Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, бул багытта эки башка министрлик түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 12-майда жарыяланды. Биринчиси – Агартуу министрлиги. Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүнү, башталгыч кесиптик билим берүүнү көзөмөлдөйт. Мекемени буга чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген Догдуркүл Кендирбаева жетектейт.
Экинчиси – Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги. Илим, илим-техника жана инновация тармагына, жогорку билим берүүгө жана интеллектуалдык менчикке жооп берет, жетекчиси болуп Бактияр Орозов дайындалды. Аталган 2 министрлик мурдагы Билим берүү жана илим министрлигинин, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында түзүлдү.
Ошондой эле президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссия Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.
– Реформанын максаты – илим, билим берүү жана инновация тармагында мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системин түзүү, – деп айтылат маалыматта.
Билим берүү министрлиги экиге бөлүнөрүн биринчи жолу былтыр декабрда өткөн Элдик курултайда парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу билдирген эле.