, элдин милицияга болгон ишенимин кайтарууга багытталган туруктуу саясат,- деп билдирди министрлик.

ИИМ "мыйзам алдында баары бирдей, кызматкердин чини, ээлеген кызматы же эмгек тажрыйбасы маанилүү эмес. Эгер мыйзам бузса, ким экенине карабай жоопкерчиликке тартылат" деп кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан