Бабл-ти (Bubble tea) – модадагы көбүктүү чай, учурда дүйнөлүк тренд. Суроо-талапка ээ, айрыкча балдар жакшы көргөн бул суусундукту үйдөн жасоого да болот. Анын качан пайда болгонун, рецептин, пайда-зыянын айтып беребиз.
Кыскача тарыхы
Көбүктүү чай 1980-жылдары Тайванда пайда болгон деп айтылат. Башында ага кара чай, тапиока тоголокчолору, коюулатылган сүт жана сироп кошулган. Кийинчирээк анын түрдүү варианттары чыкты.
Курамында эмнелер болот?
Курамында чай, сүт, жус-боллдор же тапиока тоголокчолору бар. Ысык да, муздак да түрлөрү болот. Бул суусундук үчүн чайлардан кара, көк, ак жана матча чай колдонулат. Матча чай – япондордун өңү жашыл упа чайы. Коктейль түрүндөгүлөргө чай, сироп, жемиштер кошулат. Жемиш ширеси, кофе, какао, шоколад, татымалдар кошула турган түрлөрү да бар. Өсүмдүктөрдүн сүтү, мисалы, бадам, банан, кокос сүтү, кадимки сүт, ал эми сироптордон клён, кокос, мөмө-жемиштердин даамындагы сироптор колдонулат. Айрымдар кургак сүттү пайдаланышат.
Тапиока, жус-болл деген эмне?
Тапиока – маниок өсүмдүгүнүн тамырынан алынган крахмал тоголокчолору. Бабл-чай үчүн алгач аны сууга кайнатып алышат. Даамга ээ эмес, бирок чайдын курамындагылардын даамын өзүнө бат сиңирип алат. Мармелад сымал чайналат. Тапиока кошулган чай муздак, ысык түрүндө болот.
Тапиока Африка, Түштүк Америка, Индонезия жана башка жактарда өстүрүлөт.
Жус-болл – бул сырты агар-агардан (деңиз балырларынан алынат) жасалып, ичине жемиш ширеси же сироп толтурулган тоголок желе. Аны басканда же тиштегенде икра сымал жарылып, ичиндеги шире же сироп суусундукка өзгөчө даам берет. Даяр продукт. Ысытканда жарылып кеткендиктен жус-болл муздак бабл-чайга кошулат. Манго, личи, анар, апельсин, лайм жана башка даамдар да болот.
Цуй бо-бо – бул аморфофаллус коньяк өсүмдүгүнүн тамыр түбүнөн алынуучу, мармелад сымал чайналуучу тоголокчолор. Даамы көбүнчө карамелге окшош. Даяр продукт. Өсүмдүк Кытай, Вьетнам, Таиланд жана башка жактарда өстүрүлөт, конжак деп да аталат. Тапиока, жус-болл, цуй бо-бону супермаркеттерден табууга болот.
КЛАССИКАЛЫК МУЗДАК БАБЛ-ЧАЙ
Керектелүүчү азыктар: (1 порция үчүн)
• Суу – 350 миллилитр
• Кургак чай (кара же көк чай) – 1 чай кашык
• Сүт – 150 миллилитр
• Карамель сиробу – 36 миллилитр
• Муз – каалоого жараша
• Тапиоки же жус-болл – 3 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
• Идишке 300 миллилитр сууну куюп, кайнап чыкканда ага тапиоканы салабыз. Ак тапиока болсо 15-20 мүнөт, кара болсо 30 мүнөттөй кайнатуу кажет. Кайнап жатканда тынбай аралаштыруу шарт, болбосо түбүнө тартып кетет. Кайнап, тоголокчолор жумшарышы зарыл. 30 мүнөттөн кийин сүзүп, үстүнө муздак суу куюп, жууп алабыз.
• Муздаган тапиоканын үстүнө сиропту куюп аралаштырып, муздаткычка 20 мүнөткө салабыз.
• Кайнаган 100 грамм сууга чайды салып, демдеп, сүзүп, муздатабыз.
• Стакандын түбүнө тапиокаларды (же жус боллду) салып, үстүнө чайды, сүттү куюп, муз кошобуз. Чайыбыз даяр!
КУЛПУНАЙЛУУ БАБЛ-ЧАЙ
Керектелүүчү азыктар: (2 порция үчүн)
• Кулпунай – 200 грамм
• Суу (чай үчүн) – 300 миллилитр
• Кургак чай (кара же көк) – 1 аш кашык
• Агава сиробу (башка сироп да болот) – 60 миллилитр
• Бадам сүтү (же башка өсүмдүк сүтү) – 200 миллилитр
• Тапиока – 4 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
Даярдоо жолу классикалык бабл-чайды даярдоого эле окшош. Болгону кулпунайларды жууп, анан 4 чарчы кылып туурап алуу керек. Эң аягында стакандын түбүнө тапиоканы салып, кулпунайды, музду кошобуз. Үстүнө демделген чайды, бадам сүтүн куюңуз.
АПЕЛЬСИН ШИРЕЛҮҮ БАБЛ-ЧАЙ
Керектелүүчү азыктар: (4-5 порция үчүн)
• Суу – 2,5 литр
• Көк чай – 5 аш кашык
• Лайм – 1 лаймдын жарымы
• Жалбыз – 5 талча
• Тапиока – 11 аш кашык
• Апельсин – 3 даана
• Кант, муз – каалоого жараша
Даярдоо ыкмасы:
• Кайнаган 1 литр сууга чайды салып, демдеп, муздатып, сүзүп алабыз.
• Чайга лайм ширесин сыгып, жалбызды кошобуз.
• Апельсиндин ширесин сыгып алабыз.
• Тапиоканы 1,5 литр кылып жогоруда айтылгандай даярдайбыз.
• Тапиокага апельсин ширесин кошуп, даамы сиңгиче коё турабыз.
• Стакандарга бөлүштүрүп куюп, татымына жараша кант, муз кошобуз.
Пайдасы көппү же зыяяныбы?
Нутрицолог, диетолог Салтанат Абазбекова аталган суусундук 3 жашка чейинки балдарга болбойт дейт:
– Бабл-чайдын пайдасы – суусунду кандырып, сергитип, энергия берет. Бирок пайдасынан зыяны көбүрөөк. 1 порциясында 80ден 490го чейин килокалория бар. 1 стаканында 60-70 граммга чейин сироп же кант бар. Чайды ичкенде кандагы глюкозанын деңгээли көтөрүлөт. Уйку безине күч келип, инсулин көп бөлүнүп чыгат. Такай ичкенде кант диабетинин жаралуу коркунучун жакындатат. Курамдагы сироп, кам каймактуу сүт семирүүгө себепкер. Андыктан бул суусундукту анда-санда гана ичүүгө болот. Бабл-чай 3 жашка чейинки балдарга болбойт! Сүт кошулгандыктан организми лактозаны сиңире албай тургандарга, кант диабети барларга болбойт. Тапиока жана жус-боллдор аллергия жаратышы да мүмкүн.
Канымжан Усупбекова