Эркектер жөнүндө “эркектей болчу”, “майдаланып кетишти”, “аялдай болуп кайым айтышып...” деген сыяктуу сөздөрдү баарыбыз эле угуп калабыз. А чыныгы эркек мурда кандай эле? Чын эле башкача беле? Аларды кыргыз кантип тарбиялаган? Бул суроолорго этнопедагог Абдыкерим Муратовдун кызыктуу жооптору бар экен.
“Бүгүнкү эркек бала – эртеңки жоокер”
– Баарыбыз билебиз, үйдө эркек бала төрөлгөндө кыргыздар абдан сүйүнүшкөн. Бул кызды жаман көргөндөн эмес, ошол кездин социалдык абалына ылайык көз караш болгон. Себеби көчмөн эл дайым “качан жоо келип калат?” деген түйшөлүү менен жашагандыктан, эркек баланын төрөлүшү зарыл болгон. Алардан эртеңки күндүн жоокерин, мекендин сакчысын көрүшкөн. “Урпактын тукумун улантат, жоодон коргойт” деген маанидеги кубаныч болгон. Демек, эркек баланын тарбиясы ал кундакта кезде эле башталган. 4-5 жаштан баштап эпосторду, баатырлар тууралуу жомокторду, окуяларды айтып беришкен. Эмнеге кыргыз элинде оозеки чыгармачылык мыкты өнүккөн? Себеп – баатыр уулдарды тарбиялоо зарылдыгы.
“Түндүктү бешиктеги эркек баланын колуна тийгизип...”
– Боз үйдүн түндүгүн эркек гана көтөрөт. Түндүк бийикте, айланасына ууктар сайылат, демек, үй-бүлө мүчөлөрү сөзсүз түрдө эркек адамга баш ийиши керек деген маани келип чыгат. Түндүктү көтөрүүгө каруу, күч керек болгондой эле, үй-бүлөнү багуу жана кароо да эркек кишиге жүктөлөт эмеспи. Бирок шашылыш көчүү керек болуп, эркеги үйдө болбой калса аялдар түндүк көтөрүүгө укуктуу болушкан. Үйдөгү тестиер эркек баланын жардамы менен, ал жок болсо, бешиктеги эркек баланын колун тийгизип ырым кылып туруп түндүктү көтөрүүгө уруксат берилген. Бул жерде түндүк менен бирге эркекке берилген укук жана милдеттин чоңдугун билсек болот. Азыркынын “түндүк көтөрүүчүлөрү” эске ала турган нерсе бул.
“Жети атасын эрте жаттаткан”
– Эркек балага жети атасын 6-7 жашында эле жаттатып, тегинин санжырасын айтып беришкен. Анткени эркек баланын ата-тегин, санжырасын билиши маанилүү деп эсептешкен. Бала жети атасынан чыккан баатырларды билип, үлгү тутуп, сыймыктанууну канына сиңирген. Улуулар “кимдин тегисиң?” деген суроо менен эле кандай жигит экенин, кулк-мүнөзүнө чейин билип алышкан.
“Көз караш, мимикалар тарбиялаган”
– Көчмөн калктын урпактары аз сүйлөшкөн. Эзилип, эртеден кечке тарбия сөздөрүн айта беришкен эмес. Көз караш, мимика, жесттер менен тарбиялаган. Мисалы, 6-7 жаштагы эркек баланы ээрчитип чоң ата боз үйгө кирет. Бала улагада калат, ошол жерде көпкө калабы же калбайбы, чоң атанын ишаратынан билет. Боз үйдө олуттуу маселе сүйлөшүлүп жаткан болсо, чоң атасы акырын кол шилтеп коёт. Бул “кете бер” деген белги. Эгерде жайчылык сөз болуп жаткан болсо, баш ийкеп, көз менен улаганын каптал тарабын көрсөтөт. Бул “отура бер” деген кеп. Вербалдык тарбиянын философиясы – аз сүйлөгөн адамдын энергиясы сарпталбайт. Ал энергияны башка маанилүү иштерге жумшаган. Бул азыркыдай чырылдап кайым айтыша берген эркектердин кулагына күмүш сырга.
“Үй-бүлө багуу милдетин эрте сездиришкен”
– Атка түзүк отургандан тартып эркек бала машыгышы керек болгон. Аттын кулагында ойноп шамал менен жарышкан, жаа атып, кылычташууга эрте үйрөтүлгөн. Аңчылык кылабы, дыйканчылыкпы же устачылыкпы, айтор, эркек бала үй-бүлө багуу милдетин эрте сезген жана моюнга алган. Азыркы отузга чыкса деле “каша” жеп, ата-эненин же аялдын мойнунда отурган эркектер билип алсын.
“Кийиктин эти өңдүү күчтүү тамактарды беришкен”
– Кызга салыштырмалуу эркек балага күчтүү тамактар берилген. Мисалы, бугунун, текенин этин жедиришкен. Ошондуктан чымыр денелүү болуп, көп оорушкан эмес. Чыйрак жүрүшү үчүн өзгөчө чүйгүн тамактарды жасап ичиришкен. Мисалы, бийик тоодо өскөн “аркар оту” деген чөптүн тамыры бар. Ошону кургатып майдалап, күлазык катары даярдап коюп, эр жигиттердин тамагына кошуп беришкен. Бул иммунитетти көтөрүп, ысык-сууктан коргогон. Кайберендин өтү, кашкулактын майы сыяктуу табигый жардамчылар көмөктөшкөн.
“Сөздүн баркын, баасын сездиришкен”
– Көчмөн салтында алаканын да жазылбаган мыйзамдары болгон. Сөз баккан, сөздүн баркын билген мырзаларга убададан кайтуу өлүмдөн да оор нерсе. Аялдын эмес, эмнеге эркектин сөзү чечүүчү ролду ойнойт дегенге келсек, аялдар эмоционалдуу болушат. Азыр айткан сөзү үчүн эртең өкүнүп калышы мүмкүн. Эркек токтоолук менен, көзү жеткен гана нерсеге убада берип, ал сөзсүз аткарылышы керек болгон. Ошондуктан эркекти ата тарбиялаган. Бир сөздүү, убададан кайтпаган, адилеттүү кылып тарбиялоо атадан балага өтө турган нерсе. Ата өзүнөн да мыкты кылып тарбиялайм десе, устатка берген. Адатта, бийлердин, эл көзүрлөрүнүн балдарын устат тарбиялаган. Убада берип, аны аткарбай коюуну нормалдуу нерсе катары караган айрым “мырзаларга” бул дагы баалуу маалымат.
“Күчтүү энергияга ээ болсун деп кам көрүшкөн”
– Эркек баланын эрки күчтүү болушу үчүн кам көрүшкөн. Мисалы, аңчылыктын олжосу болгон жапайы айбанаттардын терисин ашатып буюм жасап беришкен. Суук тийип калса аюу талпакка орошкон, бул андагы күчтүү энергия жуксун деген маани. Эркек балдардын мойнуна тумар кылып карышкырдын тырмактарын илип коюшкан. Балага көз тийбесин, карышкырдын кашкөйлүгү жуксун деген ишеним менен.
“Анттын ыйыктыгын билишкен”
– Кыргыздын ант берүүсүндө чоң маани камтылган. Мисалы, эки жигит антташып дос болсо, анттын далили катары камчы алмашышкан. Бул – “анттан тайып кетсем, жонума камчы урулсун” деген сөз. Кылычтын мизин өөп да ант беришкен, “сен үчүн жанымды да аябайм” деген мааниде. Үчүнчүсү, денесин кесип, чыккан канды тийгизишип ант беришкен, бул “мындан ары кандаш бир тууганбыз” деген сөз. Ант берген адамдар бир өмүр бири-бирин коргоого, акыреттик дос болууга, бири-биринин жанын, жакындарын, мал-мүлкүн коргоосу шарт болгон. Эгерде анттан тайып кетсе “антты бузган адам” аталып элден чыгып калган. Андай адамдарды мал-мүлкүн алдына салып, “кайда барсаң өз эркиң” деп айылынан чыгарып коюшкан. Көчмөндөрдүн эң чоң жазасы ушул эле.
Албетте, азыр көчмөн жашоо эмес, илгеркидей баатыр уул тарбиялоо азыркы технология заманында кимге керек деген кептер да бар. Жүйөсү бар. Бирок кылыччан жоокер болбосо да, кадимки жашоодо мырзалардын убадага бекем, чечкиндүү, ишенимдүү, намыстуу болгону жакшы эмеспи.
Нуржамал Жийдебаева