Москва: Жасалма кыргыз паспорту даярдалып жатабы?

Интернет желесине тараган видео көпчүлүк жарандарда суроо, күмөн саноо жана нааразычылык жаратты. Ал видеодо Москва шаарындагы метролордун биринде Кыргыз жарандарынын паспорттору сатылып жатканы тууралуу айтылат. 

Бул боюнча мамлекеттик “Учкун” басмаканасынын жетекчиси Бактыбек Султанов маалымат берди.

– Бул жөн гана “визиткага” окшогон ламинирленген кагаз. Паспортко окшош болгону менен ичинде чип да, коргоо системи да жок. Кадимки жасалма нерсе. Жарандар жалган видеолорго ишенбеши керек. Паспорттун жасалмасын даярдоо азыр дээрлик мүмкүн эмес,- дейт Султанов.

Эскерте кетсек, паспорт маселесинде жарандардын чочулаганы да жөндүү. Анткени мурда Кыргыз паспортун дүңүнөн саткан окуялар катталып, айрым адамдар жоопко тартылышканы көпчүлүктүн эсинде.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан