Белгилүү ырчы Клара Алибекова өзү тууралуу фактыларды айтып берет. Сиз билген жана билбеген маалыматтар айтылды, назар салыңыз, окурман.
“Атым Клара Цеткиндин атынан коюлган”
– Кичинемде апама “Клара деген чет элдик ысым го. Мага эмнеге кыргызча ат койгон эмессиз?” десем, себебин айтып берген эле. Көрсө, мен төрөлгөндө атам төрөт үйүнө барса врачтар “кызыңарга кандай ат коёсуңар, айткыла, күбөлүк жазылат” дешиптир. Атам ойлонуп туруп калат. Ошондо врачтар “Клара Цеткин деген немис саясатчысы бар. Анын демилгеси менен 8-Март аялдардын майрамы болуп калган. Ошонун атынан койгула. Цеткиндей кыйын кыз болсун” дешиптир. Ошентип Клара болуп калыптырмын.
“Акчанын баркын кеч билдим”
– Эгер кайра жаралсам, таптакыр башкача жашоону тандамакмын. Жаштыкта көп нерсени аңдабай, далай мүмкүнчүлүктү колдон учуруп жибериптирмин. Популярдуу болуп турган кезде келечегимди ойлоп, үй-жай кылып, жашоомду тыңдап алсам болмок экен. Ушуга өкүнөм. Жаштык кылып акчанын баркын билбептирмин. Кээде мектепти бүткөн соң деле ырдап чыксам болмок экен деп калам. Жашоону түшүнө элек секелек кезде сахнага чыгып алып, көп мүдүрүлдүм.
“Ден соолуктан бир аз кыйналып жүрөм”
– Кичинемден арыкмын. Бир чети бул жакшы, арыктайт элем деп түйшүк тартып кыйналбайм. Көңүлүм ордуна келе түшкөнбү, же жашоого кубаттандымбы, айтор, мындан 2 жыл мурун 3-5 килограммга чейин салмак кошуп алгам. Анда деле 48-50 килограмм чыккам. Жакында таразага түшсөм 43 килограмм эле чыктым. Тааныштар да “эмнеге арыктап кеткенсиң?” деп сурап жатышат. Чынын айтканда, ден соолуктан бир аз кыйналып жүрөм. Кичинемде ысык-суук эмне экенин билбей, билсем да тоготпой гастролдоп жүрө бергенимдин залакасы эми билинип жатат окшойт. Башым бат-баттан ооруйт, шалдырайм. Иммунитетим начар, анемия дартым бар. Жакшылап дарылансам деп жүрөм.
“Бирөөнүн көңүлүн оорутуп алгандан корком”
– Бирөөгө убада берип, аткара албай калгандан, бирөөгө туура эмес сүйлөп көңүлүн оорутуп алуудан корком. Бир иш кыларда көп ойлоном. Шашылыш чечим чыгарып, туура эмес иш кылып албайын деп турам. Адам болгондон кийин кээде бирөөгө катуураак сүйлөп алган учурлар болот, андайда кейип калам.
“Эки жүздүү адамдарга таң калам”
– Дос болумуш болуп, сырыңды билип алып, анан аны кайра сага каршы колдонгон адамдарга таң калам. Мени антип пайдаланып кеткендер көп болгон да. Көп азап тарткам. Ичимден “алардын абийири ушундайга кантип жол берип, кантип тынч уктатат болду экен?..” деп ыйлачумун.
Сага бирди, башкага бирди айтып, чабыштырган эки жүздүү адамдарга да таң калып бүтпөйм. Мындайларды да көп көрдүм. Өзүн сенден кыйын сезип, басынтып, какшыктап сүйлөгөн адамдарга итиркейим келет. Алар көңүлүңдү оорутуп, анысына маашырланышат. Бирок адамдык сапаты начар экенин көрсөтүп, башкалар андан жийиркенип жатышканы менен иштери жок.
“Менден кыйын ашпоз чыкмак эмес”
– Ашпоз болсом менден кыйын ашпоз чыкпаса керек эле. Жаш кезде гастролдоп эле жүргөнгөбү, үй жумуштарын, тамак-аш кылганды кеч үйрөндүм. Биринчи жолу 9-классымда тамак жасагам, бир нерсе жетпей жаткандай болгон. Көрсө, тузду унутупмун. Кийин “Кыз-Бурактын” жетекчиси Гүлшайыр эженин колунда жүрүп калдым. Гүлшайыр эже “силер кийин бир үйдүн кожойкеси болосуңар, ырдаганды гана эмес, тамак жасаганды да үйрөнгүлө” дечү. Ошондо үйрөнө баштагам. Бирок манты, самсы, дымдаманы мыкты жасайм, баары мактап жешет.
“Жамгырда сейилдөөнү жактырам”
– Майда жамгыр, себелеп кар жаап жатканда сейилдегенди жактырам. Жан дүйнөм романтикага жакын. Кээде “өзүмдүн автоунаам болсо каалаган жерге саякаттап барат белем” деген ойлор келет. Бирок унаа айдагандан корком. Анткени күтүлбөгөн бир нерсе болсо катуу чочуп, эмне кыларымды билбей нес болуп калам. Ушул нерсе да автоунаа айдашыма тоскоол болуп келе жатат.
“Убакытка так эмесмин”
– Белгиленген, чакырган жерге убагында эле барайын деп аракет кылам, бирок баары бир кечигип барам. Бул мендеги жаман адат, сыягы, бул жай кыймылдаганымдан окшойт. Үйдө да жайбаракат жүрө берем. Музыканы көп угам, клиптерди көрөм. Музыкасыз жашоо жок. Эмне иш кылбайын музыка коюп алып, кошо ырдап жүрө берем.
“Жеке жашоом башкы орунда эмес”
– Баламды үйлөнтүп-жайлантып койгондон кийин, мүмкүн, жакшы адам жолукса, жылдызыбыз келишсе, ойлонуп көрмөкмүн. Бирөөнү жактырып калсам биринчи болуп сезимимди билдире алам деп ойлойм. Бирок азырынча андай план жок. Мен балама, балам мага жөлөк. Алгач баламды үйлөнтүшүм керек, жашоосун өзү алып кеткенге жардам беришим зарыл. Жеке жашоону, мүмкүн, андан кийин гана ойлонормун.
“Боёнгонду жактырбайм”
– Ырчылар эл көзүндөбүз, дайыма жакшы кийинип, боёнуп сулууланып жүрүшүбүз керек. Бирок мен боёнгонду анча жактыра бербейм. Концерттерге катышарда, тойго барарда, фотосессия учурунда гана макияж жасатам. Калган учурда көчөдө боёксуз эле жүрөм. Табияттын берген сулуулугуна ыраазымын. Атырдан атыр тандап, белгилүү бренддерди издеп жүрүп сатып алгандардын катарына кирбейм. Көбүнчө курбуларым белек кылган атырларды колдоном.
“Буюрса, 1 жылда үйлүү болуп калам”
– Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 1 бөлмөлүү батир алууга курулуш компанияларынын бири менен акчасын бөлүп төлөө боюнча келишим түзгөнбүз. Ошого 2 жылдан бери ай сайын тийиштүү сумманы төгүп келебиз. Ал үй 1 жылдай убакытта курулуп бүтөт деп жатышат. Азырынча батирде жашап жатабыз.
Канымжан Усупбекова