Альбина Имашова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Тасмаларга тандап тартыла баштадым»

Бул айымды толкундуу кооз деңизге окшоштурам. Ал жарык маанайды, ачык-айрымдыкты да, токтоолук менен тереңдикти да чагылдырып тургансыйт. Театр сахнасына көрк кошуп көрүүчүнү таасирленткен, тасмадагы ролдору менен дагы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актриса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова маек төрүбүздө. 

– Саламатсызбы, Альбина айым? Жакында мыкты ролуңуз үчүн сыйлыкка татыдыңыз. Куттуктайбыз, кепти ушундан баштайлы...

– Саламатсыздарбы? Рахмат. “Эргүү” сыйлыгы Эл аралык театр күнүнө карата уюштурулуп келет, биздин “Оскарга” тете сыйлык десек болот. Кыргыз улуттук театрларынын арасында, көптөгөн спектакль, актёр-актрисалардын ичинен бир жылдын ичиндеги мыктылары аныкталат. Былтыр жолдошум Арнис Кыдырмышев сахналаштырган “Эр Төштүк” спектакли “Эргүү” улуттук сыйлыгына татып, “Эң мыкты дебют”, “Эң мыкты экинчи пландагы эркектин образы”, “Эң мыкты экинчи пландагы аялдын образы”, “Эң мыкты аялдын образы”, “Эң мыкты балдарга арналып коюлган спектаклдеги каарман” сыйлыктарын куржунга салды. Абдан сыймыктанып, кубанычыбыз коюнубузга батпай турдук. Жолдошум режиссёрлук кылган спектакль ушундай сыйлыкка татып, анан дагы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатса... Ого бетер эргүү алып, изденүүнүн гана үстүндө болуп калдык.

– Көптөгөн ролдорду жаратып келесиз, ошентсе да жүрөк түпкүрүнөн эңсеген ролуңуз барбы?

– Негизи “Эр Төштүктөгү” мастандын ролун окуу жайды бүтүп жатканда дипломдук спектаклде ойногом. Ошондо ушул мастандын ролун чоң сахнада ойносом деген көксөө пайда болгон эле. Арнис аталган спектаклди чоң сахнага алып чыгуу менен менин дагы кыялымды орундатып койду десек болот. Анан бул ролум “Эң мыкты аялдын образы” сыйлыгына татыды. Эми бул жерде өзүңдү-өзүң мактоо эмес, жасаган ишиңден баар таап, көрүүчү ошол нерсеге жакшы баа берип жатса, анда бул сенин максатыңа жеткениң, орундалган кыялыңдын туу чокусу да.

– Азыр эми көрүүчүнүн баасын дароо эле сезип жатасыздар да. Эл кандай кабыл алганын социалдык тармактар эле көргөзүп коюп жатпайбы...

– Ооба, мурун атайын социалдык сурамжылоо жүргүзүлчү да. Азыр болсо аткарган ролуңдан кийин социалдык тармактагы маанай эле элдин таразасын көрсөтүп коюп жатат.

– Кыргыз тасмаларынын көбүндө барсыз. Кино тармагындагы азыркы тенденцияга кандай баа бересиз?

– Байкасаңыздар, эки жылдай болуп калды окшойт. Мурдагыдай тасмаларга көп тартылбай калдым. Эмнеге дегенде, элдин көзүндө калыптанып калган шакылдаган жеңе, ажылдаган аялдын образынан чыгайын дедим. Өзүм драмалык актриса болгондон кийин ошол жаатка өтөйүн деп тыныгуу кармадым. Киного сунуштар түшсө ачыгын айтып, айрымдарына гонорарды атайын кымбат айтып, айтор, тасмалардын баарына эле тартыла бербей калдым. Себеби элдин эсинде бир образда калып кетпешим керек, көрүүчүлөр талантымдын башка тарабын да көрүшү кажет деп ойлойм. Кыргыз-казак биргелешкен “Чёрный двор” деген сериал тартылды. Анын режиссёру казак экен, ал менин жараткан ролдормду көргөн эмес да. Кыздар чалып кастингге чакырышканда “айланайын, мени билбейсиңерби, көрүп эле жүрбөйсүңөрбү” дедим. Кечке телефон чала беришкенинен Ысык-Көлдөн келе жатып “мейли, кире кетейинчи” деп барып калгам. Чарчаңкы, макияжы жок кебетем мага берилчү ролго куп жарашып калыптыр. Ошол режиссёр менин кандай жанрда ойной аларымды көрдү да, дароо эле “баланын апасын ойнойсуз” деди. “Чёрный двордогу” эненин ролу өзүмө абдан жакын болду, берилип ойнодум. Суукта үшүп, кыйынчылык менен тартылды, түрмө, айтор, барбаган жердин баарына бардык. Жыйынтыгында сериалды көргөн адамдардан жакшы пикирлерди уктум. Негизи эле шаңкылдаган жеңени ойной турган курактан өттүм да, ал орунду эми жаштарга беришибиз керек. Мен азыр апаларды ойной турган курактамын. Өзүм психологиялык кинолорду жакшы көрөм, ошондой жанрда образ жаратсам дейм. Баса, театрда “Эне” деген спектакль жарык көрдү. Анда өзүм самап жүргөн психологиялык ролду жараттым. Аны да абдан сүйүп, берилүү менен ойнойм. Бул спектаклде көрүүчүлөр мени башка тарабымдан көрүп кетишет деп ойлойм.

– Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болдуңуз, бул сиздеги жоопкерчиликти ого бетер арттырса керек...

– Ооба, Кыргыз өкмөтү мени ушул наамга татыктуу көрүп берип жаткандан кийин профессионал катары ага татыктуу болушубуз керек. Бул наам чоң жоопкерчилик артты. Жолдошум дагы “сен эми мурункудай жаш актриса эмессиң, өзүңө ылайык роль тандашың керек. Кудайга шүгүр, жаштар чыгып келе жатат, аларга орун бер. Сен өзүңдүн башка образыңды тап” деп кеңешин берип, менин ролдорумду талдап турат.

– Мугалимдик кесипти дагы аркалап келесиз, балким, усулдук китеп жазып илим жаатына дагы салым кошуу планыңыз бардыр?

– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде жана Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук драма театрынын алдындагы окуу жайда сабак берип келем. Ооба, усулдук окуу китептерин жазышыбыз керек, планымда бар. Өзүңдүн үйрөнгөнүңдү, үйрөтүп жатканыңды китеп кылып калтырып кетсең жакшы. Азыркы муунга керек болбосо дагы, кийинки муунга керек болушу мүмкүн. Азыркы тапта өзүм жөнүндө, чыгармачылыгым жөнүндө автобиографиялык чыгарма жаздыруунун үстүнөн иштеп жатабыз. Жолдошум колдоп, ыңгайы келип турганда өзүм үчүн, архив үчүн китеп чыгартып коюуну туура көрдүм.

– Жаш өйдөлөгөн сайын жашоого көз караш, баалуулуктар канчалык өзгөрөт экен?

– Жаш курак менен баары өзгөрөт экен. Мурун маани бербей жүргөн нерселерге өзгөчө маани берип каласың. Мурун жан талашып “иш, иш жана иш” деп эле жүрсөк, азыр үй-бүлөнүн тынчтыгы, балдардын жүзүндөгү күлкүсү, аларга көңүл буруу маанилүү боло баштады. Мурун балдар сабакты сөзсүз “5ке” окушу керек деп, “3” алышса урушсак, азыр “3” алса дагы аман болсун, эң негизгиси өзүнө жага турган нерсени кылсын” деп калдык. Баарына аяр мамиле кылганга өтөт экенсиң. Кудайга шүгүр, баары өз нугунда бара жатат. Биз ушул убакка чейин ошого жол салып келдик да. Таштак жолду асфальт кылганга аракет кылдык дегендей. Азыр биздин максаттар чыгармачылыкка тереңирээк сүңгүп кирүү, адамдын жүрөгүндө каларлык жакшы эмгек жаратуу болуп калды.

– Таене болгон кандай экен?

– Баягы “баланы бөлүп кутуласың, небереден өлүп кутуласың” деп коюшат го. Анын сыңарындай, небере баладан дагы таттуу болот экен. Неберемди көргөндө элжиреп бир башкача сезимдердин жетегинде калам.

– Көп неберелүү болуңуз. Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем.

 

 

Динара Акимова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1170, 16-22-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан