Айгерим Эшим, ырчы: «Ырым сөзсүз хит болушу керек дебейм»

Тун– наристесин кучагына алып, энелик мээрим төгүп турган чагы. Эне болдум деп отуруп калбай, жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып, элдин жакшылыктарына барып ырдоого да жетишип жатат. Бул жолу ырчы Айгерим Эшимге суроо узаттык. 

– Саламатсызбы? Айгерим айым, көптөн бери маектеше элек экенбиз. Алгач жашооңуздагы жаңы баскычтан кеп баштайлы, эне статусуна ээ болдуңуз дегендей...

– Саламатсыздарбы, жалпы окурмандар! “Супер-Инфо” гезитине куш келдик. Ооба, көп болуптур, турмушка жаңы чыккан учурда маектешкен экенбиз акыркы ирет. Эне статусуна ээ болдум, бир жарым ай болуп калды. Үйдө кызымды карап эле сонун сезимдерге балкып отурам. Бир жакка барсак, үйгө шаша турган болуп калдык.

– Наристени алгачкы жолу кучакка алганда толкундандыңызбы же кандай ойлор болду сизде?

– Кызымды алгач кучагыма алганда эч кандай сезим болгон жок. “Айрымдарда энелик мээрим кеч ойгонот” деп дарыгерлер күлүштү. Мага жардам берип медайымдар карашып жатышты да. Эки күндөн кийин гана баланы колума алганда 10 жылдап балалуу боло албай жүргөн түгөйлөр эсиме келип, ошол жерден Кудайга шүгүр кылып, көзүмө жаш алдым. Бизди муктаж кылбай наристе жытын жыттатканына ыраазычылык билдирдим. Ошентип акырындык менен энелик мээрим ойгонду окшойт.

– Моюнга чоң жоопкерчилик илинди да?

– Чоң жоопкерчиликти сездим. Эң жөнөкөйү – баланы ачка кылып койбоюн, оорутуп албайын деп турат экенсиң. Анан иштин баары план менен жасалып калды. Мурда дароо тура калып эле үйдөн чыгып кетчүбүз да. Азыр бир жакка чыга турган болсок, үйгө апамды чакырабыз. Алтындай болгон апам жардамдашып жатат, апакем аялзатына тиешелүү иштердин майын чыгара жасаган айымдардын катарына кирет. Мен ага 100 эмес, 200 пайыз ишенеримди кыздуу болгондо билип жатам. Апам келип небересин сүйүп, кубануу менен карап кам көрүүдө. Колдоп, тирек болуп ар дайым ата-энеңдин жаныңда жүргөнү жүрөктү элжиретет экен. "Балам, балалуу болгондо билесиң" дейт го. Апамды мурдагыдан да жакшы түшүнүп, ага ого бетер сый-урматым күчөдү. Эне болгонуң ушул тура, балаң али кичинекей наристе болсо да эмитен эле анын келечегин ойлоно баштайт экенсиң. Канткенде бактылуу болор экен, кайсы кесиптин ээси болот, кайда окутабыз деген ойлор келе баштады.

– Жашоонун, уйкунун режими бузулдубу? Түндө бала ыйлайт, сак болуп караш керек дегендей...

– Башында Элзар экөөбүз (ред.: жолдошу, ырчы Элзар Тиленбаев) “жашообуз 100 градуска өзгөрүп кетти го” деп күлүп жатканбыз. Апам баланын кыркын чыгаргыча биз менен болду да, ал кеткенден кийин экөөбүз чыныгы абалды сездик. Бирөөнүн үйүндө конокто жүргөндөй сезилип эле көнбөй жаткан элек, азыр баарына көндүк. Кудайга шүгүр, кызыбыз Каусария жоош, курсагы ток, асты кургак болсо жата берет. Анан дагы түндө биз менен чогуу уктап, эртең менен чогуу ойгонот. Түнкү уйкуну бөлбөйт.

– Каусария өзгөчө ысым экен...

– Атасы Элзар кыздуу болууну абдан тиленди. Анан тилегине ишенди окшойт, кош бойлуулуктун 3-4 айында эле "кызымдын атын Каусария коём" дей баштады. Каусар деген “бейиштеги көл” деген маанини билдирет экен.  

– Төрөгөн соң үйдө отуруп албай, кайрадан чыгармачылыкка билек түрө кириштиңиз окшойт?

– Кош бойлуу кезимде деле той-мааракелерде ырдап жүрдүм. 7-8 ай болгондо гана эч жакка барбай калдым. Ошондо деле өзүмдү чыгармачылыктан узакка алыстап кеткендей сездим. Апам жакшы тыңытып, кыркыбызды чыгарып койгон соң “сүйүктүү жумушумду сагындым, ишимди улантайын” дедим. “Кыз-Буракта” жүргөндө “Ашыкмын” деген ырдын бир куплетин попурриде ырдачубуз. Ушул ырды абдан жакшы көрчүмүн. Ошондо эле “кийин ырдайм” деп ниет кылып койгом. Бул казактардын “Шынарым” деген эски ырларынын бири. Ошол ырды жаздырып, радиолорго бердим. Тойлордо ырдап жатам. Жакында эле Алматыга тойго чакыруу түшүп, барып келдим. Казактар мага кошулуп ырдап-бийлеп, абдан жакшы кабыл алышты. Азыркы тапта ырга клип тарттырып жатабыз. Элзар дагы атайын кызына арнап ыр жаздырган, ал ага клип тарттырып жатат. Айтор, экөөбүз тең чыгармачылыкка кызуу кириштик. Ал деле мени карап жүрүп чыгармачылыктан алыстап кетти. Анан Зарлык Камбаралиевдин калемине таандык дагы бир сонун дуэттин үстүнөн иштеп жатабыз.

– Ырдаган ырларыңыз элге жакшы кабыл алынып жатат. Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасыз?

– Ыр жаралып жатканда көптү үмүт кыла бербейм. Миллиондоп көрүлсүн, хит болсун дебейм. Ыр мага жагабы, болду, ойлонбой жаздыра берем. Өзүңдүн жүрөгүңдөн өтпөгөн ыр элдин деле арзуусуна татыбайт го дейм. Зарлык Камбаралиевге (ред.: ырчы, обончу) кандай ыр ырдагым келип жатканын айтам, ал ошого жараша жазып берет. Айта кетпесем болбойт, миллиондогон угарман топтогон ырлардын арасында автордук ырларым да бар. Өзүм дагы ыр жазып, обон жаратып жүрөм.

– Токтолгон окшойсуз же мага ошондой сезилип жатабы?

– Ооба, чынында токтолот экенсиң. Бирок өзгөрүп кеттим дебейм. Айрым күйөөлөр тыюу сала берип өзүнүн мүнөзү менен аялды өзгөртүп салышат да. А менин жолдошум мен кандай болсом ошондой кабыл алып сүйгөн. Мага "сен мындайсың, өзгөр" деп бир да жолу айткан жок. 

– Үй-бүлөлүк турмуш сиз элестеткендей эле бекен же реалдуулук башкача болуп чыктыбы? 

– Кичинемден эле алдын ала бир нерселерди айтып, план түзө бербейм. Андай-мындай болсун деп кыялдангандардын катарында эмесмин. Кудайдын буюрганы болот деп коём. Ошентсе деле турмуш боюнча бир аз элестетүү болот да. Менде баары мен элестеткенден дагы жакшы болду, Кудайга шүгүр. Бул жасалма жооп эмес, чын жүрөктөн айтылган сөз. Сонун жолдош тандадым, абдан бактылуумун. Сонун учурду баштан өткөрүп жатам.

– Бул өзүңүз тандаган, сүйгөн адамга баш кошконуңуздун да жемиши болуш керек?

– Эки адам бири-бирин жактырып үйлөнсө, жашоо жеңил болот. Көп учурда бир тарап гана жакшы көрүп, ошол себептүү эле эптеп баш кошуп калышат го. Анан улам кыйынчылыктар жарала берет. Күйөө менен аялдын кызыкчылыгы бир болсо, экөөнүн бири-бирин түшүнүүсү, сыйлоосу абдан жеңил болот экен. Ошондуктан эки тараптуу сүйүүнүн негизинде гана турмуш кургула деп айтат элем.

– Маегиңизге рахмат! Бактылуу бойдон гана жүрө бериңиз!

 

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1169, 9-15-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан