Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде тартылган, зомбулук белгилери бар видео социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты. Видео тасма – өлкө армиясындагы көптөн бери айтылып келаткан “дедовщина” маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 14-майдагы парламент жыйынында Садовое айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө аскерлер кыйноого кабылганын айтып, бардык аскердик түзүмдөрдү текшерүүчү комиссия түзүүнү сунуштады.
Ал эми тиешелүү министрлик аталган окуя боюнча №86123 аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча офицердин үстүнөн “Кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Президент Садыр Жапаров бул факт үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш жарыялады. Ошондой эле бул окуяны калыс иликтеп, күнөөлүү адамды катуу жоопко тартуу тапшырмасын берди.
Коомчулук аталган видео жарыялангандан кийин жооптуу кызмат адамдарын мыйзам алдында катаал жазага тартууну талап кылышты. Маалыматка таянсак, окуя быйыл февраль айында орун алган.