ИНТЕРНЕТКЕ КӨЗ КАРАНДЫЛЫК ЖАНА АНЫН ЗЫЯНЫ

Социологдор менен психологдор интернетти ашыкча колдонуунун зыяны тууралуу дайым эскертип келишет. А бирок турмуш мыйзамы дайыма эле ага баш ийе бербейт. Кыргызстанда элдин канча пайызы интернетке көз каранды? Жаран күнүнө орточо канча саатын интернетке коротот?   

Кыргыз элинин 79 пайызы интернет колдонот

Статистика боюнча, жер планетасындагы 8,2 миллиард адамдын 5 миллиард 800 миллиону интернет колдонот. Калкынын 91-99 пайызы интернет колдонууга мүмкүнчүлүгү бар алдынкы өлкөлөр – Катар, Кувейт, БАЭ, Монако, Түштүк Корея, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Тайвань деп эсептелет. Орусиядагы санарип экономиканы изилдөөчү DataReportal порталынын маалыматына таянсак, Кыргызстанда 2024-жылдын январына карата 5,4 миллион жаран интернет колдонот. Бул жалпы калктын 79,8 пайызы. Дүйнөдө 228 өлкөнүн ичинен 21-орунда турат.  

Интернетке көз карандылык боюнча Бразилия алдыда

2024-жылы АКШнын “ZeroBounce” инновация-технологиялык компаниясы дүйнө өлкөлөрүн изилдеп, кайсы мамлекеттин калкы интернеттен көбүрөөк көз каранды экендиги боюнча рейтинг чыгарган. Изилдөөдө жарандар бир аптада интернеттеги социалдык тармактарга кирүүгө, видео көрүү, онлайн-шоппинг, видеочалуу, рецепт издөө, онлайн окуу, оюн жана башкаларга канча убакыт коротушарын аныкташкан. Жыйынтык мындай:

Алдыда Бразилия – жарандары жумасына орточо 30 саатын интернетке коротот. Экинчиде – Гонконгдун жашоочулары (27 саат), үчүнчүдө – мексикалыктар (25 саат), төртүнчүдө – австралиялыктар (24 саат), алдынкы бештикти тайвандыктар жабат (17 саат). Андан кийинки орундарда Түштүк Корея (15 саат), Канада жана Португалия (14 саат), Голландия (13 саат) жайгашты.

Кыргызстанда абал кандай?

Социлог Керим Шарипов Кыргызстанда интернетке байланып калуу жагынан өспүрүмдөрдө маселе бар экенин айтат. Бирок жаран күнүнө мынча саат интернетте отурат деген статистика жок.

– Негизи дүйнөдө балдар 1,5-2 жаштан баштап уюлдук телефон, планшет, интернет менен таанышып, оюндарды ойноп, мультифильм көрүп башташат. Интернет адамдарга башка жактагы достору, жакындары менен баарлашууга, бирөөлөр менен таанышууга, маалымат алууга, онлайн соода жүргүзүүгө, көңүл ачууга жана башкаларга мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок ашыкча колдонуунун терс жактары бар. “Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 16 пайызы интернет оюндарынан көз каранды. Алар негизинен 12-13 жаштагылар”, – деген маалыматты кыргызстандык психолог Владимир Школьный изилдөөлөрүнүн негизинде билдирген. Ал “эгер өспүрүм аптасына 25-30 саат компьютердин маңдайында отурса, анда бул интернеттен көз карандылык. Эгер өспүрүм аптасына 45-50 сааттан отурса, анда баланы адистерге көрсөтүү керек” деп эскерткен.

Мындан 2-3 жыл мурун өлкөбүздө социолог жана психологдор изилдөө жүргүзүшкөн. Алар 270 өспүрүм боюнча атайын тесттерди жүргүзүшкөндө алардын көбү интернетке көз каранды болуп чыккан. Мындай жыйынтык өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы интернеттен көз карандылыктын алдын алуу жана дарылоо боюнча эффективдүү программа иштеп чыгып, ишке ашыруу зарылдыгын көрсөтүүдө. 

Интернетке көз карандылыктын түрлөрү

• Оюндардан көз карандылык. Оюнчулар виртуалдуу дүйнөдө убактысынын көбүн өткөрүшөт. Өз ден соолугуна кам көрүүнү, жакындары, тааныштары менен мамиле түзүүнү, реалдуу жашоодогу милдеттерин унутуп коюшат.

• Социалдык тармактарга көз карандылык. Бул интернетке көз карандылыктын кеңири жайылып бараткан түрү. Социалдык тармактарга кирбей калса, бөксөсү толбой, эмне жаңылык, талкуулар болуп жатат болду экен деп бушайман болот, соцжелеге киргиче шашат.

• Чоңдордун онлайн-контенттен көз карандылыгы. Бул жеке мамилелерде көйгөй жаратат.  

• Интернет-шоппинг. Бул каржылык жоготууга, үй-бүлө менен макулдашылбаган, пландалбаган сатып алуулардын айынан чыр-чатак жаратышы мүмкүн. 

• Кибер-романтикалык көз карандылык. Интернеттен эмоционалдык канааттануу алуу менен бирге романтикалык мамилени издөө.

• Игроманиядан көз карандылык. Мында маселе кумар оюндарын ойноо менен каржылык жоготууга дуушар болууда турат. Игроманиянын арты жаман болорун билип туруп, өздөрүн көзөмөлдөө кыйынчылыкты туудурат.

• Маалыматтык көз карандылык (онлайн-серфинг). Интернетте маалыматтардын агымы чексиз болгондуктан улам жаңы жаңылыктарды, макалаларды, видеолорду  издөө муктаждыгы жаралат. 

Көз карандылыкты жаратуучу 6 себеп

1. Айрым ата-энелерде балдарын көзөмөлдөө, интернеттен чектөө жоопкерчилигинин жоктугу. Кичине балдарда, өспүрүмдөрдө өзүн көзөмөлдөө жоопкерчилиги калыптана электиктен алар интернетте каалашынча отура беришет. Убактысын туура бөлүштүрө албаган, так пландары жоктор да интернетте узак убактысын коротушат.

2. Башкалар менен мамиле түзүүдөгү кыйынчылык. Реалдуу жашоодо бирөөлөр менен мамиле түзүүдө кыйналгандар муну интернетте оңой жасашат. Тартынуу, уялуу деген нерсе мында күтөлбөйт.   

3. Жалгыздык. Эгер адамдын достору, үй-бүлөсү жок болсо, анда жалгыздыктан качып, социалдык тармакка алаксып, убакыт өткөрөт. 

4. Каржылык кыйынчылык. Айлыктын аздыгы, жумушсуздук адамда өзүнө ишенбөөчүлүктү, жашоого нааразычылыкты жаратат. Адам реалдуу маселелерден качып, виртуалдуу  дүйнөгө кайрылат.

5. Психологиялык факторлор. Стресс, депрессия интернетте көп убакыт өткөрүүгө түртөт. Анткени негативдүү сезимдерди убактылуу болсо да унутуп, жеңилдеп калууга жеткирет.

6. Технологиялык аспекттер. Кызыктыруучу контент, интерфейстер адамдын көңүлүн максималдуу убакытка бурдуруу максатында иштелип чыгарын унутпайлы.

Зыяндары

• Эркти жоготуу. Интернетте отуруунун убактысын чектөөгө эрки жетпей калат. Жашоосунда, окуусунда, ишинде маселе жаралып жатса да интернеттен баш тартпайт.

• Депрессияга түшүү. Интернетке чектөө киргизип же колдонууга тыйып коюшса,  адам болор-болбоско жини келме болуп, депрессияга түшөт.

• Кызыкчылыктардын орун алмашуусу. Хоббисине, спортко, коомдук ишке, окуусуна, үй-бүлөсү, досторуна кетчү убакытты интернеттин пайдасына жумшайт. Бош убактысынын баарын виртуалдуу дүйнө алат.  

• Жеке мамилелердин начарлашы. Үй-бүлөдө интернеттин айынан түшүнбөстүктөр, урушуулар орун алат. Достору менен мамилеси начарлайт.

• Психо-эмоционалдык терс таасир. Интернеттен башкалардын ийгилигин көрүп, аларды өзү менен салыштырат, өзүнө нааразычылыгы жаралат, өзүн баалоосу төмөндөйт, депрессияга түшөт.

Негативдүү коммментарийлер, кибербуллинг стрессти жаратат.

• Ден соолугунда маселелер жаралат. Мисалы, сколиоз, остеохондроз, көз оорулары, семирүү, бүкүрөйүп калуу.  Негизи компьютерде көп убакыт отурган балдардын иммунитети төмөн болот. Суук тийсе тез эле ооруп калат. Мындай абалга башындагы ашыкча маалыматтар да жеткирет.

Кутулуу ыкмалары

Бул үчүн психикалык жана жүрүм-турумду анализдөө жана ага коррекция киргизүү камтылган комплекстүү терапия керек. Бул процесс интернеттен улам маселе жаралып жатканын моюнга алуу жана көз карандылыктан кутулуу каалоосунун жаралганынан башталат.

1. Психотерапия. Жекече жана тайпалык терапия көз карандылыктын себептерин тактоого жана аны четтетүүгө, эмоцияны башкара билүүгө, бош убакытты пайдалануунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп чыгууга багытталат.

2. Убакытты чектөө. Интернетти колдонууга убакытты так бөлүштүрүү, акырындап убакытты кыскартып барууга көнүү керек. Бул өзүн көзөмөлдөө жана көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет. Эң керектүү сайттарды, тиркемелерди гана колдонуп, башкаларга кирбөөнү адатка айландыруу кажет.

Айтылгандар менен адам реалдуу жашоодогу жашоосун көзөмөлдөөгө жетишүүсү зарыл.

3. Адаттарды алмаштыруу. Интернетке короткон убакытты хоббиге жумшоо адамды канааттанууга жеткирип, кубаныч тартуулайт.

4. Технологиялык ыкма. Балдарга керектүү гана нерселерди көрүүгө уруксат берип, башкаларына кире албай тургандай кылып атайын программа, тиркемелер боюнча чектөө зарыл.

5. Социалдык колдоо. Үй-бүлө, достор менен көп баарлашып, интернетке көз каранды болуудан арылгандардын жардамына таянуу керек.

6. Негативдүү контенттерден коргоо. Башкача айтканда, аларга маани бербөөгө көнүү, өзүн баалоону өстүрүү, реалдуу дүйнөдө жашап жатканын аңдоо менен маселелерди чечүүгө, кыйынчылыктардан чыгуу жолдорун билүүгө умтулуу зарыл. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1170, 16-22-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан