(Башы өткөн сандарда)
Алар балдарын карап турушту. Мурун ушул бакчада жүгүрүп, тентектик кылып ойноп жүрүшчү. Азыр болсо бакчада бири китеп окуп, бири гүл тигүү менен убара. Али Акай менен Элес суктана, мээрим төгө карап турушту.
– Акырындап көнүп келе жатышат, – деди Али жеңилдене.
– Жакшы эле көнүп калышыптыр сага.
– Башында Ариет үч күн менде, төрт күн апасыныкында жашайм деген. Азыр, тескерисинче, төрт күн менде, үч күн, кээде эки күн апасыныкына барып жатышат. Шүгүр, бул нерсеге бир айда жетишем деп ойлогон эмесмин.
– Азаматсың! - деди ызалуу жылмайган Элес. Али эч нерсе байкаган жок. Өз алдынча сүйлөнө берди.
– Каны тартат деген чын экен. Экөөнүн тең мага окшош жактары көп.
– Ии, менин каным суу кечпей калган окшобойбу?
Ошондо гана Али Элестин сөзүндөгү какшыкты сезип калды. Аны таң кала тиктеди.
– Сен эмне, менден балдарды кызганып жатасыңбы?
– Жок, мындай эле...
– Кызык, мен сени сүйүнөт деп ойлосом...
– Сүйүнбөй анан, тогуз ай боюмда көтөрүп, кыйналып төрөгөн балдарым ушунча жылдан кийин табылып, бирок мага эмес, атасына гана ыктап жатышса кантип сүйүнбөй коём? Мен жөн гана алардын жашоосун, каалагандарын, табитин сенден угуп жатсам... Бул абдан сүйүнө турган нерсе да эне үчүн. Эмнесин айтасың?..
Элес биротоло жарылып кетти. Канча убакыттан бери топтолгон ызасын, кусасын, жинин Алиден чыгарды. Эмне дээрин билбей калды Али. Чын да, эмне дейт буга? Элестики да туура, ыза болот да ар бир эле эне.
– Сага да көнөт. Баары акырындап болот, – деди күнөөлүү кишидей.
– Эмнеге мени көрбөй жатышат булар? Алардын апасы мен эмесминби? Куду чоочун кишидей карашат.
– Анткени... – деп баратып, кандай айтсам буга жумшак тиет дегендей сөздөрүн ойлонуп, тандап сүйлөп жатты Али, – Аларды аябай сүйгөн, жанын аябаган бир апа менен чоңоюшту. Ал эми уруп-соккон, кагып-силкип, жаман көргөн атасы болду булардын. Ошон үчүн аталык мээримге зар болушкан. Акыры сени да кабыл алышат, жакшы көрүшөт. Убакыт баарын дарылайт.
– Мени кабыл алышы үчүн, мен тиги аялды өлтүрүшүм керекпи? – деди кыжырланган Элес.
– Жок, эй, жиндисиңби? Анда такыр жек көрүп калышпайбы. Элес, биз абдан оор жолду бастык. Акырына келдик. Эми бир аз сабыр кыл. Баары мурункудай болот, балдар экөөбүздү ата-энеси катары кабыл алышат.
Али Акайдын жагымдуу коңур үнү, тээ башында экөө сүйүшүп жүргөн кездегидей жумшак угулду Элеске. Дал ушул үнгө ашык болгонун эстеди. Мээримге толгон, жумшак, жагымдуу үнүнө ашык эле. Бирок балдары жоголгондо Али такыр башка адам болуп өзгөрдү. Чорт, туюк үн пайда болгон. Чын эле оор жол басты Али. Көзүнө жаш сызыла түштү.
– Баары ордуна келет, бир гана биздин мамиле ордуна келбейт, ээ? Чынбы? – деди ал Алиге жаштуу көздөрү менен.
– Эмнеге? Экөөбүз мурункудай кыйкырышпай калдык, бул да бир жакшы жышаан болуш керек, – деди жылмайган Али.
– Биз эч качан бириге албайбыз да, туурабы?
Али көзүн ала качты, Элес тиктеп тура берди. Жооп күтүп жаткандай. Мелтиреп турган аялдын үнсүз күтүүсүнө аргасыз жооп берүүгө туура келди.
– Жок, бириге албайбыз! Эмнеге билесиңби? Мен сени эбак эле кечиргем. Кектебейм, жаман да көрбөйм. Болгону мамиленин бүткөнү ушул. Аягына чейин жанымда болсоң, мени алдабасаң... Эх, эми алардын баарын айтып, майдаланып отурганда эмне. Көрсө, ишеним кетсе, баары кетет экен. Сый-урмат, баары жоголот тура.
– Сүйүүчү?
– Сүйүү биринчи жоголот экен, Элес. Мен Лимондой же Азимдей болуп “сени эч нерсеге карабай сүйөм” дей албайм. Кээ бир эркектер сүйүү ушул экен деп намысты ойлоп алышат. Кээ бири “меники гана болсун” деп өзүмчүлдүк кылышат. Мен андай эркектерден эмесмин. Бул жаңылыштык. Сүйүү – бул эркиндик, өзүңө кыйын болсо да коё берүү. Бакыт каалоо. Сага ыраазымын, жашоомдо болгонуңа, мага чоң сабак бергениңе, эки бала төрөп бергениңе ыраазымын. Кечирдим дагы. Бирок эми эч качан чогуу боло албайбыз. Сени да, өзүмдү да алдагым келбейт.
– Эмнеге менин жүрөгүм тынчыбайт? Эмнеге кайра эле айланып-тегеренип ойлорум сага такалат? Эмнеге менин сага болгон сүйүүм чарчабайт?
– Ал сүйүү эмес, – деди Али,
– Сен мени сүйбөйсүң, антип өзүңдү алдаба. Болгону сенин сулуулугуңа туруштук берип, баш тарта алган биринчи эркек мен болсом керек. Бул сени “оорулуу” кылды. Кандай болсо да жеңем дедиң. Өзүмчүлдүк же жиндилик де, эмне десең ошол де, бирок бул сүйүү эмес. Сен эң биринчи биздин “кемени” өрттөп жибердиң. Эң биринчи менден баш тарттың. Анткени бир кезде мен сен жактырган эркек болбой калдым. Турмуштун биринчи соккусунда өзүн жоготкон, балдарын ойлоп, сени унуткан, депресияга баш оту менен кирип кеткен адамга айландым. Сен менин образымдагы “герой любовникти” сүйгөнсүң. Алсыз болгонумда таштап кеттиң. Чындык бул. Өзүң менен өзүң кездешүүң керек, Элес, чоңоюшуң керек. Жашооңдо эми жолуккан адамдын “баатырлыгын” эмес, жан жүйнөсүн сүй. Ошондо чыныгы сүйүү эмне экенин билесиң.
Элестин жашоосундагы эң оор сабак Алинин ушул сөзү болду. Чынында эле ал эч кимди чындап сүйбөгөн эле. Али Акайды да, Лимонду да, Азимди да сүйбөптүр. Болгону алардын өзүнө болгон суктанусууна, камкордугуна ашык болгон экен. Чыныгы сезимдин али даамын татпаган тура.
– Макул, мен кетейин.
Ордунан турду. Бул учурда кызы Айсулуу бакчада гүл тигүү менен алек болуп жаткан. Бул суз жылмайган, муздак, бирок сулуу аялдын өз апасы экенине ишенип-ишенбей кетчү. Үйдөн чыгып, аларды алыстан тиктеп турганын сезди. Жанына барууга батынбай тургандай. Эмне дээрин билбей жаткандай... Элес чындыгында эмне кыларын билбей дарбазаны көздөй кадам таштады.
– Апа?!
Чын уктубу? Кадамы токтоду, бирок кылчайганга эрки жетпей туруп калды.
– Апа, мен...
Артка кылчайган Элес уулу Ариет эки-үч кадам арыда турганын көрдү.
– Мен... сага муну... берейин дегем.
Ариет жакын келип алаканын ачты да, кичинекей гүлдү салып кайра жаап койду. Элес менен уулу тиктеше түштү. Кичине кезинде экөөнүн ушундай оюну бар эле. Гүлдү алаканына катып ойношчу. Элестин көздөрүнөн жаш мөлт деди.
– Эстедиңби?
– Ооба, эки жума мурун бул бакчага келгенимде эстедим. Сенин көйнөгүң апакай болчу... Колдоруң жумшак эле, мени...
Ариет да көз жашын араң карманып турду.
– Мени аябай жакшы көрүп тиктеген көздөрүңдү эстедим. Сени эстедим, апа.
Элес уулун кучагына кысты. Али Акай да, Айсулуу да буларды карап көз жаштарын токтото албай турушту. Бул бакыттын көз жашы эле.
(Уландысы кийинки санда)