ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 19-майдан 25-майга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Бул аптада түйүндүү маселелерди чечишиңиз керек болот, детективдик талантыңызды ойготуңуз. Колго алган ишиңиз жакшы натыйжасын берет, бирок орун алган каржылык кыйынчылыктардан улам шашылыш туура эмес чечим чыгаруудан абайлаңыз. Шаршемби, бейшемби күндөрү планеталар сиз үчүн сүйүү энергиясын тартуулайт дешет жылдыздар, андыктан жаңы таанышууларга, мамилени бекемдегенге даяр болуңуз. Дем алышта сизден тактыкты талап кылбаган иштер менен алек болуңуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Демилге көтөрүп, жаңы идея жараткан лидер болбоңуз, тескерисинче, кесиптештердин катарынан орун алып, көпчүлүк менен болсоңуз сизге жоопкерчилиги артылып кала турчу маселеден алыс болосуз. Аптанын ортосунда болсо “сахнага” чыксаңыз болот, сизге ийгилик алып келе турган убакыт. Алыска сапарга чыгуу сунушунан баш тарта туруңуз. Үйгө керектүү буюм-тайым сатып алышыңыз мүмкүн. Энергияңыз калбай, тынчтыкта, шаан-шөкөтсүз эс алгыңыз келет.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Достор менен баарлашуу сизге ишеним тартуулайт. Бирок кандай суроо жаралбасын ага жалгыз өзүңүз жоопкерчиликтүү болоруңузду эстен чыгарбаңыз. Каржылык ийгиликтин жолундасыз, көп убакыт короткон эмгегиңиздин акыбети кайтат. Жеке жашоодо келишпестиктер жаралбасын десеңиз, мамилеге терс таасирин тийгизе турган эксперименттерден качыңыз. Аптада баалуу буюмуңузду жоготуп же уурдатып жиберүү коркунучу бар, сак болуңуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптанын биринчи жарымында жумушуңуз жипке тизилген шурудай эле шыр кетет. Сөз менен да, акыл менен да, кол менен да милдетиңизди аткара ала турганыңызды далилдейсиз. Бейшембиден баштап башкаларга жардамчы болуп жатканыңызды байкайсыз, муктаждыктын арты менен моюнуңузга отуруп алгысы келгендерди таанып алыңыз. Базарга чыгышыңыз ыктымал, андыктан алдын ала керектүүлөрдүн тизмесин түзүп, ошого жараша гана суммадагы акча алганга аракет кылыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Апта жагымдуу сюрприз менен башталат. Дүйшөмбү күнү жакындарыңыздан күтүүсүз белек алып кубанасыз. Шейшембиде шашылыш чечим чыгарбай, жети өлчөп, бир кескенге аракет кылыңыз. Жума күнү жумушта байкаларлык жылыш болот, капчыгыңыз калыңдашы күтүлөт. Өнөкөт оорулар козголбосун десеңиз, жашоо образына спортту кошуу керек. Энергияңыз достор менен кездешүүгө, оюн-зоок уюштурууга кенен жетет. Андыктан дем алыш күндөрүн кандай өткөрүүнү өзүңүз колго алып, план түзүңүз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Өткөн-кеткенге анализ жасоого, баа берүүгө ыңгайлуу убакыт. Бул күндөрү таарынышып жүргөн адам менен жарашып, эски жарааттын оозу жабылышы ыктымал. Жумуш күндөрү адаттагыдан жеңил өтөт, тынчыңызды алган маселе жаралбайт. Өзүңүздү өнүктүрүүчү нерсеге кадам таштайсыз, балким, психология курстарына жазыласыз, автомектепке киресиз же башка ийрим тандайсыз... Аптанын соңунда импульсивдүү чечим чыгаруучу жагдай жаралат, мындай учурда жакындарыңыз менен кеңеше калганыңыз оң.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Бизнестен жакшы киреше күтсө болот. Аптанын ортосунда майда, бирок чечкиндүү иштерди колго алуу максатка ылайык. Кас деп санаган адам менен элдешкениңиз оң, кийин ал адамдын чоң иште кереги тийиши ыктымал. Башкалардын маселесин чечип, арачы болууну талап кылган учурлардан алыс болуңуз. Түгөйлүү таразалардын мамилесинде гармония орун алат. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө ырахат тартуулагандай абалда өткөрүңүз, китеп окуп, кино көрүп, сейилдеп, сулууланып, таттуу тамак-аш жеп...

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Позитивдүү өзгөрүүлөр орун алат. Эргүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн энергиясын сезесиз, айрымдарда ички трансформация орун алышы күтүлөт. Окууга же иш сапары менен командировкага сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Физикалык активдүүлүк жана уйку режиминин сакталышы талап кылынат, болбосо ден соолукта маселе жаралышы ыктымал. Дем алышта мурунтан келе жаткан негативдүү учур кайрадан көз алдыңызга тартылып, маанайыңыздын өзгөрүшүнө таасир берет.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Дүйшөмбүдө акча табуунун жаңы булагы ачылат же болбосо чогулткан каражатыңызды ийгиликтүү инвестицияга салышыңыз күтүлөт. Бул аптада кесиптештердин, достордун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кеңештерине кулак салганыңыз туура, антпесе шашылып жатып туура эмес чечим чыгарып аласыз. Кызыктуу жолугушуулар, пайдалуу баарлашуулар орун алат. Жаңы таанышуунун арты романтикалык багытка бурулушу ыктымал, андыктан чакырыктарга жок дебей бара бериңиз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптанын биринчи жарымы жумушта жеңил, сизден көп нерсени талап кылбаган жагдайда өтөт. Андыктан бул убакытты жеке маселелерди, иштерди бүтүргөнгө арнаганыңыз оң. Өзүңүзгө да көңүл буруңуз, жумуш деп жүрө берген жарабайт. Бейшембиден баштап финансылык, административдик иштерди колго алганга туура келет. Документ иштеринде сак жана так болуңуз. Үй-бүлөлүк мамиледе туруктуулук орун алганы менен, түгөйүңүз сиздин сүйүүгө, мээримге муктаж болуп жатышы ыктымал.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Бул убакыт аралыгы суу куярлардан ийкемдүүлүктү талап кылат. Жашоонун бардык сферасында ийкемдүү болсоңуз, ойлогон ойлор, алдыга койгон пландар ишке ашат. Жумушта айрым адамдар аларга болгон көз карашыңызды өзгөртүшү мүмкүн. Чыгармачыл чөйрөдөгүлөрдүн идеясы колдоо таап кубанышат. "Меники туура, башкалар мендей боло албайт" деген ойдон алыс болуңуз, аксап каласыз. Коомдук транспортто капчыгыңызга, телефонго сак болуңуз, уурдатып жиберүү коркунучу жогору.

Балык
(20.02–20.03)

Жакын адамдарыңыз менен каржы маселесинен улам келишпестиктер жаралышы ыктымал. Күтүүсүз жардам колун сунгандардын жардамын алуудан мурун “бекер сыр капканда гана болорун” эске алып, ал адамдардын эмне максатты көздөп жатканын тактап койгонуңуз оң. Досторуңуздун биринин жакшылыгына күбө болосуз. Сизден аз акча талап кылып, көп пайда берет деп убадаланган иштерге аралашпаңыз. Кыйын күндө жакындарыңыз негизги колдоочу болорун эстен чыгарбаңыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1170, 16-22-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан