Евразия экономикалык комиссиясынын 2024-жылдагы статистикасына таянсак, Кыргызстанда жарандардын банктарга болгон жалпы кредиттик карызы 1 миллиард 140 миллион долларга жетти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандарында карыздын өсүү темпи Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку деңгээлде. 2020-жылдан бери жеке адамдардын насыяга болгон карызы беш эседен ашык өскөн. Жалпысынын банк системине элдин ишеними артып баратат деп белгиленди. Токтоло кетсек, жарандардын депозиттери жыл сайын 30-40 пайызга көбөйүп жатат. Азыр өлкө боюнча банктардагы жалпы аманат 605 миллиард сомдон ашык. Бул сумма Бишкек шаарынын 25 жылдык бюджети менен барабар. 2025-жылы борбордун бюджети 23,6 миллиард сом деп бекитилген.
Адистердин айтымында, калктын банктарга карата ишеними артып, акча сактоону жана инвестициялоону расмий системдер аркылуу жүргүзүүдө. Бирок кредиттердин тез өсүшү жарандардын финансылык сабаттуулугуна жана реалдуу кирешелерге байланыштуу коркунуч туудурууда деп баса белгилешет.