КЕЧ СҮЙЛӨГӨН БАЛА – КООПТОНГОН АТА-ЭНЕ... Логопед менен маек

“Балам эмнеге сүйлөбөй жатат?”, “Башкалар сүйлөйт, биздикинин тили чыга элек”, “Телефондонбу же чөйрөсүнөнбү?” – бул суроолор акыркы мезгилде жүздөгөн, балким, миңдеген ата-эненин оюнда жаңырып турат. Айрыкча баласы 2 жашка чыгып, “апа” же “ата” деп айта элек болсо, ата-эне чындап тынчсыздана баштайт. Кыргызстанда акыркы жылдары “баланын тилинин кеч чыгышы” деген көйгөй улам күчөп, логопед, невролог, дефектолог адистерине кайрылгандар көбөйдү. Көйгөйдүн төркүнүн түшүнүү үчүн сегиз жылдан бери балдардын тил өнүгүүсү менен иштеп келе жаткан логопед Жеңишбек кызы Ракыя менен кенен маек курдук.

Технология доору күнөөлүүбү?                        

Акыркы он жылдагы изилдөөлөр баланын тил өнүгүүсүнүн бузулуусу көбөйгөнүн көрсөтүүдө. Санарип технологиялар, экология жана тамак-аш сапатынын өзгөрүшү баланын тилине түздөн-түз таасир берип жатканын белгилейт адис. Ата-энелердин маалымдуулугу арткандыктан, мурун көңүл бурулбай жүргөн кечигүүлөр азыр эрте байкалып, адистерге кайрылгандар көбөйүүдө. Бул – жагымдуу көрүнүш.

“Бүгүнкү күндө ата-эне менен баланын ортосундагы жандуу баарлашуу азайып, анын ордуна телефон, планшет, YouTube жана мультфильмдер тил чөйрөсүн ээлеп жатат. Баланын тили угуп, көрүп, колдонуудан өнүгөт, ал эми экран – бир тараптуу маалымат булагы”, – деп түшүндүрөт логопед.

Пандемиянын тилге тийгизген таасири              

COVID-19 пандемиясы учурундагы изоляция мезгили да баланын социалдык чөйрөсүн чектеп, тил көндүмдөрүнө терс таасир эткени дүйнөлүк деңгээлде байкалган. Андан тышкары көп тилдүү чөйрөдө чоңойгон балдарда тилдин өнүгүү ыргагы башкача болушу мүмкүн.

“Айрым ата-энелер көп тилдүүлүк баланын тилинин кеч чыгышына себеп деп ойлошот. Бирок бул көйгөй эмес. Жөн гана ата-эне чыдамдуу болуп, тил ыргагынын өзгөчөлүктөрүн түшүнүшү керек. Эң негизгиси – бала ар бир тилде колдонулуп жаткан сөздөрдү реалдуу жашоодо угуп, түшүнүп, өздөштүрсө болду. Эгер бала үч тилде кыйналбай сүйлөп жатса, бул анын жеңиши”, – дейт адис.

Ар бир бала өзүнчө өнүгөт, бирок белгилүү чек бар                                             

Ата-эне үчүн эң оор учур – баланын 2 жашка чыкса да “апа”, “ата” деген сөздү айта электиги. Буга кооптонуу негиздүүбү?

Логопеддин айтымында, бала ар кандай ыргакта өсөт, бирок ошол эле учурда белгилүү бир жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тил нормалары болушу керек. Төмөндөгү баланын жашына жараша сүйлөө нормаларынын таблицасы ар бир ата-эненин сөздүгүндө болушу керек:

 0-6 ай – кыңылдап үн чыгарат, үн булагын көзү менен издейт

 6-12 ай – “ма-ма”, “ба-ба” сыяктуу кайталоочу үндөрдү чыгарат

 12-18 ай – алгачкы сөздөр (апа, ата, суу), 5-10 сөз үйрөнөт

 18-24 ай – 10-50 сөз, жөнөкөй эки сөздүү сүйлөмдөр

 2-3 жаш – толук сүйлөмдөр башталат, сөз байлыгы 200гө чейин жетет

 3-4 жаш – суроо берип баштайт, окуя айтуу мүмкүнчүлүгү пайда болот

 4-5 жаш – тили түшүнүктүү, көп сүйлөйт, маанилүү сүйлөм түзө алат

 5-6 жаш – мектепке даяр тилде сүйлөйт, жомок айтып бере алат

Эгер бала 1 жашка чейин үндөргө реакция кылбаса, 18 айда маанилүү сөз айтпаса, 2 жашта сүйлөм түзбөсө же 3 жашта чоочундар аны түшүнбөсө – бул учурда адиске кайрылуу керек!

“Өзү эле сүйлөп кетет” деп күтүп отура берүүгө болбойт                                     

Убагы келгенде өзү сүйлөп кетет деп күтүп отура берүү – сабырдуулук эмес, кайдыгерликке жакын мамиле. Ата-эне өз убагында адиске кайрылса көп нерсени оңдой алат.

“Ар бир бала ар башка, бирок атасы кеч сүйлөгөн, апасы кеч сүйлөгөн деп жүрө берүү туура эмес. Азыр экология, тамак-аш башка, бардык жерде радиация бар. Вай-фай, интернетти баарыбыз колдонобуз. Бул көрүнүштөр кеч сүйлөгөн генетикага кошумча таасир берип, бала таптакыр сүйлөбөй калуусу мүмкүн. Ошондуктан “өзү эле сүйлөп кетет” деп күтпөстөн, ишенимдүү кадам – адиске кайрылуу”, – деп түшүндүрөт логопед.

Тили кеч чыккан бала кийин жетишип кете алабы?                                            

Көп ата-энелерди ушул суроо кабатырга салат. Логопед мындай мисалдарды көп жолу кездештиргенин белгилейт:

“Менин тажрыйбамда тили кеч чыккан, бирок кийин өзүн мыкты көрсөтө алган, түшүнүктүү сүйлөгөн, мектепте активдүү окуган балдар көп. Бул ата-энелердин кабатырланбоосуна негиз болуп бере алат. Эң башкысы – эрте кийлигишүү, аракет жана балага өз учурунда жардам берүү керек”.

Жоопкерчилик кимде?

Балага тил үйрөтүүдө жалгыз гана ата-эне жооптуу эмес. Коом, бала бакчалар, тарбиячылар – баары тил чөйрөсүн түзүп берүүдө маанилүү роль ойношот.

“Баланын тилине ата-эне гана эмес, тарбиячылар, коом, жадакалса бала бакчанын атмосферасы да чоң таасир этет. Эгер бала сүйүү, тынчтык, түшүнүү менен курчалса – тил өнүгүүсү дагы жакшы болот”, – деп белгилейт адис.

“Менин күнөөм” деп эне өзүн жемелебеши керек

“Мен балага жетиштүү көңүл бөлбөдүм”, “Телефон берип койдум”, “Күнөөлүү менмин”  – деген ойлор көп энелердин жүрөгүн оорутат. Бул учурда логопед Ракыя айымдын пикири көңүл жубатат:

“Ата-эне эч качан күнөөлүү эмес. Анткени ал өз баласы үчүн ар дайым жакшылык каалайт, мүмкүн болгон аракетти жасайт. Кээде маалымат жетишсиз, кээде шарт болбой калат. Бул үчүн ата-энелер өздөрүн жемелөөнүн кажети жок. Бүгүн аракет башталса да кеч эмес”.

“Эмнеге сүйлөбөй жатасың?” – жүрөк ооруткан суроо                                       

Бул суроону берүүнү көп ата-энелер адатка айлантып алышкан. Бирок бул балага таарынуу эмес, кичинекей жүрөккө оор жүк. Ракыя айым ата-энелерге мындай эскертүү берет:

“Балдар сезимтал болушат. Айткан сөзүңүздү жан дүйнөсү менен кабыл алышат. Таарынуу, басым кылуу – баланын өзүнө болгон ишенимин жоготот. Анын ордуна: “Сенин сүйлөшүңдү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз”, – деген жылуу сөз күчтүү колдоо болот”.

Акыркы кеңеш: тынчтык жана аракет

Ракыя айым ата-энелерге төмөнкүдөй кеңеш берет:

– Эч качан кеч эмес. Эч качан жалгыз эмессиз. Баланын тили – анын дүйнөсү. Ал дүйнөгө эшик ачуу ата-эне менен бирге адистин, коомдун, сүйүүнүн иши. Эгер баланын тили кеч чыгып жатса – бул үмүтсүздүк эмес, аракетке чакырык. Баланын тилинин чыгышына эң мыкты дары – сүйүү, сабыр жана байланыш. Эгер сиз күнүгө балаңыз менен сүйлөшүп, ойноого убакыт бөлсөңүз – бул эң чоң инвестиция. Эң негизгиси, өзүңүздү жегенди токтотуп, аракет кылыңыз.

Жандуу байланыш – тил өнүгүүсүнүн эң негизги жолу                                    

Бала менен сүйлөшүңүз. Көзүнө карап сүйлөңүз, китеп окуп бериңиз. Чогуу ойноңуз. Тили чыкпай жатса, “сүйлөп кетер” деп күтпөңүз. Эрте аракет – эрте ийгиликтин кепилдиги.

Бала кулагы менен эмес, жүрөгү менен угат. Эң башкысы, аны түшүнүү керек, калганы сөзсүз жолго түшөт. Сүйлөбөгөн баланын да ичи сөзгө толгон. Болгону ага колдоо көргөзүңүз: сүйүү менен, түшүнүү менен, адиске убагында кайрылуу менен.

 

Адина Муктар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1170, 16-22-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан