Азыркы учурда “Чоочун киши” сериалы популярдуу болууда. Сериалды тарткан кинорежиссёр Сүйүн Откеевди сөзгө тартып, кинону, чыгармачылыкты кеп кылдык. Сүйүн мырза эми “Кара кыргыз” аттуу тарыхый сериал тартууга белсенип туруптур. Калганын өзү айтып берсин.
– Саламатсызбы? Сөздү учурда актуалдуу болуп турган “Чоочун киши” сериалынан баштасак деп турам. Долбоорго кантип киришип калдыңыз?
– Саламатсыз, жакшы болот. Долбоор “Кыргыз сериал” мамлекеттик мекемесине таандык. Алар тендер жарыялашып, биздин команда утуп алган. Чынын айтсам, “Чоочун киши” романын мурда окуган эмесмин. Өз убагынын популярдуу чыгармасы болгонунан кабарым жок эле. Көрсө, ар бир окурман окушу керек деген 100 мыкты китептин ичине кирген чыгарма экен. Мен кийин окуп чыктым, таасирлендим. Эчен жыл мурун жазылса деле андагы тема азыркы учурда да актуалдуу десек болот. Сериалды китепте жазылгандай, тагыраагы, Союз убагындагыдай кылып тартсак, көп каражат кетмек. Андыктан сценарийди мен, Элдар Турдумамбетов, Насирдин Кудайбердиев үчөөбүз азыркы учурга, сериалга ылайыктап жазып чыктык.
– Актёрдук курам жакшы тандалганы көрүнүп турат, баары өз ордун тапкандай...
– Актёрлорду абдан издедик, айрыкча Толкунбектин ролуна жарай турганын көп издеп, аягында Саламат Калыбек уулу деген актёрду жактырдык. Жайнанын ролундагы Назби Айдарова менен тааныш элем, ага ишендим. Ал эми Зыйнаттын ролун аткарган Арина Исакованы театрдан көрүп, жактырдык. Мүмкүн болушунча жаңы жүздөрдү алып чыкканга аракет кылдык. Сериал тартуу – киного караганда оорураактай сезилди. Ар бир сериалда элди кармап туруу деген маселе бар, техникалык жактан, сюжеттик линия тараптан да дыкат иштөөгө туура келди.
– Эки аялдын ортосунда калып, ары кетип бери келе берген “Толкунбектер” чыныгы жашоодо деле көп эмеспи. Ушунусу менен да сериал элге жакты окшойт.
– Толкунбек эки аялдын бирин тандап кетсе сериал тартылбай калмак (күлүп). Бул жерде аял менен күйөөнүн, ата менен уулдун мамилеси, сиз байкагандай, чечкинсиздик, балдардын атасыз калышы, атасын тааныбай “апа, чоочун киши келиптир” деп айтып калышканы, кыскасы, бир топ көйгөй жатат. Ар ким сериалдан өзүн көрүүдө, ошол үчүн да рейтинг жогору болду болуш керек. Учурда 3-сезон даярдалып жатат, бир нерсени айтып коёюн, эч ким күтпөгөн, эч кимдин оюна да келбеген финал болот.
– “Кара кыргыз” деген тарыхый сериал тартканы жатыпсыз. Буга чейин кыргызда тарыхый сериал тартыла элек болчу, оор ишке белсенипсиз да?
– Долбоор “Кыргыз сериалга” тиешелүү, мамлекет каржылап жатат. Мындан 100 жыл мурунку тарыхый окуялар тартылат. Муну да биздин командага ишенип тапшырып жатышат. Жоопкерчилик чоң, 1917-жылдан башталган 7 жылдык окуяны баяндап беребиз. Президентибиз Садыр Жапаров былтыр жарлык менен 5 адамды “журт атасы” деп бекитпеди беле. Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков. Ошол адамдарга басым жасоо менен сценарий жазып жатабыз. Биринчи сезондо булар, кийинки сезондо, буюрса, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдорду кошобуз.
– Сиз атаган инсандар “кыргызды сактайбыз, Кыргыз мамлекетин түптөйбүз” деп атылып кетишти. Сериалда ушул жагдай ачык көрсөтүлөбү, тарыхый чындыкты так чагылдырууга эрк жетеби?
– Жакшы суроо. Азыр сценарий жазылып жатат, бүтсө жогоруда аталган мамлекеттик мекеменин комиссиясына жөнөтөбүз, алар “окей” десе тартыла баштайт. Айтайын дегеним, эл аралык саясатты кылдаттык менен карап чыгыш керек. Эки элдин ортосунда маселе чыкпагандай, бирок тарыхый чындыкты да бурмалабай алып чыгууга аракет кылабыз. Долбоордун эң кыйын жери да ушул.
Тарыхты гана тартып койсок, азыркы жаштарга кызыксыз болуп калышы мүмкүн. 7-класстагы балага да, тарых илиминин докторуна да кызыктуу боло турган алтын ортолукту табуу зарыл. Тарыхчылар да капа болбогудай, жөнөкөй элге да жете тургандай болуш керек.
– Буга чейин тарыхка кызыкчу белеңиз?
– Жок, тарыхты мынчалык казып окуган эмесмин. Тарыхты терең каза баштаганда башкача сезимдер болот экен. Сериалды тартып бүткүчө чала тарыхчы болуп калат окшойбуз (күлүп). Аты аталган инсандар көп изилденген эмес, балким, баалуу маалымат кайсы бир архивдерде жаткандыр, табууга аракет кылабыз.
– Сиздин оюңузча, кыргыз режиссёрлору эмнеден аксап жатат? Ал эми эмнеден алдыга кетишүүдө?
– Мамлекет буга чейин кино тармагына жакшы көңүл бурган эмес. Ошого карабай жеке киностудияларды ачып, өз каражатына кино тартып, 90-жылдардагы оор учурда да ушул тармакты сактап калышканы кино тартуучулардын чоң баатырдыгы деп эсептейм. Айрыкча акыркы 5 жылдан бери киночулар өнүгүүдө. Ал эми кино тармагындагы кемчилик – бизде сценарий жазуу, гримдөө жаатында атайын мектеп жок, негизи көп эле нерсе жок. Ага карабай сырттан окуп келишип, үйрөнүп, ар ким өзүнүн кадрларын даярдап жатышат. Башкача айтканда, кино ишмерлери жоктон бар кылып келе жатышат.
– Кино тартууда тобокелчиликтен коркпойсузбу?
– Билбейм, тобокел кылып эле келе жатам (күлүп). Өлкөдө жылына 50дөй кино тартылса, анын 15и гана жакшы акча топтошу мүмкүн. Калганы өзүн актабайт, каражаты артка кетет. Менде деле жакшы киреше тапкан кинолор болду, артка кеткен учурлар да болбой койгон жок. Көч бара-бара түзөлөт, коркпош керек.
– Сизди маркум Таалай Бектурганов тууралуу да кино тартат деп уктум, анын күйөрманысызбы?
– Ырларын жакшы көрүп укчумун, бирок идея мага таандык эмес. Оштон Дамирбек деген мырза ал тууралуу кино тартылса деп материал топтоп жүрүптүр. Кызыгып, сүйлөшүп отуруп эле ушул долбоорго киришип кеттик. Таалай Бектургановдун жашоосу өзү кино экен. Жакын достору, бир туугандары менен сүйлөшүп, анын жеке жашоосун, өлүмүн, инсандык тагдырын ачып берсек деп белсенип турабыз. Буюрса, кастинг өткөрүп, жакшы бир актёр да таптык. Кастинг уюштурганда бул ырчынын фанбазасы укмуш экенин байкадык, ошондуктан абдан чоң жоопкерчилик жана тажрыйба керек.
– Тажрыйба деп калдыңыз, дипломдуу режиссёрсузбу?
– Жок, дипломдуу эмес, билимдүү режиссёрмун. Германияда режиссёрлукка окуп жатканда, акыркы семестрде Кыргызстанга кетишим керек болуп калды. Үй-бүлөлүү болуп калган элем ал кезде. Окууну кайра кайтып келип бүтүрөм деп ойлогом, бирок андай болбоду. Азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университетинде окуп жатам. Буюрса, дипломдуу режиссёр болорума аз калды.
– Жеке жашооңузга кайрылсак...
– Баары жайында. Төрт кызым бар. Үчөө мектепте окуйт, кичүүсү бала бакчага барат. Келинчегим англис тили мугалими. Айтор, тыл ордунда (күлүп). Ошон үчүн да чыгармачылыгым аксабай жакшы бара жатат деп ойлойм.
– Маегиңизге рахмат, сизге ийгилик каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева